Кылым карыткан — кыргыз тили

Кылым карыткан – кыргыз тили.

Кыргыз тили кыргыз элинин улуттук тили. Чыгыш теги боюнча түрк тилдерине кирет. Буга чейин кыргыз тили көбүнчө оозеки формада гана колдонулуп келди. Кыргыз элинде тээ илгертен эле кат тааныган айрым адамдар болгон.

Кыргыздар пайдаланган азыркы алфавитке чейин бир катар башка жазууларды колдонуп келишти. Тарыхый маалыматтарга караганда, алар байыркы түрк урууларына таандык болгон Орхон-Енисейлик рун жазмасын колдонушкан. Андан соң араб, латын алфавиттерине негизделген жазууга ээ болушту. 1940-жылдан баштап азыркы колдонулуп келе жаткан алфавитке өтүштү.

1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз адабий тилине «Мамлекеттик тил» деген бийик статус берген атайын мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрүүнү, кыргыз тилин түбөлүккө сактап калууну көздөйт.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Рес­публикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

Эгерде айыпкер сот иши жүрүп жаткан тилди билбесе, анда ага эне тилде сүйлөө же тилмечтен пайдалануу укугу берилет.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү  калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу.

Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук ру­ханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тиликыр­гыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекеттик, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат.

Мамлекеттик кыргыз тил – улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.

«Эл таануу» китебинен

  • Кемеге талашуу
  • «Түшү оңолбосо, иши оңолбойт»
  • Эркектик касиет
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. СИЗГЕ
  • Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
  • «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
  • «Ак ийилип, сынбайт»
  • Түлкү менен карышкыр
  • Сөгүнүү-сагынуу
  • Эч кимге айтпа
  • Ишеним кат
  • Мышык менен чычкандар
  • Баш чайкоо, баш ийкешүү
  • «Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы»
  • ЖАҢГАК ТОКОЮ
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. КУМАР ЫРЫ
  • Монолдордун жыйылып эл болгону. Кошумча материал
  • ТИЛЕГИБИЗ БИР
  • Жакшылык
  • Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
  • «Бойроктөн шыйрак, бөдонодон куйрук чыгарган»
  • Кыргыз-моңгол, калмак согуштары
  • Аксакалдардын сөзүн кор кылуу
  • Кыргыз баталары. ЖАШ БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
  • Атилла жөнүндө чыгармалар
  • Ким каерде?
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ГҮЛ КЫЗДАР
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. АКЫНГА
  • БУЛУТ
  • Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр
  • Сура Ан-Нахль
  • Карынбай
  • Акча көмөт
  • ЭСТЕЛИК
  • ОМОР СУЛТАНОВ. КОШ, ЫСЫК-КӨЛ
  • РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ. ТОО ЭЧКИ
  • Сура Аль-Калам
  • Апама арноо
  • Токонаалат келтирүү
  • Аласа-бересеге так болуу
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. ТААСИРИМДИ ТУЮШАТ
  • Ыр менин өмүрүм
  • Сура Абаса
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАНЧА БАШТУУ АЖЫДААР?
  • Арстанбек
  • Күмөн саноо
  • ТӨЛГӨ ЫРЫ
  • Көрмөксөн болуу
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • Рашид ад-дин
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. БАЙКАЗЫ
  • Византия жөнүндө
  • Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт
  • Табасы канды
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ ТИЛЕГИ–ТЫНЧТЫК
  • Кыргыз жеринде кара кытайлар
  • Кабырга туугандар
  • Карын бузуу
  • Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү
  • Тукум курут кылуу
  • Кыргызияда калмак жапырыгы
  • Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
  • Куран – Мусулмандардын ыйык китеби
  • Кыргыз эл оюндары. Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу, тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу.
  • Устав
  • Куш куйрук
  • Ооруканадан сырткары жардам
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АТТЫН ЫЙЫ
  • Акыйнек

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.