«Кол ийрисине тартат». «Айылдаштын аты чыкканча, аталаш-тын тайы чыксын» (макал). Мында сөздүн маани-жайы адамзаттын кол күчүнө барып такалат. Адамдын колу сыртка тартууга Караганда ичке имере тартууга ийкемдүү да, күчтүүда келет. Ал отмо мааниде
«кол ийрисине тартуу» болуп, «жек-жаатына, урук-туугандарына, кайын-журтуна, жердештерине, дос-тамырларына көбүрөөк көңүл буруучуларга, аларга дайыма кайрымдууларга карата айтылып келүүдө. Колдон келсе, мындай болбой калыс жүрүү, баарына бир-дей мамиле кылуу – адамдык сапат, кудайга жагаар иш.
Кыргыз