« Ата бейит»

« Ата бейит»

Эгемендүүлүккө эми кадам таштап жаткан 1991-жылы репрессияга учурап, кандуу жылдарда атылып кеткен 137 адамдын сөөктөрү Чоң-Таштан казылып алынган убакытагы окуя ушул күнгө чейин элдин эсинде го…Кимдир бирөөлөргө ал окуя алгач сенсация үчүн кабарлагандай сезилсе да, кийин кыргыздын чыгаан инсандары-улуу адамдар Төрөкул Айтматов, Юсуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Эсенаманов, ж.б. көрүнүктүү адамдардын аттары далилденип чыкканда каңырыктын түтөгөнүн айтпаныз. Кайран адамдар… Ошондогу адамдардын кыжыры, ошондогу каргыш, ошондогу айтылган наалат «репрессия» деп аталган ачуу сөздү бырчалап талкалап, тарых барактарына күнөөсүз кеткен залкарлардын арбагын кайра  тирилткендей болду эле. Кечээки күнү ошол «Ата-Бейит » деп аталган тарыхый комплекстин кайра ачылышы:«Шейит кеткендердин арбагы  дайыма тирүү, алар шамал менен кайра бир жолу кайрып келет» деген сөздүн таасындыгын дагы бир ирет көрсөтүп койду.

Мындайда «ак ийилет, бирок сынбайт » деген сөз да анча жеткиликтүү боло бербейт экен. Ак ийилмек турсун бүтүндөй бир системанын, тоталитардык бийликтин кумары үчүн улуттун  канчалаган залкар адамдары гүлгүндөй өмүрүн канкорлорго алдырып ийгени не деген өкүт, не деген кыйроо эле. Алар болгондо да кыргыз үчүн «каруусун казык,башын токмок» кылып иштешкен, кыргыз үчүн ичкен ашы эмес, өмүрүн, жанын аябаган жылдыздар эле. Алар улуттун чыгаандары гана болушпастан, кыргыз элинин келечеги, үмүтү, тилеги болчу.      Арийне, тарыхты кан менен жараткан система улутту карап да койбоптур. Кыргыз элинин мыкты уулдары менен бирге Чоң-Ташта орус, украин, корей ж.б. улуттарынын өкүлдөрү да курман болгондугу далилденди. «Ата-Бейит» көрүстөнүнүн тарыхый мааниси, комплекстин жалпы адамзаттык – гумандуулук маңызы да ушунда болуу керек.

  • Манас. Журт атасы
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ТООЛОР ЖАНА ЧОҢ АТАМ
  • Сура Аль-Джумуа
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. АЛЫМБАЙДЫН БАЛТЕГИ
  • Сура Ат-Тур
  • «МАНАС» ЭПОСУНАН Жакыптын арманы
  • «КОЖОЖАШ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
  • Ындыны өчүү
  • «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИНЕН. Август түндөрү
  • Сыйкырдуу шакек
  • ТУМАН
  • Айбандан мурда адамды ардакта
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Саада
  • Калп эмнеге алып келет (жомок)
  • «Суроосу жарашса, соз айтылат»
  • ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
  • Сура Ад-Духа
  • Айкөл Манас. 9-китеп
  • Бостон уруусу
  • ЖААН, ЖЕР, ӨСҮМДҮК
  • Кыргыз Ата адамдарды сыноодо эске алуучу сапаттар
  • Дамбал уурдоо ырымы
  • Чечим
  • Балалуу катын – балээлүү катын
  • Алсыздын балдагы
  • Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар
  • МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» ПОВЕСТИНЕН БАЙБОЛОТТУН КАТЫ
  • Кыргыз эл макалдары А-3
  • Жалбыз (уламыш)
  • Туз татуу
  • Табасы канды
  • «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
  • Этнос — коом эмес
  • Боор толгоо
  • Жеңижок. Замана
  • «Манас» музейи – Манас Ордо
  • АЙ, СУУ
  • Суу алуу
  • Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
  • Сура Аль-Муззаммиль
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. ЭНЕ КУБАНЫЧЫ
  • Сура Ас-Саффат
  • Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт
  • Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат жана тайган таптоо
  • Көкчөнүн өлүшү 3-бөлүк
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ГҮЛДӨП АЛ
  • Солто кыргызынын караганы
  • АК КУРЖУН ТОЛГОН ЫР КАЛДЫ
  • Шакен
  • Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
  • Кыргыз эл оюндары. Узундукка секирүү, узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү, аңкилдек.
  • Коомдук-саясий уюмдар
  • Тайлак баатырдын күмбөзү
  • Өлүк зыйнатын тең тартышуу
  • ОТУРУП-ТУРУУДАГЫ ЖАНА ТАМАК ИЧҮҮДӨГҮ АДАТТАР
  • ЖАҢГАК ТОКОЮ
  • Айлана-чөйрөдөгү терс таасирлер
  • Үстөк-өйдөлөтүп алуунун дагы биртүрү
  • Бегалиев Муратбек Акимович
  • Кыргыз адабиятынын башаты
  • Эчки тууй албай жатып, койго аначы болот
  • Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат
  • Сынчынын саңар өтүгү майрык
  • «Коногум өз үйүңдү ойлой отур»
  • Жээренче чечен баяны
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт
  • Шыйкыны качуу
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. БОЁК
  • Жыгаччылык өнөр жайы

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.