Сааданын никеси Максумдун уулу Осмондун зайыбы, такыба Хавланын жан үрөп катышуусу аркылуу кыйылган. Мукамбетке өзүнүн жакын досу, жан шериги Абакирдин кызы Айшага үйлөнүүнү да ошол Хавла айткан. Абакирдин үйүнө үзүлбөй барчу Мукамбет жети-сегиз жашар, эстүу, сүйгүнчүк Айшаны бешиктеги кезинен бери карай билчү жана жактырчу. Мукамбеттин сунушу Абакирдин кубантып да, абдыратым да салды. Ал пайгамбар менен куда-сөөк болууну далайдан бери самап келаткан.
Жанындай көргөн кызына мындан артык жубайды кайдан тапмак. Өкүнүчгүү жери Айшаны Мутимдин ислам динин кабылдаган уулу сыргалап койгон. Абакир антсе да кепке ыртылжыңданбады, Мутимдин уулу менен убадасын бузуп, Айшаны Мукамбетке башын ачып ыйгарды. , Той эки-үч жыл кийинкиге калтырылды, ошол кездеги арабдардын түшүнүгү боюнча, Айша кадимкидей бой жетип күйөөгө чыгышына эч кандай тоскоол калмак эмес. Ага чейин Айша атасыныкында калды. Төркүнү элчинин болочок жубайын тарбиялоого белсенип киришти. Билими жагынан ал курайштардын эң дөөлөттүү кишилеринин кыздарынан кем калышпаган дешет.
Ага окуганды, жазганды .үйрөтүшкөн. Бул исламдын таасири эле. Элчинин жубайы кереметтүү Курандын ыйык дубаларын башка кишилерден угуп, үйрөнөр сабатсыз неме бойдон калбашы керек да. Мукамбеттин далай жылдардан берки досу, курайш¬тардын арасынан исламды биринчи болуп кабылдаган Абакир өтө динчил киши эле, «исламдын абийири» де¬ген. атка тегинден конбогон. Ал жыйнаган-тергенинин бардыгын кулдарды сатып алып, аларга азаттык берүүгө, жакыр мусулмандарга көмөк керсетүүго берешендик менен жумшаган. Соопчулук милдетти ал ушундайча тушунгөн. Намаз окуганда, Абакирдин жүрегү элжиреп, көзүнен жаш буурчактай турган. Анын ошондой учурдагы абалынын кишиге таасири шумдук эле. Ошоидуктан, уруусунан куулганда ага боору оо-руп, канатына калкалап, уйүне баккан бутбарас Абакирдин элдин көзүнче намаз окугандагы абалың көрсө, мусулманчылыкка өтүп кетет деп коркуптур. Айшага сырга салуу Мукамбет үчүн кубанычтуу окуя болду жана диний абийриие доо келтирбеди. Ал өзүн ошол кезде чал катары эсептебеген жана биздин кез караштан Караганда, Айша экөөнүн жаш курагындай айырма өзүнө дегеле өөн сезилбеген. Дегинкисин, мындай айырма араб кыздарына такыр кедерги эмес эле. Мусулмандардын кубаттуу тобунун башын кармаган Абакирдин кызына келечекте үйлөнүү пайдалуу болуучу, женилуү артынан жеңилүүгө учурап, элчилик бедели эншериле тушкөн Мукамбет ал кезде Абакирдин кожодой колдоосуна муктаж болуп турган.
Айшага салынган сырга саясий мүдөөну көздөгөн. Андыктан, мындай маанилуу жагдайда Айшанын жалгыз айыбын—секелектигин көнүлгө албай коюуга болмок. Мукамбет менен Айшага удаа дагы бир кудалашуу болуп өттү. Пайгамбардын кенже кызы Батмага Аалы сырга салдырды. Мукамбеттин өз колунда өскөн үкөсү (Абдыталип аябай жакырланып, чүрпөлөрү ачкадан өлөөрүндө Аалыны пайгамбар асырап алган) эми минтип күйөө бала болуп, мусулмандар коомунда ого бетер бедели көтөрүлүшүнө жол ачылды. Мусулмаи жамаатынын башчыларынан элчиге куда-сөөк болбогон Омор, баркынан улам ажырап бараткан Осмон гана калды. Кырсык чалып, Мукамбетти этектегендигине карабастан жан шериктери анын пайгамбарлыгынан каш кагышга да шектенишпеген жана Алла көрсөткөн туура жолду тутушуп, ал эртеби, кечпи акыры женишке алпара тургандыгына ишенишкен. 623-жылы, болжолу, Мединага ооп келгенден бир жылдан кийин, салдырып жаткан тамдары бүтүп, буга чейин мединалык үммөтунүн үйүндө турган Мукамбет конушуна көчүп кирди. Арадан анчалык көп убакыт өтпөй, он жашар Айша экөөнүн тоюн жупуну тойлошту. Салтка жараша Мукамбет элуү дирдем калың берди.
Айша дагы бир нече ай атасыныкында жашап, анан Сааданын жанындагы тамдан жай алды. Үйүнө оюнчуктарын, алардын ичинде «Сулаймандын аты» деген жыгач атын кошо ала келди. Анын сөзүнө Караган¬да, Мукамбет Айшанын оюнуна кадимкидей кошулуп, «Сулаймандын атын» көргөндө эт жүрөгү элжирөөчү экен. Пайгамбар көз жумганча Айша анын ысык сүйүүсүнө арзыган. Мына ушундан, атасынын мусулмандар, коомундагы баркынан улам Айша жаштыгына карабастан, элчинин байбичесине жана өтүмдуү жубайына айланган. Мукамбеттин суйгөндүгүнө ишенгени ушунчалык, бир жолу ал пайгамбардан ыраматылык Кадийчаны алмаштыра алдымбы деп сураптыр. Айшаны капалантарын билсе да, Кадийчанын ордун эч ким ээлей албастыгын айткан.
Булак – bizdin.kg
Кыргыз