МИДИН АЛЫБАЕВ. СӨН-КӨЛ

Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан, Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан. Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы? Калдайган колхоз малы баш адашкан. Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей

Тарыхта тагы калган Тулпар таштан.

Кылааңда кымыз ичип өмүр сүрсөм, Кыз-келин аймалашып ойноп күлсөм. Суугуңа, ысыгыңа ыраазы элем, Жай-кышы жан-жакаңда жашап жүрсөм. Картайып жедеп жашым жеткен кезде,

Жаныңдан жайын тапса менин мүрзөм.

Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап, Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап, Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды, Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап. Берилип, куштар болуп, жедеп сага, Кээде, шат, кээде мени алат санаа. Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…

Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап, Мелтиреп кадимкидей көктү карап, Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин, Болжошту айтыш кыйын атаганат… Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,

Эскирген сары кагазда ырым калат.

Тынчыбай ойго кеттим удургудум, Калкыгын үстүңдөгү булутуңдай, Элесиң эске түшсө, элжиретсе, Канткенде кайрат кылам улутунбай. Бул ырды жаздым Соң-Көл калсын үчүн,

Карааның көз алдымдан унутулбай.

  • Сура Аль-Фаджр
  • Байдылда Сарногоев. Бүркүттүн өлүмү
  • Сыр билдирбөө
  • Гармониялуу адамдар
  • Катын албай, кайын ал
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Айша
  • Сура Аль-Хадж
  • Бийкеч
  • Чалакайымдык
  • «Өлө албай жатып өлөң айтат»
  • Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан
  • Жалпак олтуруу
  • Эсепчи. (Баамдоочу)
  • Сура Аль-Муддассир
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
  • БИЗДЕН МУРДА ӨТКӨНДӨР
  • Хакастар
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЙТ, АЙТ ДЕСЕ
  • Панфилов Иван Васильевич
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АККАН СУУ
  • Сөздөр жана алардын мааниси
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
  • «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
  • Переселин жана падыша өкмөтү
  • Олтурган кыз орунун табат
  • Сура Ат-Такасур
  • Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү,
  • Тырмак алды
  • Ыбрайымдын мылтык көтөрүлүш
  • Эне тилим – эне сүтүм
  • «Бээ» десең «төөгө» кетет»
  • ӨЛКӨНҮН ЧОҢ БАЙЛЫГЫ – СУУ
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. САПИЙА
  • Рахманкул хан
  • ТИЛЕГИБИЗ БИР
  • Өзүмдөн өзүм арданам
  • Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу
  • Султан Бабыр кыргыздар жөнүндө
  • Сура Ан-Нахль
  • Байдылда Сарногоев. «Импорт» оорусу
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. КОНДИЦИОНЕР
  • Жылымчы митаам неме
  • Кырс
  • Май кармаган бармагын жалайт
  • КИНО ӨНӨРҮ
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. МУРАС
  • Кокон хандыгы
  • Готторду басып алуу
  • Кандөбө шаар чалдыбары
  • КЫЗДЫ БЕШИККЕ БӨЛӨГӨНДӨ АЙТЫЛУУЧУ ЫРЫМ ЫР
  • Жер карама
  • Азык уруусу
  • Жаман катын белгиси
  • ЖААН, ЧЫЧЫРКАНАК, ТАБЫЛГЫ, КАРАГАЙ
  • ИНИМЕ КАТ
  • Каяша айтуу
  • Колукту
  • Шер датка
  • Аял тууралуу ыр
  • Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар
  • Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы
  • 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
  • Жер соорусу Аксы экен
  • Кул, күң тарыхы
  • «Жер жамандап барбасын»
  • Абий
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
  • Кыргыз макалдары(Б)
  • Акбото бий
  • Нурдуу бейиш!

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.