Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары.

Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары.

Жаныбарлар

Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Геогр. чөйрөнүн татаалдыгы жана зоогеографиялык региондордун кошулган жерлеринде жайгашкан абалы Кыргызстандын фаунасынын калыптанышында негизги фактор болгон. Респнын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирет. Анын ичинде балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттуулардын 368, сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү бар. Омурткасыз жаныбарлардын фаунасы азырынча жетиштүү деңгээлде изилдене элек; акыркы маалыматтар б-ча респ-да курт-кумурска менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кезигет.

Курт-кумурскалар

Кыргызстандын энтомофаунасына ийнеликтердин 60тан ашык, канталанын 100, кыпчуурлардын 6, дырылдак коңуздардын 250, өсүмдүк биттеринин 140, трипстердин 120, кумурскалардын 86дан ашык, эбелек муруттуулардын 163, кычы коңуздардын 27, сасык коңуздардын 178, чыртылдак коңуздардын 75, булгаары жегичтердин 15, жалбырак жегичтердин 350, дан жегичтердин 40, шиш тумшуктардын 73, майда коңуздардын 31, чаңча жегичтердин 20, таарыгычтардын 160, аары сымалдардын 33, чырылдак чымындардын 200дөн ашык, шайтан көпөлөктөрдүн 27, коксинелиддердин 40, копопиддердин 140, төрт буттуу кенелердин 56 түрү бар. Муунак буттууларды өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө туура келет, анткени алардын көпчүлүгү кан соргучтар, о. эле оору (малга ылаң) жугузат. Аларга кенелердин 28, аргастардын 7, гамаз сымал кенелердин 180, котур таратуучулардын 3, тромбикулиддердин 19, биттердин 12, кыпчуурлардын 155, тыбытчалардын 115, бүргөлөрдүн 110, чиркейлердин 28, желимчелердин 12, кара чиркейлердин 21, эшек курттардын 25, чымындардын 56, көгөндөрдүн 28, сайгактардын 11, канталалардын 1, кан соргуч чымындардын 5 түрү кирет.
Айыл чарба өсүмдүктөрү, бак-дарак жана токой зыянкечтеринин биологиясы менен экологиясын изилдөөнүн натыйжасында респ-нын энтомологдору хим. дары-дармектерди колдонууну кыскартып агротехникалык ж-а биол. иш-чараларды жогору баалоо м-н аларга каршы күрөшүүнүн интеграцияланган системасын иштеп чыгууда.

Балыктар.

Байырлаштырылгандарын кошкондо Кыргызстанда балыктын 75дей түрү бар. Алардын ичинен каңылтыр сымалдуулар көп. Чабак, көкчаар, жылтыр ж-а сазан промыселдик балыктар. Бирок акыркы жылдары мындай балыктар аз кармалууда. Балыкты көп кармоо ж-а зыяндуу балыктардын (пескарь, гольян, голец) санын азайтуу максатында Ысыккөлгө севан жилингири, таман балык, кубулма балык, көк серке, каңылтыр, судак ж.б. коё беришкен. Алардын ичинен севан жилингири м-н судак жакшы ыңгайлашып, промыселдик мааниге ээ болгон, бирок алардын көбөйүшү м-н көлдүн өзүнүн абориген балыктарынын саны кескин азайган. Промыселдик баалуу балыктардын санын көбөйтүү максатында (жилингир, көкчаар) Тоң (1964) ж-а Каракол (1969) балык көбөйтүү заводдору курулган. Балыктын кармала турган баалуу түрлөрү Ысыккөлгө гана эмес, Соңкөлгө, Ортотокой, Токтогул, Киров суу сактагычтарына да коё берилген. Тоюту көп. Соңкөлгө коё берилген балыктардын ичинен момун балык жакшы байырлашкан. Өзгөчө алгачкы жылдары балыктын бул түрү көп уруктап, тез өскөн, чоң да болгон, биомассасы 3 кгга жетип, семиз болгон. Бирок гидробионттордун динамикасын эске албай туруп, көлдө балыкты өстүрүү, алардын өтө көбөйүшү сууда жашоочу майда омурткасыздардын санынын динамикасын начарлатып жиберген. Натыйжада балыктын саны азайып, арыктап, салмагы кескин төмөндөгөн. Тоютунун жетишсиздигинен жырткыч эмес момун балык канибалистке айланган, б. а. өз уруктарын өздөрү жей баштаган. Балык өстүрүүчүлүк респ-нын түндүгүндө Чүй, Талас өрөөндөрүндө өнүккөн. Майда көлмөлөрдө, өзөндөрдө, агын сууларда сазан, кызыл канат түрпү, чортон, жылтыр, жаян, муруттуу балык, көкчаар ж.б. балыктар бар. Алар м-н кошо азык болуучу майда балыктар да жашайт.Кыргызстанда жерг . балыктар м-н башка жактан алынып келинип байырлаштырылган балыктардан тышкары кокусунан пайда болгон балыктар да бар. Мис., амур чабагы, элеотрис. Амур чабагынын мекени – Казакстан, элеотристики – Ыраакы Чыгыш.

Жерде – суудажашоочулар (амфибиялар).

Кыргызстандын аймагында жерде-сууда жашоочулардын 4 түрү кезигет: жөнөкөй курбака, данатин курбакасы, борб. азия ж-а көл бакалары. Жөнөкөй курбака түздүктөрдө жашайт (Чүй өрөөнүндө). 22 хромосомдуу данатин курбакасы болсо тоолуу жерлерди (Ысыккөл өрөөнү, Ички Теңиртоо) мекендейт. Анын хромосомасы 2 эсеге көп. 3500 м бийиктикке чейинки сырттарда кездешет. Борб. Азия ж-а көл бакалары аз санда болсо да респ-нын түн. ж-а түш. аймактарында таралган. Борб. Азия бакасы деңиз деңг. 3500 м бийиктиктеги аймактарда да кезигет. Амфибиялар Теңиртоонун шартында ар кандай бийиктиктерде жашайт, улам бийиктеген сайын биомассасы мыйзам ченемдүү азая баштайт. Бул алардын генетикасына байланыштуу. Алардын бийик жерлерге топтолушу булак сууларга байланыштуу. Алар кыштаган булактар толук тоңбойт. Ошондуктан тоолуу жерлерде курбакалар чоң колонияларга топтолушуп, булактарда кышташат. Түздүктөрдө жашаган кадимки курбакалар урук таштарында гана сууга киришет, башка учурда кургакта жашап, кемирүүчүлөрдүн ийиндеринде, үйлөрдүн жертөлөлөрүндө, жер астында кышта ша т. Жерде-сууда жашоочулардын практикалык чоң мааниси бар. Алар мөмө-жемиш м-н дан эгиндеринин көптөгөн зыянкечтерин, о. эле адамга оору (малга ылаң) таратуучуларды (чиркей, желимче, көгөн д.у.с.) жок кылышат. Бакалар ж-а алардын көнөк баштары балыктарга, суу ж-а саз канаттууларына азык болот, о. эле медицинада тажрыйба жасоодо колдонулат.

Сойлоочулар (рептиялар).

Республиканын аймагында 28 түрү жашайт. Алар ар кандай биоценоздордо кездешет. Талаа кара чаар жыланы чөлдүү ж-а жарым чөлдүү биоценоздордо, талаа калкан тумшугу ар кандай биоценоздордо, о. эле деңиз деңг. 3000–3200 м бийиктикте да жашайт. Жумуру баш жылан 500 мге чейинки аймактарда гана кездешет. Анча бийик эмес, бирок ысык чөл м-н жарым чөлдөрдө жашаган сойлоочулар: талаа ташбакасы, талаа агамасы, такыр жумуру башы, чыгыш оролмо жыланы, кызыл ж-а чаар сойлоктор, боз эчкемээр. Калкан тумшук палластар, суу жылан,  алакескек, алай жайдак көзү түздүктөрдөн (500 м) баштап бийик тоолуу сырттарга (3500 м) чейин кездешет. Сойлоочулардын өтө бийикте (1000–3200 м) жашай турган түрлөрүнө никольский кескеги, гималай агамасы, күлүк кескелдирик, чаар сойлок ж.б. кирет. Сойлоочулардын уусу медицина ө. ж-нда пайдаланылат. Кийинки 15–20 ж. ичинде алардын саны кескин азайып кетти. Ошондуктан алардын бардык түрү Кызыл китепке катталган.

Канаттуулар

Канаттуулардын Кыргызстанда 368 түрү бар. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү канаттуулардын бардык түрлөрүнүн дээрлик жарымын түзөт. Алар (айрыкча таранчы сымалдардын 144 түрү) а. ч. зыянкечтерин ж-а оору таратуучу көптөгөн кемирүүчүлөрдү жок кылышат. Үкү, күйкө ж. б. жырткыч канаттуулар а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, адамга оору (малга ылаң) жуктуруучуларды жок кылышат. Жорулар м-н кузгундар болсо тарп жеп, санитардык милдетти аткарат. Кыргызстанда өтө сейрек учуроочу канаттуулардын бири – каракур. Ал Ысыккөл, Кемин өрөөндөрүндөгү карагайлуу токойлордо гана жашайт. Респ-нын башка аймагына таралбагандыгынын себеби аныктала элек. Тоодак, безбелдек, булдурук, карабоор, токой чили жарым чөл ж-а чөл аймактарын мекендейт. Булардын саны барган сайын азаюуда. Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөлдө жылдын бардык мезгилинде өрдөк, кайырма-соно, чүрөк, кыл куйрук боз каз ж. б. жашайт. Алар промыселдик мааниге ээ. Ысыккөлдө уникалдуу куштар – мала ж-а тармал бир казандар, тармал кышылдак куу, куркулдак куу, боз каз өңдүү сейрек учуроочу канаттуулар кыштайт. Алгыр куштардан бүркүт, карчыга, шумкар, ителги, кыргый ж.б. бар. Кыргыздар эзелтен аларды таптап, көп айбанаттар м-н канаттууларга (түлкү, коён, кыргоол, өрдөк, кекилик ж.б.) салып келишкен. Бирок азыр бүркүт, шумкар ж.б. алгыр куштардын саны бир кыйла азайып кетти. Алардын санын сактап калуу ж-а көбөйтүү максатында 1979-ж. Ысыккөлдө алгыр куштардын питомниги (Орто Азияда биринчи) уюшулган. Промыселдик маанидеги канаттуулар – улар, бөдөнө, кекилик, чил, өрдөк. Канаттуулардан айрыкча улар, тоодак, безбелдек азайып кетти. Тоодак м-н безбелдек таптакыр жоголуу чегине жетип калды.

image002-300x224-1

Кыргызстан. Жаныбралар

Сүт – эмүүчүлөрдүн 86 түрү жашайт, а.и. курт-кумурска жечүлөрдүн 5, кош канаттуулардын 11, коён сымалдуулардын 4, кемирүүчүлөрдүн 33, жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн 22, ача-туяктуулардын 6 түрү бар. Кыргызстанда сейрек учуроочу жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс ж-а күрөң аюу кирет. Алар Теңиртоонун карагайлуу токойлорун ж-а бийик тоолуу Арпа, Аксай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Бул жаныбарлар ыксыз аңчылык кылуунун негизинде көп аймактарда жоголуп кеткен, ошондуктан алар Кызыл китепке катталган. Кыргызстандын үңкүрлөрүндө жашоочу жарганаттар көбүнчө респ-нын мөмө-жемишке бай түш. аймактарында жашайт. Мындан бир нече жыл мурун эле жарганаттын көп түрү болгон, азыр анын айрым түрлөрү таптакыр жок болуп кеткен. Кан соргучтар м-н азыктанышып, алардын санын жөнгө салып турат. Кыргызстандын табигый байлыктарынын бири–кызыл, боз ж-а мензбир суурлары. Респ-нын түндүгүндө көбүнчө боз, түштүгүндө кызыл суур таралган. Чаткал кырка тоосунан кездешкен мензбир сууру теңиртоонун реликти болуп эсептелет. Карышкыр, түлкү, кашкулак, арыс – кеңири таралган жырткыч айбанаттар. Алар респ-нын бардык өрөөндөрү м-н тоолорунда кездешет. Качандыр бир убакта балык жашаган суулардын баарында кездешкен кундуз азыркы күндө дээрлик жоголуп кеткен. Аң терисин даярдоодо негизги орунду суур, түлкү, сары чычкан, ондатра (жылан куйрук), суусар ээлейт. Териси баалуу илбирс м-н сүлөөсүн да жолугат. Булардын баары Кызыл китепке катталган. Аң уулоочу айбанаттардын ичинен тоо эчки, доңуз, элик сан жагынан бир кыйла көп. Жаңы жерлерди өздөштүрүү суур м-н сары чычкандын таралуу аймагын тарытып жиберди, ошол эле себептен аң уулоочу жырткыч айбанаттар (төлкө, күзөн ж. б.) үчүн азык болгон кемирүүчүлөрдүн саны да азайды; көлмөлөрдүн жээктериндеги чөп чабуу, мал жаюу ондатранын тоют базасын кескин түрдө начарлатты. Республикада аң терилерин даярдоо б-ча айбанаттарды байырлаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Башка аймактардан айбанаттардын 10 түрү (ак коён, ондатра, тыйын  чычкан, жанат сымал ит, америка суукүсөнү, зубр ж.б.) алынып келинген. Алардын ичинен ондатра жакшы байырлашкан. Тыйын чычкан м-н суу күсөндүн да жакшы байырланышы күтүлүүдө. Териси баалуу айбанаттарды капаста багуу өтө пайдалуу. Суу күсөн, ак, көгүлтүр ж-а кара түлкүлөрдү капаста багуудан алынган киреше аң терилерин даярдоодон алынган кирешеден алда канча жогору. Өрөөндөрдү өздөштүрүү, айыл-кыштак, шаарлардын көбөйүшү, өнөр жайдын кеңири кулач жайышы көп айбанаттардын азайып кетишине алып келди. Ушунун натыйжасында айрым айбанаттардын түрлөрүнүн популяциялары микропопуляцияларга бөлүнүшүп, кээ бир жерлерде жок болуп кетишүүдө. Ошол эле убакта айрым түрлөр мол азыктын эсебинен ыгы жок көбөйүп келүүдө. Жерди өздөштүрүү м-н малдын санын арбытуунун уруксатсыз аңчылык кылуунун натыйжасында жаныбарларды аёосуз жок кылуу кошумчаланган. Мис., жейрен (кыргыз жейрени, каракуйрук) мурда респ-нын көп аймактарында жашачу. Кийин алар Ысыккөлдүн батышында, Чүй, Кочкор өрөөндөрүндө гана калган. Бирок, азыр алардын калган бир азы Казакстандын аймагына ооп кетти.

Кыргыз  энциклопедиясынын  башкы  редактору  Ү. Асанов

  • Энчилүү аты жок өлкө жана эл
  • КАРАЧА БАЙДЫ ЖОЛБОРС АЛГАНДА (Токтогул менен Жеңижок)
  • Күн жана аба ваннасы
  • Куйтулуктун
  • ДАРАКТА ДА КЫЯЛ БАР
  • Айбандан мурда адамды ардакта
  • Болуш
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ПАМИРДЕГИ ЖАШТЫК
  • Фотомонтаж деген эмне?
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЧЕРНОБЫЛЬ
  • «Коногум өз үйүңдү ойлой отур»
  • Тообо кылуу
  • Куу түлкү
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. СЕРГЕКТИК
  • АТА-ЭНЕНИ УРМАТТОО ТУРАЛУУ
  • Бөрү (ууру) тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
  • Карыларга сыйынуу
  • Толубай сынчы
  • Кыпчактар
  • Кыргыздын калмакка кылган чабуулу
  • Наабат
  • Сура Ан-Намль
  • Эн-тамга
  • Ыза (новелла)
  • ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК (Жомок)
  • Айкөл Манас. 6-китеп
  • Кыргызстандын герби / Герб Кыргызстана
  • Сура Ад-Духа
  • Калдык этносторду тукум курут кылуу
  • Сура Аль-Кадр
  • АСКАДА КАЛГАН КОЖОЖАШТЫН ЗУЛАЙКАГА АЙТКАН КЕРЭЭЗИ
  • «Бала ыйлабаса, эмчек кайда»
  • «Жаман иттин аты – Берубасар, жаман адамдын аты Кыдыр-назар»
  • Сура Мухаммад
  • Токтогул туткундан келгенде
  • «Ар кимдин жүргөн, туулган жери мисир»
  • Сура Аль-Калам
  • Краткие исторические сведения о карлыках
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. БАЙКАЗЫ
  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КӨК МЕНЕН
  • Кыргыз
  • Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун
  • Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан
  • Сура Ан-Ниса
  • Кутмандуу Кыргыз Атадан собол
  • Деңиздеги бороон
  • Манаc. Журт энеси
  • Аким
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. САМАП КАЛДЫК
  • Дем алуу органдары
  • «Атасы бөлөк, аттан түш»
  • «Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт»
  • Математика илимине салым кошкон окумуштуулар
  • Айчүрөктүн толгоосу
  • Ит экенин билген соң, таш ыргытып катылба
  • Түргөш тыйындары
  • АЙТ,АЙТ ДЕСЕ
  • Эр мушташ
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
  • НИЯЗААЛЫ МОЛДО ЭСЕНГУЛ УУЛУ
  • Ак Мөөр
  • Өлүм арзан, жашоо кымбат
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АК КЫМКАПТАН ТОН АЛБАЙМ
  • Аштан калуу, аттан калуу
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
  • Таш каптыруу
  • Шовинизм
  • Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар
  • Айыптоо корутундусу
  • Кыргыз кагандыгы

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.