Акт – аныкталган факт, окуя, аракеттин тууралыгын ырастаган иш кагазы. Мисалы, курулуп бүткөн курулушту кабыл алуу мүлктөрдүн эсеби, каражат суммасы жана сатуудагы товарлар, техникалык кароодо автомобилдин абалы ж.б. у.с. Ошондой эле анда ар түрдүү кырдаалдар чагылдырылышымүмкүн: мекеменин кандайдыр-биржумушунун бүтүшү же бүтпөшү, бир ишканадан экинчиге кандайдырмүлктүн өткөрүп берилиши, иш кагаздарды кабыл алуу ж.б. Бул аракеттердин баары ага юридикалык күч берүү үчүн актыланат. Актылар эреже боюнча жогорку уюмдардын же жетекчинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан түзүлөт. Акт түзүүнүн себептери ар түрдүү болушу мүмкүн, буга актынын ар түрдүүлүгүнүн көп сандары кирет:
1. Кадр маселеси боюнча жумушка алуу актысы. 2. Каржылык акт. 3. Соодада тартип бузуулардын актысы. 4. Үйдүн абалын кароо жана текшерүү боюнча акт. 5. Бугалтерияда кассалык накта акчаларды текшерүү актысы. 6. Товар сатып алуу актысы. 7. Эсеп (чыгаша) актысы.
8. Техникалык кароо актысы ж.б.у.с.
Жогоруда көрсөтүлгөн актылар ар түрдүү турмуштук кырдаал- дарда түзүлгөн иш кагаздарына кирет. Ушуга байланыштуу актыда карала турган көп маселелер бар, акт татаал иш кагаздарынын категориясына кирет. Ошондуктан актыда көп маалымдаректер колдонулат. Актыда колдонулган маалымдаректер:
1. Мекеменин, уюмдун аталышы. 2. Иш кагазынын аталышы. 3. Акт түзүлгөнкүн. 4. Акт түзүүнүн себептери. 5. Иш кагазынын тексти. 6. Тиркеме. 7. Даярдалган актылардын саны, кимге таратылып берилди. 8. Биринчи жактардын колдору. 9. Биринчи жактардын кызматтары. 10. Акт түзүүчүлөрдүн аты-жөндөрү. 11. Экинчи жактардын кызматтары. 12. Экинчи жактардын колдору. 13. Экинчи жактардын аты-жөндөрү. 14. «Күбөлөр» (алфавит боюнча). 15. Күбөлөрдүн колдору. 16. Күбөлөрдүн аты-жөндөрү. 17. Актылардын бекитилгендиги жөнүндө белги. 18. Жетекчинин кызматы, колу.
19. Иш кагазынын бекитилген күнү.
Иш кагазынын өзгөчөлүгүнө жараша актыда жеке маалым даректер жок болушу же башка менен алмаштырылышы мүмкүн. Төмөндө бугалтериянын кассасын текшерген актынын үлгүсүн келтиребиз.
Бекитемин
Бишкек шаарындагы «Азат» кичи ишканасынын деректири _______________ С.Бугубаев (колу)
күнү, айы, жылы
Акт
Бишкек шаарындагы «Азат» кичи ишканасынын кассасын 2004-жылдын 9-сентябрында текшерүү жөнүндө
Негизи: Бишкек шаарындагы «Азат» КИнин деректири С.Бугубаевдин 05.09.04-ж. № 102 буйругу
«Азат» кичи ишканасынынкассасынтекшерүү жөнүндө курамында: төрагасы – «Азат» кичи ишканасынын башкы эсепчиси К.С.Тыныбеков, комиссиянынмүчөлөрү: 1. пландоо бөлүмүнүн адиси Э.Б.Барктабасова, 2. эсепчи А.А.Акматов,
3. кассир Б.Т.Узаков болгон комиссия түзүлдү.
2004-жылдын 8–9-сентябрынын аралыгында комиссия «Азат» кичи ишканасынын кассасын текшерди жана аныктады:
1. Кассада акча каражаттарынын нактасы – 15146 (он беш миң бир жүз кырк алты) сомду түзөт. 2. Бул сумма кассалык китеп боюнча бар болгонуна туура келет. Кассада башка баалуу кагаздар табылган жок. Бул, кайрадан эсептөө туура.
Кассанын чыгаша китеби ишкананын акчасын сактоо эсеби жөнүндөгү жобого ылайык.
2 нускада түзүлдү.
Комиссиянын төрагасы (колу) К.С.Тыныбеков Комиссиянын мүчөлөрү (колу) А.А.Акматов Э.Барктабасова
Б.Т.Узаков
Булак:bizdin.kg
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. СИЗГЕ
- Камар ад-Дин
- Класс ичиндеги адеп
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ШАМАЛ
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. АЛА – ТООНУН АСКАСЫНАН АШАЛЫ
- А дүйнө кетсем, кайыр кош!
- Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени
- СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. МАМИЛЕ Сонеттер алкагы
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. СУЛУУГА
- Кыргыз макалдары – Т
- Чоң согуш
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
- Кыргыз элинин калыптанышы
- Аюу менен чиркей
- АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ
- Билбегенди билгизе айт, көрбөгөндү көргөзө айт
- Абдылас Малдыбаев
- Таң каракчысы
- Туш кийиз жасоо
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. АКЫНГА
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
- Манас. Журт атасы
- Көрүндө өкүргүр
- Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
- Сура Аль-Кахф
- Сура Гафир
- «Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук»
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- Ноктосун үзгөн
- Театр. Театрга берилгендик
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАҢЫЛУУ
- Руман (Казал)
- Ажар. Ажардын апасынын мүрзөсүндөгү монологу
- Эне мээрими
- Бекбекей
- Тообо кылуу
- АРЧА (уламыш)
- Нурдөөлөттүн керези
- Күз сулуу
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КЫР БЕЛДЕ
- Ганнибал жана Карфаген
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. АЖАЛ МЕНЕН СУЛУУЛУК
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. САНАТ
- Жоомарт жана адил
- Миңбай, жүзбай
- Байдылда Сарногоев. Чалдын аялына
- Дамбал уурдоо ырымы
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БИРИНЧИ ТОРКАШКА
- Эстеликтерге ишенүүгө болобу?
- Византия жөнүндө
- Каракан мамлекети
- Аза күтүү
- КҮНДҮН ЖАРЫГЫ
- Балдар баарын билет
- МИДИН АЛЫБАЕВ. МУСА ЖАНГАЗИЕВГЕ
- «Байдын уулу айраның, айраның болбосо чыгаар эле ойронуң»
- Мүнүшкөр
- Тарыхый булактарга ишенүүгө болобу?
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. МЕНИН ЖОЛУМ
- ЭГИЗ КОЗУ, АЙ, КҮН
- Ата-энеге кол көтөрүүсү
- Калмак-кыргыздар
- Акылдуу дыйкан
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. ӨМҮР САПАРЫ
- Панфилов дивизиясы
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 3-бөлүм
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ
- «Атасы бөлөк, аттан түш»
Кыргыз