«Атасы бөлөк, аттан түш» – бул кыргызда туугандык жайына бөтөнчө көңүл бөлүнүүчүлүк. Бир туугандар, ага-ининин балдары, чоң аталары бир туугандар, бабалары, бубалары бирлер, андан ары ата санжырасын сүрүүлөр бар. Жети атадан беркилерде илик алуулар болот. Мындан сырткары улуу-кичүү аялдан, токол-дон, жеңе зайыптан, келин зайыптан дечүлөр жолугат. Т.а. бир ата-энеден төрөлүүчүлөр бөлөктөрү атасы бирлер, энеси белектер,
энеси бир, атасы башкалары -дешет да, ич ара, албетте, жикте-лет. «Токолдон», «байбичеден», «уялаштан», «атасы бир» сыяк-туу кептер жеринен айтылышы. Ошондо каны бир, тукуму бир боюнча атанын атын абалы чакыруусу. Бул – тукумкуучулук, башка-ларга ар-намыстуулукта туруучулук, союл көтөрүүчүлүк, айбат кылуучулук. Башкаларга бел алдырбоолук, атанын наркын бийик тутуучулук. Мына ушундай жагдайлар аркылуу укум-тукум Кыргыз Атада көбөйүүүлүк.
Кыргыз