Карагай көккө тирелген Калың чер токой арасы, Карайып түтүн уюган
Кан жүргөн уруш талаасы…
Жамгырдай октор төгүлүп, Замбирек кулак тундурат, Мурунку кездей нур чачпай
Муңайып карап күн турат.
Булбулдар кончу кайыңдын Бутагы окко тонолгон, Шылдырап аккан тунук суу
Кызарып канга боелгон.
Араба менен ат кыйрап, Тамыры менен бак кыйрап, Кадимдеп балбан кара жер Кайгырып, боздоп жатты
ыйлап…
Алтын жаш чөктү көлүнө Агылган суудай канынын, Ай бети кара так болду
Алпештеп сүйгөн жарынын…
Ызы-чуу ушул кыргында Ышкырып Ажал бийледи, “Өмүрдө колдо өкчөгөн
Өзүмдөн күчтүү ким?» деди.
Жайкалып турган көк шибер Жамгырсыз өчүп солгондой, Кыйла жан кыйрап сулады
Кыямат кайым болгондой…
Айлана муңга майышып Алсырап турду бул күнү, Араны жүрүп ажалдын
Адамдын башын мүлжүдү…
Дөбөдөй болгон бир танка, Гранат тийсе былк этпейт, Мөндүрдөй жаап ок барса
Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт.
Окопту кардай жиреди Акырын жылып алдыга, Кыйратпай муну соо койсо
Кыргынды душман салды да…
Белине беш чоң гранат Белсенип Жапар байлады, Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады.
Сол колу менен бек кысып: “Эмилбек эсен жүр” деди. Алыска сапар кетчүдөй
Акыркы сөзүн сүйлөдү:
“Кайрылып эсен эл көрсөң Карыга, жашка салам, де! Кубарган чөлдө калк үчүн
Курмандык болду балаң” де.
–Бактынын балын бир соргон Барына салам айта көр, Жапаны тартып күйбөсүн
Жарыма салам айта көр!
Аркамда калды үч бала, Атайлап барып көрүп кой, “Байкуштан калган туяк” деп
Маңдайын сылап өөп кой.
Жан алгыч сындуу душмандан Жалтанып кантип качайын, Алпештеп шордуу энекем Намыска тууса атайын, Жашынып жатып өлгүчө
Жаздыгым ала жатайын…
Эмилбек ыйлап турган соң Эчкирип көп сөз айтпады, Ажылдап келген танканын
Алдына боюн таштады…
Зеңирдей калың чоюнга Денеси барып урунду, Жаңыртып көктү, жер термеп,
Жарылган үнү угулду…
Башчысы ушул танка экен Башкалар качып бурулду, Жалпыңа кыргыз ракмат,
Жараткан ушул уулду!..
Сагалап турган шум Ажал Саргайып өңү тунарды, Ар-Намыс сүрүп өкүмдү
Ааламга үнүн чыгарды:
–Желпинип, Ажал, мактанба Жеңбейсиң асты буларды. Бүлбүлдөп өчкөн жалындай
Бүрүшүп Ажал кубарды…
Чыңалган көп кол көрүндү Чыгыштан сүйрөп замбирек, Астында аты шамалдай, Осетин учуп ал келет, Кылычы күнгө чагылып,
Кыйкырган далай жан келет…
Сабалап акын келатты Сакалы жерге таралып, Жабыгып турду Эмилбек
Жаш эмес көздөн кан агып…
Осетин ыргып атынан: “Ардагым Жапар кайда?” дейт, Кансырап турган Эмилбек: “Кайрылгыс сапар жайда”
дейт.
«Кыямат кетти кылчайбай
Кыргыздын тоолук берени, Талканы чыккан танканын
Таманын барып көрөлү…
Эмилбек сүйөп колтуктап Эңкейип акын көрдү эле, Эшилген турпак, кочкул кан
Эр Жапар шердин сөөгү эле.
Күйүткө батып кең дүйнө
Күн бети муңдуу түнөрдү…
“Көксөгөн жанды кубантып Көрөм деп келсем силерди, Уясы калып, өзү жок
Учурдук Жапар беренди”.
Мурутун булкуп карт акын
Буркурап ыйлап жиберди…
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Кадийча
- Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат жана тайган таптоо
- Манаc. Журт энеси
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БҮРКҮТТҮН ТОЮ
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. АЖАЛ МЕНЕН АР-НАМЫС
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ШАМАЛ
- Таарынчак
- Күүдөн симфонияга чейин
- ЖУСУП БАЛАСАГЫН. Акындарга карата мамиле
- Абылай жетим
- АКБАР РЫСКУЛОВ. Экинчи Торкашка
- АК КУРЖУН ТОЛГОН ЫР КАЛДЫ
- Манастын абалары
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. “НАСЫЙКАТ”
- Акжолтой
- Ормон опуза
- АСМАН, ЖЕР
- Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
- ЭР САЙЫШ
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТАНДА
- Цивилизациянын “алтын күзү”
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ ДЕСЕҢ
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. НАСЫЯТ
- Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы
- Ишеним кат
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ПАМИРДЕГИ ЖАШТЫК
- Кыргыз опера жана балет театры
- ЧУБАКТЫН МАНАСКА ЧОРО БОЛГОНУ
- Манас. Арууке апа керээзи
- Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
- Табият таануу менен тарыхтын айкалышы
- Өзүбек
- Орто Азия ХII кылымга чейин
- Жезденин кулагын чоюу
- Жеңижок менен Токтогул
- Сура Йа Син
- Ой-пикир түзүүчүлүк
- Калпа
- Жоомарт
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БУУДАЙЫК
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. СИЗГЕ
- Кыргыз (Киргизы). Кыргыз эли
- Нойгут
- Мекеним – Кыргызстан
- АБЫЛАЙ ХАН УУЛУ КЕНЕ ХАНДЫН КЫРГЫЗ МЕНЕН СОГУШУ
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. АЯЛДАРДЫ КУТТУКТОО
- Капитализм
- Абдыкерим Беки уулу
- Кой үстүндө боз торгой жумурткалап
- Кыргыздын Кытайга качканы
- Паракор
- Сура Аль-Лайл
- Кыргыз макалдары- С
- Жаман эрге чыккыча жайдагым, жаман аял алгыча бой-догум
- Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү
- ТӨӨҢДҮ БЕР
- Уйгур кагандыгы
- ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
- Чопкут
- АЙ, КҮН, КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ
- Дантелла
- УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
- Айбандан мурда адамды ардакта
- Манасчылар
- Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң
- «Кыз – конок»
- Бактериялардын келип чыгышы жана өнүгүшү
- Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп
- Камчысынан
- Ислам дини туурулуу учкай сөз
Кыргыз