Кымбат баалуу жумурткалар

Бир бай голландиялык киши тамак ичиш үчүн барган ашкаицца официанттан он эки бышкан жумуртка алып келүүсүн сурийт. Жумурткаларды жаңы эле жей баштаганда эшиктен кирген бир киши алиги бай кишинин кулагына эңкейип алып, толкундана бир нерселер шыбырап кирет. Голландиялык дароо ордунан атып туруп, жумурткалардын акчасын төлөгөндү да унутуп, атына минип чапкан бойдон жөнөйт. Арадан он жыл өткөн соң баягы голландиялыктын жолу кайрадан алиги ашканага түшүп калат. Эшиктен кирер-кирбес шикананын ээсине: Мени эстедиңби? дептир… Бир кезде сага он эки жумуртка бышырткан болчумун… Тиги киши: Албетте, эстедим. Жумурткалар эсебиңизге жазылды. Бедслин төлөгөндө кыйналып каласызбы деп корком. Голландиялык күлүп: Жоо… дептир, он эки жумуртканын акчасын төлөй ала турган кудуретибиз бар… Ким билет? Анткени сиз бул жерден шаша-буша чыгып чаап кетериңиз менен эле сизге каршы доо ачкам. Жакшы келдиңиз. Эртең бирге сотко барабыз. Бай соодагер буга анча деле камаарабаптыр. Он эки жумуртканын акчасы канча болот дейсиң! Эртеси күнү соттун каршысына чыгышыптыр. Ашкананын ээси сотко ал он эки жумурткадан бир кыйла жөжө чыгарса болмогун, ал жөжөлөр чоңоюп, тоок болгондо жумуртка туумак экенин, көп убакыт өтпөй эле алардан да жүздөгөн жөжөлөр чыгарса болмок экенин узун-узун айтып түшүндүрөт. Сот да буга муюп, соодагерге чоң жаза кесет. Соодагер асманы башынатүшкөндөй эле болот, анткени бүтүн жыйган-тергени бул карызды төлөөгө жетмек эмес эле. Соодагер башын саландатып, капа болуп көчөдө делдиреп басып жүрсө, капысынан эле алдынан бир кыска бойлуу адам чыгат. Соодагерден: Эй тууган, өтө капалуу көрүнөсүң, эмне бир кайгың барбы? деп сурап калдат. Голландиялык башына келгендери айтып берет. Анда тиги кыска бойлуу киши: Болгону ушубу? Андай болсо мен сага жардам берем. Алды менен сотко барып, бир адвокат тутканыңы айт. Дооңун дагы бир жолу кайра каралышын талап кыл. Андан кийин кайра мага кабар бер. Эмне кыларын билбеген соодагер: Эгер мага жардам бере ала турган болсоң, сага сегиз жүз алтын берем, дейт да, жүгүргөн бойдон сотко барып, доону кайра ачуусун өтүнөт. Өтүнүчү кабыл алынат. Сот белгилеген күн келгенде, голлаңдиялык залга убагында келип кирет. Адвокаттан болсо дайын жок. Далайга күтүшөт. Акыр аягында өкүм окула турган маалда адвокат тердеп-кургап чыга келет. Соттогулар анын мынча убакыт кайда калганын сурашат. Адвокат: Фасоль бышырып жаттым эле, ошон үчүн кеч калдым. Соттор анын бул маанисиз сөзүнө ачуулары келип: Фасолду бышырып алып да эмне кылат элең?… Бакчага отургузат элем, урматтуу сотум. Соттор андан бешбетер таң калышып: Бышкан фасоль да бакчага отургузулчу беле? Кайнаган неме кайдан тукум болсун? Туура айтасыз, урматтуум. Бышырылган жумурткадан жөжө чыкпай тургаңцай эле, бышкан фасолдон да тукум болбойт. Эмесе, ойлонуп, туура өкүм чыгарыңыздар. Бул адам ашканага жалгыз гана он эки бышкан жумуртканын баасын төлөшү керек. Соттор берген өкүмдүн жаңылыш экенин түшүнүшөт. Өкүмдү өзгөртүшөт. Соодагер он эки жумуртканын гана акчасын төлөйт. Голландиялык адвокаттын акчасын берейин деп караса, аны эч жерден таба албаптыр.

  • ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Энем
  • Оозунан кара ит кирип
  • Алтын шакек
  • Чоңдөбө көрүстөнү
  • Кыргыз макалдары(Б)
  • Кыргыз жомоктору
  • Кой үстүндө боз торгой жумурткалап
  • «Ат, аттан кийин жат»
  • «Жер жамандап барбасын»
  • Энисей кыргыздары
  • Жоопкерчилик
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. КАМЫШ АЙ КАНЫШАЙ
  • Кыргыз элинин улуу мурасы
  • Абдылдаев Эсеналы
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КҮН
  • Сура Ат-Тур
  • ЖАМАН УУЛ, ЖАКШЫ УУЛ
  • Бүргө баатыр
  • Батыш Түрк каганаты
  • «Суроосу жарашса, соз айтылат»
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КАРЫЛЫК
  • Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде
  • Аманатыңды тарт, кудай!
  • Абдулкадыр Инан
  • Күүлөрдүн келип чыгыш тарыхынан
  • Атаке, Сарбагыш элинин кытайга качканы
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Кыргыздын зор мамлекети
  • Кыргыз жери жайлоолорго бай
  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КӨК МЕНЕН
  • Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү
  • Иш кагаздарынын негиздери
  • Сура Ан-Нахль
  • Сура Ан-Наба
  • Кыргыз акындарынын тарыхынан музооке ырчы (манасчы)
  • «Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт»
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
  • Лирика
  • Төркүндөрүндө суутуп коюптурбу
  • «Бакыр киши паанада»
  • Баланын адеп башаты
  • Кулактандыруу
  • Кыш айы
  • Өлүк зыйнатын тең тартышуу
  • РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ. ТОО ЭЧКИ
  • От жагуу
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. СОКРАТ МЕНЕН
  • Кыргыздар Cибирь тарыхында
  • «Бала ыйлабаса, эмчек кайда»
  • Токмок
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
  • МЕНИН УСТАТТАРЫМ
  • Танып кетүү
  • Шергазы
  • ТУМАН
  • «Ат, аттан кийин жат»
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. СҮЙГӨН КЕСИБИМ
  • ТОКТОГУЛ СИБИРДЕН КЕЛГЕНДЕ ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ МЕНЕН УЧУРАШКАНЫ
  • МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. КЫРГЫЗЫМ
  • АБА
  • Манапбайдын басырык
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАХАБАТ (поэма)
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ДҮНҮЙӨ
  • Аварлар
  • Балдар жана кыздар
  • Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий түзүлүшү
  • Санжыра. Кыргыз санжырасы
  • ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ
  • Түлкү менен карышкыр
  • Эне тилим – эне сүтүм

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.