Эне мээрими.
Үйдүн эң жакшы жери үстүңкү кабаттагы бөлмөнүн терезеси болчу. Ал жерден көчөнү, шаарды курчап турган тоолорду карап отурууга мүмкүн эле. Күн сайын түштөн кийин апасы балдары менен отуруп алып, чарчап келе жаткан күйөөсүн, окуудагы балдарын күтүүчү. Балдары жете элек жатып эле кыйкырып учурашышчу. Апалары коп жылдан бери ооруп, буттары басчу эмес. Бирок ага карабастан балдарынын кийимдеринин, бут кийимдеринин таза жана тыкан болушуна коз салар эле.
Балдары барган жерлерин, уккан ырларын, сабактарын айтып беришсе, кубанычтан көздөрү жадырап укчу. Баарынан да балдарынын кырлардан терип келген гүлдөрүн ото жактырчу. Гүлдөрдү дароо бир вазага коюп, бир жума бою сыймыктана карап отурар эле. Кээде балдар ичи көндөй үлүлдүн кабыгын, кичинекей куш уясын алып келишчү. Эне буга кубанычы койнуна батпай абдан сүйүнчү. Бир күнү ата балдарына: «Кийинки базар күнү жакынкы бир кыштакка барам. Ал жерде иштерим бар. Эртең менен эрте поезд менен жолго чыгып, кечинде келебиз, силер да камынгыла» дегенде, балдар толкунданып, алакан чаап сүйүнүштү. Бул абдан кубанычтуу нерсе эле. Күн бою токойдо, суу жээгинде көнүл ачышмак. Дароо эле эмнелерди алып барышарын ойлоно башташты. Бир рюкзак, чыны, футбол тобу, асматөшөк… Дагы бир канча нерселер… Балдар оз ара көңүлдүү сүйлөшүп, убакытты кандай өткөрө тургандарын элестете башташты.
Эне бир бурчта кайгыланып отурду. Анткени бир күнү бою үйдө жалгыз калмак. Терезе түбүндө зеригип, жол карап, бир нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса. Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди.
Түштөн кийин Явуз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле. Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып, баласына жардам берип жатты.Бир аздан кийин Явуз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап:
— Энеке… деп шыбырады. Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп:
— Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы. Базар күнү зерикпейм эми. Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды.
Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакындап:
— Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып:
— Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу.
Апасы кечинде бөлмөсүндө бир нерселерди тигип отурган эле, улуу уулу кирип, ары-бери карап, эмне кылаарын билбей, бир нерсе айта тургансып жатты. Энеси чыдабай суроого мажбур болду:
— Балам, эмне болду?
— Энеке, бир оюнчук учак жасап жаткам да… Базар күнү үйдө калып, ошонумду бүтүрсөм болобу? Башкалары кетишсин. Мен бул жерде сени менен калам. Бирок муну атама, бир туугандарыма айтпа. Мындай боорукер, түшүнүктүү балдардын энеси болгонун ойлоп, эненин көздөрү жашка толду. Кечинде күйөөсүнө болгондорду айтып берсе, күйөөсү:
— Базар күнү башка бир нерсе кылалы. Фабриканын ээси менен сүйлөшүп машина сурайын. Төрт киши отургудай орун бар. Явуз шофёрдун жанына отурса, батабыз. Сени дагы алабыз, кандай дейсин? Эне макул болду. Базар күнү чындап эле күндү көнүлдүү өткөрүштү. Ошол күндү жылдар бою унута алышкан жок.
- Жалбыз (уламыш)
- Көкө мерен (уламыш)
- Василий Владимирович Бартольд
- Сура Аль-Анкабут
- «Түшү оңолбосо, иши оңолбойт»
- Адамкалый
- МЕНИН УСТАТТАРЫМ
- Сура Ар-Рахман
- А дүйнө кетсем, кайыр кош!
- Түрк тилдери
- Багыш. Мендирман (4)
- Күн тийген жердин чоросу
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВГЕ
- Полот хан (Пулат хан)
- Семетейдин жараланышы. Айчүрөктүн ок аттаганы
- Социалисттик эмгектин баатырлары
- Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты
- Азык уруусу
- Кыргыз эл оюндары. Балта ыргытмай, баш кийимди ыргытып илмей, баш кийимди уруп түшүрмөй.
- О городе Чигу
- Итенген сайын бир боорсок
- Боорукер аял
- Өз ордун таба билүүсү
- Эшек жана анын үч ээси
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ДАРДАҢБАЙ
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. ИШЕНИМ
- БУЛУТ
- Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы
- Өгүз болгуча торпок пейили калбаптыр
- МИДИН АЛЫБАЕВ. КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВГЕ
- Жолой
- «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт»
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. БИЗГЕ КЕРЕК БИР МИДИН
- СОҢКӨЛ
- Томаяк
- Күн нуру
- Рашид ад-дин
- Топурак буюруу
- Кыргыз эл оюндары. Токол эчки, топуракты таш менен уруп чаңытуу, упай.
- Ортоңор толсун
- Атадан калган тамак
- Кошунанын бакчасы
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТОШУНУН ЖООБУ
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
- Документтерди жоготуп коюу
- «Жандоочу кийик аттырат»
- АЙ
- Айыл конуп калган го
- Куртка чеби
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. “МЫРЗАЙЫМ”
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ТАҢКЫ ТООЛОР
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖАЙКЫ ЖАМГЫР
- «Кезек-кез куран окутуп жүрөлү»
- Карылык
- Ырым кылып алуу
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КАНЫКЕЙДИН КӨЗ ЖАШЫ
- «Бакыр киши паанада»
- «Отузуңда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың»
- Эсептөө системасы
- Тяньшандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
- Эки бакыр, бир тукур
- Кыргыздын эски майрамдары
- Багыш. Мендирман (8)
- Түшүнүк кат
- Көр жеме
- Аким жана элеттик
- Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
- Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
- Каяша айтуу
Кыргыз