Адигине, Тагай кимдин баласы?

Адигине, Тагай кимдин баласы?

Адигине, Тагайдын атасы ким экени талаш. Бири Жанкороз, бири Үйрүмчү, бири Сары, бири Долон дейт. Көбүнчө, Агул, Долондун бирин айтат. Ормондун жоопнамасында Агул деген көбүнчө карыялардын сөзүндө дагы Агул, анын атасы Сатыке, Мурагай, Төлгозу, Эркалпак. Долон (көп карыялардын сөзүндө Долон Чынгызхандын заманында Долонго келип турган. Кочкор менен Нарындын арасындагы ашуу). Долондун атасы Домбул, Мариари, Сангин, Шугүр, Кылый мунун атасы Кыргыз АналакМуналак олуядан таралган деп токтолот. Осмонаалы Сыдык уулу жазган 1913-жылындагы шежире Кыргызияда кыргыздын атабабаларын мындай деген — аны кайда алганы маалимсиз — маселен, Адигине, Тагайдын атасы Агул — атасы Долон бий, Домбул бий, Калпак бий, Телгозу бий, Муратай бий, Сары бий, Сангин бий, Шүкүр бий, Атан бий, Арслан бий, Темиш бий, Шакур бий, Арслан хандан, Кайырхан, Барган,.Аналык, Алак, Санаршаа, Кыргыз.

Казактын айтуунда дагы кыргызды кулдан, күңдөн, иттен таралды дейт. Маселен, казак ичинде сиңип кеткен Чөжө акын казак акыны Кемпирбай менен 1880-жылы чамасында айтышкан.

Чөжө:

Кара кесек капкара күндөн туулган,

Казы, беги бий болуп, бетин жууган.

Жасынан ага сыйлап көрбөгөн ит,

Калай-калай сүйлөйдү бул ант урган.

Кемпирбай:

Бул кул, бир күндөн пайда болгон,

Жаралган кызыл иттен сен эмеспи.

Наркы атамды сурасаң, атам Шаншар,

Ак сөөк, таза суңкар мен эмеспи.

Кыскасы, Адигине, Тагайдан мурунку  кыргыз тарыхын кыргыз карыялары анык биле албайт: Ата-бабаларын айтымыш болуп жана оң-солдон таратат. Көбү дээрлик ата-бабаларын илгери кийин кылып, алмаштырып айтат.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.