Илгери-илгери Африкада бир үч бир тууган жашаптыр. Бир күнү алардын атасы өлүптүр. Бир туугандардын улуулары буга М кайгырбаптыр. Эң кичүүсү болсо таң атканга чейин атасынын жаткан жеринде отуруп алып тынбай ыйлайт. Күн чыгып келе жатканда уйкусуздуктан жана чарчаганынан көзү илинип кетет. Берки эки агасы анын төшөктүн жанында уктап жатканын көрүп, сүйүнүп кетишет: Мейли, уктай берсин, биз мурасты өз ара бөлүп алалы. Ач көз агалары иниси уктап атканынан пайдаланып аны алдоонун амалын кылышат. Алардын бири өзүнө үйдү жана талааларды, ал эми экинчиси болсо, короону жана малды бөлүп алышат. Инилери уктап турган соң аны шылдыңдай башташат: Ээ, биз эмне кылалы. Мурасты бөлүп атканда сен уктап калдың. Уйкуну сага мурас кылып бердик, дешет. Бүтүн айлындагылар кичүү бир тууганга жасалган мындай адилетсиздикке абдан кайгырышат. Бирок бала камаарабайт. Улуу агалары бүтүн күн бою талаада иштеп жүрүшсө, ал бир көлокөгө жатып алып уктайт. Күн аябай ысык, иш болсо, абдан оор эле. Кеч кирер замат улуу агалар бирдеке шам-шум этип алышып бири бөлмөдө, бири болсо короодогу үймөк чөптүн үстүнө чыгып уктамак болушат. Эң улуу агасы болмөдө эми эле таттуу уйкуга кирген кезде, кичүү иниси түрткүлоп ойготот: Тур, мурасты бөлүштүргөндө уйкуну мага бергениңерди унутуп калдыңбы? Берки агасын да түн ооп калганда ойготуп: Ойгон… ойгон дейм. Уйкуну мага бергенсиңер. Ошентап бала бир туугандарын бир канча күн бою эч уктатпаптыр. Кичүү бир тууган иштебейт. Күнү бою уктайт, түнүчүндө болсо эки агасын кайтарып уктатпайт экен. Алар бир аз көздөрү илинсе эле болду: Ээй, уктамак жок, уйку меники, деп тура калат экен. Айылдагы эл да кичинекей баланы жакташат: “Сооп болот ушуларга, кичүүсү кичине уктап калды деп мурастан куру калтырышкан. Кандай жазаласа да акысы бар” дешет. Акырында улуу бир туугандар ушунчалык тажап, уйкусуздуктан иштей албай турган болушуптур. Айыл аксакалдарына барып, бул ишке бир чара табууларын өтүнүшөт. Аксакалдар болсо, мурастын кайрадан туура бөлүнүшү, ар кимдин өз үлүшүн алышы керек экенин айтышат. Алардын айтканы аткарылып, ар ким өз үлүшүн алат.
- Санжыра чечүүнүн үлгүсү
- КАЛЫГУЛДУН СӨЗҮ
- Цивилизация жана табият
- Сура Аль-Араф
- «Ким эмне алып келди?»
- Кыргыз аңгемелери. Түйшүк
- Ичкилик Кыргыздар
- Көрүндө өкүргүр
- Чүй суусу
- Риторика. Риторика илими
- ЫСЫККӨЛ – ТУРИСТТЕРДИН МЕКЕНИ
- Буйрук
- Баш кесмек бар, тил кесмек жок
- Калп — принцип катарында
- Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасы
- Имам
- Баш чайкоо, баш ийкешүү
- ИНИМЕ КАТ
- Сүткө түшкен күчүктөй болуу
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. КАРАГАЙЧЫ КЕМПИР
- ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ. ГОСПИТАЛДА
- Акын болсоң …
- Соөмөйү менен ортонунун алдынан башбармак чыгаруу
- Аманатыңды тарт, кудай!
- Бычакка түшүү
- Санга кылчылбыр салуу
- Эси жокко эрегишпе
- IX жана X кылымдар. Улуу Кыргыз мамлекети
- Колукту
- Өзүмдөн өзүм арданам
- Адептүү ырымдар
- Булардын кайсынысы чоң
- Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты
- Цин сулалесинин расмий хроникалары
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО
- Кыргыз макалдары(Б)
- Түргөш кагандыгы
- Түрк уруулары
- Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү
- ДОСТУКТУН КҮЧҮ
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ТАБЫЛГАН ДҮЙНӨ
- Байыркы дуализм
- Арабдардын кыргызияны багынтканы
- Аксакалдардын сөзүн кор кылуу
- АРЧА (уламыш)
- ИСХАК РАЗЗАКОВИЧ РАЗЗАКОВ
- Багыш. Мендирман (6)
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЭШИМКАНДЫН ТЕРЕГИ (Экинчи легенда)
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭҢСЕТКЕН ЖАЗ
- Кыргыз-моңгол, калмак согуштары
- Жалпак олтуруу
- Жаркынайым
- Аба ырайы
- КҮНДҮН ЧЫГЫШЫ, БАТЫШЫ
- Балага энчилүү ат коюу
- «Үнүңдү өзгөрт, кызым!»
- Евклиддин геометриясы
- Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдо
- ТОЛГОО
- Алча бутагы
- АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЕТИГЕН
- ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
- Агыш
- Сура Ан-Ниса
- Бекбекей
- Датка
- Аскердик кылмыштар
- Манастын жоролору
- Шакен
- Асан менен Үсөн
Кыргыз