ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ

Көлдүн башы Кара-Сай Көргөнбүз далай баркыңды, Көңүлдө турат кайран жер Көрөмбү-жокпу артыңды, Айрылдык мындай конуштан

Аллага айтам дартымды.

Аркары койдой семирген. Атуудан мерген эринген, Баарланып канча адам Пайдаланган тегиңден Аюу, илбирс, бөрү атып, Алган баарын ийинден, Түлкү, суусар, сүлөөсүн Түгөнбөгөн көбүнөн, Ар бир түрдүү илбээсин Адамзатка көрүнгөн. Аралата бастырса Ат көрүнгүс чөбүнөн. Тунук-тунук суу түшөт Туюк-туюк төрүнөн, Ыргалып шамал – жел болсо Ыраңы жашыл көрүнгөн, Кайран ойноп өскөн жер Кантип чыгат көңүлдөн! Үч-Каман-Суу, Бешбелчир Өйүз-бүйүз конуучу, Өтөгүнө бээ байлап Өндүрлөп айыл толуучу, Шыкоого чейин ашууну Сыгылып айыл конуучу, Урматын айтса түгөнгүс Ушундай убак болуучу. Алатоону жердеген Ар жыргалы бар болгон, Жарды-байы белгисиз Жайыты толгон мал болгон, Жердегендин баары бар Жегени казы-жал болгон, Сыдырым шамал жел болгон, Жыргалдуу Ак-Сай жер болгон, Көңүлдү түрлүү өстүрүп Көтөргөн алтын зер болгон, Күндө ат чабыш, тамаша Күлүктүн мойну тер болгон, Желесин тартып шиберге, Жергелеш айыл эл конгон Эл чогулуп сойгону Сары таман бээ болгон, Түтөгөндөй байлыгы Түгөнгүс алтын кен болгон. Жарашса бакты таалайың Жарк этип бир күн ачылат. Аракет кылып мал жыйса Андан-мындан кашылап, Ар ким сүттүү-сүрөгүн Алып жүрсө асырап, Эп көрбөсө өкүмөт Ээси кайдан жашырат, Алладан өкүм болгон соң, Ар ким биздей чачылат. Айдалып келдик алыска Ага-иниден ажырап, Атам туулуп-өскөн жер Атбашы, Нарын асырап, Ар форумун эске алып

Эки көзүм чачырап.

Ошол жерге кудайым Жеткирер бекен батыраак. Көк шиберге үй тиксең Көркүнө чыгат чатырап, Күн тийгенде суу кирип, Күкүгү сайрап чакырат, Торгою чөлдө сайраса, Тоосунда улар бакырат. Тоодагы түздө топтосо, Колотун коен боктосо, Тотудай жүнүн кулпунтуп, Токоюн кыргоол оттосо. Ошол өңдүү жеримден Өкүмөт айдап козгосо, Береби кудай тилегин Бечара карып боздосо, Айып көрбө ага-ини Адашкан журтун жоктосо, Айланып барсам журтума, Алдымдан шамал тозбосо. Адырдан бөрү, түлкү алган, Аңчылар кармап мүлк алган, Кудай кылса чаара жок Кутулуп мындан ким калган, Мал-мүлкүнөн ажырап, Мусапыр болуп тим калган, Оодардың ошол жеримден Опасыз экен шум жалган, Алым начар, өзүң бил Азирет Аалы шер балбан. Өзөндүү булак, сазы бар, Өрдөгү менен казы бар, Агала шумкар куш салып Алып алчуу массы бар, Аралап ойноп жүргөндө Адамдын көөнү ачылар, Кудай таала кылган соң

Ар ким биздей чачылар.

Береке эле мал жайып Бетегеси саргайып, Түбүндөгү тулаңы Түрүлө түшүп калдайып. Кырбусунда жашаган Кулжалары калжайып. Купуя ичтен ойлосом Курган жан калат шалдайып Сактай көр Алла бир өзүң Саясаттын торунан, Ар ким жүрсө өзүнүн Айыл-апа тобунда, Жакшы-жаман оюнда. Жарашыктуу орунда, Айланайын Кудайым Алсыздарды кор кылба! Башка келген дөөлөттү Бактысыздык качырат, Бактың туура келгенде Байлык кайда жашынат. Бактысы тайса күлүктүн Бакайдан аксап басынат. Келген жерим Орунбор Маңдайымда калың шор. Жеткирер бекен кудурет Ага-тууган иниге Жазууда Алла буюрса Армансыз болбос дүнүйө. Акылга түшөт далай иш Атканда таң күнүгө, Алла-таалам жар болуп Алпарар бекен үйүмө. Жеңе-желпи, келинге Жетсем – деп, кылам демилге, Желпинишип жүргөндүр Желбегей басып элинде, Тамашага батышып Таалайлуу жигит жеринде, Карыпка бергин ден-соолук. Кагылайын теңирге. Куда-сөөк, тамырга Курдаштар жүргөн жанымда, Куюлтуп айтып далай сөз Курган баш элде барында. Айтылган сөздөр эп экен Алымдын шондой чагында. Жараткан башка салганын Көрөрмүн деймин теңирден, Азып келген мен эмес Адашып жалгыз элинен Элинен нечен азган бар, Эмгектүү жолду баскан бар. Ар бенденин бактына Азелде тагдыр жазган бар. Байыркы келген дөөлөтү Башынан ооп, качкан бар. Байланган жипсиз колдору Бактысыз нечен арстан бар. Арпа бир Аксай жайлаган, Алатоо калды айланам, Жылжытып жылкы айдаган, Чыңыртып кулун байлаган. Ырыскысы кеңири Казаны толук кайнаган, Калк башкарган азамат Жамандык ишке барбаган. Ушундай салтты ойлонсом Уйкудан чочуп ойгоном, Таалайым сенден тилеймин, Өз жерим мында болбогон, Ак жеринен биз кеттик Байкасам алдым тордолгон. Бурулуп бизге бул жерден Буйруюп койгон тузу бар, Кантелик Алла тагдырын, Калемде бизге ушу бар. Күнөөлүү – деп, айдатып Күнөөлүү иштин жогунда. Кармалбай адам калбаптыр Калемде жазган чыгымга, Элинен нечен азган бар, Эмгектүү жолду баскан бар, Ар пенденин башында Алланып жазган чени бар. Айдоодо жүргөн биздейге Ага-ининин деми бар. Башка келген дөөлөтү Башынан азып качкан бар. Кабарымды жазууга Калем алып козголом, Карыптан мендей ким болгон Камакта жатып боздогон. Өткөнүн айтып ошолор Өз арманын козгогон. Аттап аман өтсөм – дейм Алдымда турган дайрадан. Советтин көзү түз болсо Зыркырап учам кайрадан, Айланам бийик тордолгон, Кайрылып чыгар бекенмин Капкалуу бийик чоң ордон, Ордон чыксам кутулуп Ошо го менин чоң олжом. Айласын таап өтсөм дейм, Алдымда турган тосмодон, Айлыма эптеп жетсем — деп, Ал жолборстой октолом, Айтканым чыкпай ордунан

Азырынча токтолом.

Башка түштү бул азап Бактысыздык ал үчүн, Корбөйбүз элди эми – деп, Көңүлдө кайгы бар үчүн, Кол кармашып ага-ини Коштошуп чыктык элимден, Кош, аман бол! – дегенде Козголду санаа көңүлдөн, Уялуу жыгач — урматтуу эл Уктасам чыкпайт көңүлдөн, Замандаш курбу курдашты Саыасам көңүл элирген, Ак-карабыз ылганбай Айыпталдык арада, Кайырдуу болуп кудурет

Калтырба муңга санаага.

Эриккен көңүл жазылбас Экинчи элге кошпосо, Айып көрбө ага-ини Адашкан журтун козгосо, Айланып келсем калкыма Алдымдан шамал тозбосо, Тар жолунда турабыз Тайгылуудан колдосо. Жайлообуз Аксай жер үчүн Жабырланган эл үчүн, Аркан салса үй калат Аргыган шамал жел үчүн, Агызып кетти токтотпой

Агыны катуу сел үчүн.

Сел кетер да, сай калар Карылар айткан кеп үчүн. Тилеймин тууган сен үчүн, Актап алчуу бар бекен

Айдалып жүргөн мен үчүн.

Кара-темир курч болбойт Карганы баксаң куш болбойт. Калча келип кыргыздын Катарына журт болбойт, Топону жыйсаң тоо болбойт,

Тулпардын изи жоголбойт.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.