Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө.

Тургунбай Садыков өзүнүн чыгармачылыгында эки доордун – советтик жана суверендүү Кыргызстандын образын чагылдырган сүрөтчү. Анын айкелчи катары калыптанышы 1950-1960-жылдарга туш келет. Ал өзүн биринчи жолу 1957-жылы республикалык жаштар фестивалында көркөм сүрөт көргөзмөзсүнднө “баланын башы” аттуу чыгармасы менен көрсөткөн. 1959-жылы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн кезектеги көргөзмөсүнө ошол ишинин негизинде жасалган “койчу бала” аттуу композициясын жана “Алтын бешик” айкелин элдин сынына койгон. Ошол алгачкы чыгармаларында эле Садыковду кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун олимпинин чокусуна чыгара турган өзгөчө сапаттары байкалат. Бул өзгөчөлүктөр негизинен адамзаттын табият менен тыгыз байланышын, анын ички дүйнөсүн кырааттык менен байкай алуусунда жана улуттук-этникалык психологиялык өзгөчөлүктөрдү сезе билип, замандаштарынын реалисттик портреттерин жараткандыгында, ошондой эле тандалган теманы терең ачып берүүсүндө жатат. Бул сапаттардын Садыковдо болушу анын бул дүйнөгө философиялык көз карашта болуп жана анын көркөм эстетикалык жагын кабыл алып караган өзгөчө ой-жүгүртүүсү менен байланыштуу. Дагы бир маанилүү нерсе – анын айкел искусствосунун көркөм каражаттарын жогорку профессионалдуу деңгээлде өздөштүргөнүндө.

Ал чыгармачылык жолунун башында эле айкел искусствосунун көркөм тилинин оордугуна карабай, терең ой-жүгүртүүнү талап кылган курч мүнөздөгү чыгармаларга кайрылган. 1950-1960-жылдары айкелчинин сүйгөн материалы жыгач болду. Анын үстүнө, устаты, жыгачтан шедевлерди жараткан белгилүү советтик айкелчи С. Т. Коненковдун чыгармаларынан таасирленген. Жыгачтын табигый формасына жараша композицияларды түзүп, адамдардын тирик образдары айкын чыккан чыгармалары: “Койчу бала” (1959), “Кыздын башы” (1959), “Жолдогу эс алуу” (1960), “Кыздын портрети” (1961), окумуштуу Д. Чынгышевдин (1965) жана хирург А. Кругловдун (1966) портреттери, “Жумушчу кыз” (1965), “Элечекчен аял” (1965), “Балыкчы бала” (1960), “Жаш саанчы кыз” (1972), ж.б.

Бул мезгилдерде айкелчини балалык, эне темалары менен катар музыка дүйнөсү кызыктырган. Белгилүү музыканттардын, акындардын, манасчылардын, комузчулардын портреттерин жаратып, алардын назик мүнөздүү жан дүйнөсүн чагылдырган. Мисалга алсак, “Дирижер” (1960), “Күү” (1962),”Комузчу” (1964), “Кыякчы” (1967), “Жаш Токтогул” (1962), “Токтогул жана музыка таануучу В. Затаевич ” (1963), “Токтогулдун энеси менен жолугушу” (1965), “Манасчы Саякбай Каралаевдин портрети” (1965) ж.б.

1970-1980-жылдары портрет жанрына көбүрөөк кайрылып, Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмерлеринин, маданият жана искусство кызматкерлеринин, окумуштуулардын образдарын таштан чегип же бронзага куюп түбөлүккө калтырды. Алардын арасында Ч. Айтматовдун, О. Султановдун, Д. Куюкованын, М. Рыскуловдун, У. Салиеванын, З. Кайназарованын, М. Адышевдин, К. Орозовдун, М. Миррахимовдун, М. Мамакеевдин, К. Акиевдин, Т. Касымбековдун, Т. Сыдыкбековдун, У. Асановдун жана башка көптөгөн тарыхый инсандардын портреттик бюсттары бар.

Тургунбай Садыковдун монументалдык иштери менен катар жаралган станоктук жумуштарын карап жатып, алардан белгилүү монументтеринин, эстеликтеринин негизделишине түрткү болгон монументалдык образдарды байкаса болот. Монументалдык айкел искусствосу белгилүү болгондой эле кеңири жана терең ой-жүгүртүүнүн, чоң идеялардын, маанилүү сюжеттердин искусствосу. Бул сапаттардан тышкары айкелчи чыгарммасын айлана -чөйрөгө, архитектуралык формаларга жана жаратылышка ылайыкташтырууну да жакшы билүүсү зарыл. Ушул өзгөчө сапаттардын баары Тургунбай Садыковго тиешелүү экендигин тарыхтын сынынан өткөн чыгармалар – “Революция каармандарына”, “Манас”, “Жеңиш”, “Эл Куту” жана башка көптөгөн эстеликтер тастыктап турат.

Жалпысынан алганда айкелчинин кызыккан темаларынын диапозону өтө кеңири. Анын чыгармачылыгында портрет, тематикалык жанрлар, эстиликтер, монументтер, айкелдик-архитектуралык ансамбльдар, статуялар ар-кыл материалдарда чыгарылган. Ал айкелчилике тиешелүү болгон ар бир материалды жакшы өздөштүрүп, алардын табигый өзгөчөлүктөрүнө жараша композицияларды жаратат. Т. Садыковун чыгармачылыгындагы баса белгилей турган нерсе, бул анын жогорку интеллегенциянын өкүлү же жумушчу, жөнөкөкөй кызматкер же искусство адамы болобу, арасынан өтө ишмер, эмгекчил, руханий дүйнөсү бай, күчтүү, активдүү инсандардын элесин чагылдырууга умтулгандыгында.

Чыгармачылыгындагы жетишкендиктери менен катар эле коомдук ишмерлигинин ийгиликтерин айта кетүү абзел. 1968-1987 –жылдары Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, СССР сүрөтчүлөр союзунун секретары, 1987-жылдан баштап Кыргыз ССРини маданият фондусунун башкармалыгынын төрагасы, 1984-жылдан баштап эл аралык айкел сисмпозиумдарыныын уюштуруучусу болгон. Мындан тышкары Кыргызстандын келечеги үчүн зор мааниге ээ болгон, уникалдуу үзгүлтүксүз билим берүү системасы бар Улуттук көркөм сүрөт Академиясынын негиздөөчүсү (1991ж.) жана президенти болуп эсептелет.

Искусство таануучу Кутуева А. Э.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.