Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен. Албетте, бул окуя мьшдан көп кьшымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде ойдотоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты: Андай жерди табууга кимди жиберебиз? Кеңешке келгендер чурулдашты: Учкул эмеспи, Ылаачын барсын!
Сак эмеспи, Сагызган барсын? Алп эмеспи, Таз Жору барсын! Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тыр мактуу, тумпгуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү де шип, Үкүнү жибермек болушту. Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салыш ты. Ал тооталааны кыдырып, ашуубел ашып учуп отурду. Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккан дарга: Жакшы жерди тапкан жокмун, деп жооп берди.
Көпчүлүк буга ишенишкен жок. Ага тыңчы коюшту. Үкү болсо өз атасына барды да минтип айтты: Эң сонун жер Ала Тоо экен. Ал жердин жайы салкын, кышы мээлүүн. Бирөөлөргө сөз чыгарба. Ал жакка экөөбүз эле кетебиз! Бирок булардын сөзүн тыңчы чымчык угуп алды да, баш ка куштарга айтып койду. Куштар чогулуц келишип, Бүркүт түн буйругу менен Үкүнү аябай сабапгты. Үкү жан соогалап качып жүрдү. Мына ушул окуядан кийин ал калпычы аталып, күндүз элге көрүнгөндөн уялып, түнкүсүн ууга чыгат дешет.
Кыргыз