Кусеин Карасаев
Кусеин Карасай уулу 1901 – жылы Ысык – Көл облусунун Түп районунун Кең – Суу айылында туулган. Адегенде айылдык молдолордон кат – сабаты ачылып, кийин 1914 – 1916 – жылдарда Караколдогу орус – тузем мектебинен окуп билим алат. Бала кезинде чыгыштын акылмандарынын китептери менен таанышат. А.С. Пушкиндин ырларын жаттайт, орус илим – билиминен таалим алып, эртелеп көзү ачылат. 1916 – жылкы элдин башына түшкөн трагедия, каргашалуу кайгы – муң анын башына да түшкөн. Эл – жерден ажырап, ата – энеси менен көрбөгөн азапты көрүп, бөтөн жерде тентип сандалуу жаш Кусеиндин жүрөгүнө өчпөс так калтырган. Кытайда мусаапыр болуп жүргөн күндөрүндө Караколдо алган илиминин жардамы тийип, мугалим болуп иштеп, жергиликтүү элдердин балдарын, чоң кишилерди окутуп, бир жагынан жанын багып, экинчи жагынан чыгыш Түркстандын адамдарынын сабатын ачууга да, анча – мынча үлүшүн кошкон. Жаратылышынан тилдик туюму, сөз татымы күчтүү, зээндүү жаш өспүрүм бат эле казак, уйгур, калмак тилдерин үйрөнүп алган. Акыры, тууган жердин тузу тартып, «бөтөн жердин көк шиберин басканча, өз жеримдин тикенегин басайын» — дегендей, 1921 – жылы Кытайдан туулган мекенине – касиеттүү Ысык – Көлгө кайтып келет. келгенден кийин Кең – Суу айылында сельревком болуп иштеп, коомдук иштерге аралашат. Бирок дили сергек жаш улан Кусеин элдин туташ сабатсыздыгын көрүп, калк үчүн бир чоңураак иш жасаш керек экенин, бул үчүн дагы да билимин жогорулатып, чоң борборлор жактан окуу зарылдыгын ачык түшүнөт. Ошентип, ал Ысык – Көлдөн аттанып чыгып, 1923 – жылы Ташкентке келип, кыргыз – казак агартуу институтуна окууга өтөт. Ташкентте окуп жүргөндө Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов менен таанышып, бул экөө менен бирге 1924 – жылы кыргыздын биринчи газетасын «Эркин – Тоону» чыгарууга катышат. Кусеин Карасай уулунун элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноодо да эмгеги бар. Ал 1931 – жылы Саякбай Каралаевди Ысык – Көлдөн Бишкекке алып келип, андан «Манасты» жаздырткан. Элүүнчү жылдардан 70 – жылдардын ортосуна чейин жаштарга билимин берип, Кыргыз Мамлекеттик Университетинде мугалим болуп эмгектенип келип, ардактуу эс алууга чыккан профессор Кусеин Карасаев 90 – жылдарда жашы 90дон ашса да, карылыгына карабай чыгармачылык устаканасында белин бек бууп эмгектенген. Азыр ал кишинин көзү өтсө да эмгектери эл арасында жашап жүрөт.
- Жалгыз жибербөө
- Жолой
- «Нарын» эт жеш тартиби
- Монолдордун жыйылып эл болгону. Кошумча материал
- Ишеним кат
- ЭР САЙЫШ
- Пулатчы
- Аюу менен чиркей
- Айкөл Манас. 8-китеп
- ТОО СУУСУ
- Сура Аль-Фалак
- Көр жеме
- Лирика
- «Бала ыйлабаса, эмчек кайда»
- Сура Аль-Вакиа
- Учуул
- ЭСИҢ БОЛСО, ЭЧКИ КҮТ
- Чач сатуу жосуну
- САРЫЧЕЛЕК
- Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе
- АБА
- Эстоо адаты
- Америкалык ач күсөн
- Күн нуру
- Дамбал уурдоо ырымы
- Сотту тааныйсыңбы?
- Абий
- Булбул
- Ат чабыш
- Туулган жерим
- Кыргызияда түрктөр
- Томаяк
- Ормон опуза
- ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
- Сура Аль-Фаджр
- Үгөдөй
- Арман ай
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
- Кыргыз эл макалдары. Ж тамгасы 1500 макал
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ШАРКЫРАТМА
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КАЗАК ТУУГАНГА
- Иш кагаздар. Терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. КИМИСИ БАЛБАН?
- Кристофор колумбдун жумурткасы
- Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде
- Кыргыз эл оюндары. Таштан, ташка секирип жүрмөй, таштан секирип өтүү, термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
- КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. АЙСАРЫ
- Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы
- Албан
- Моголстан
- Кожомкул балбан
- Риторика. Риторика илими
- Көнөчөк кийген түлкү
- Бирөөнүн биттүү тонун жамынып
- КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы
- «Өлүмтүгүн артып»
- Кул, күң тарыхы
- БАЛАЛУУ ҮЙ – БАЗАР
- Кыргыздардын каада-салттары. КҮЙӨӨЛӨӨ (КҮЙӨӨЛӨТҮШ)
- Түргөш кагандыгы
- Таман акы, маңдай тери
- Шылдыңкөйлүк
- Чамгарактап турган кези
- Аласа-бересеге так болуу
- Кыргыз жамгыры
- ЭЛИНДИН КЕТПЕЙТ ОЮНАН
- Төркүндөрүндө суутуп коюптурбу
- Касым Тыныстанов
Кыргыз