ЖОЛОН МАМЫТОВ. АЖАЛ МЕНЕН СУЛУУЛУК

Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерип

Көргөн көрөөр узун өмүр пайдасын, Бирок, айтчы, сен–өлбөстүк, кайдасың? Зор сахнада ойнотконуң ойноткон

Ажал, талант, убакыттын кармашын.

Өлүм көрөөр сук өлүмдүн пайдасын, Бирок, айтчы, сен–адилдик, кайдасың? Жүрөк мыкчып, жүрөк туйду ар мерчем

Турмуш менен сулуулуктун кармашын.

Турган булар каршылаштар сабына Майдан кезмек жарактарын тагына, Боло электе ажал ажаан, а талант

Жете электе баралына, табына.

Жуурулушса талант менен сулуулук, Сезимдерге уялады жылуулук. Дал ошондон гүлүн, ачып тазалык,

Байкалбастан бүрүн ачты улуулук.

Эсимде жок күн санаты нече эле, Сулуулукка мен кезиккем кечеде. Көрүп калып жүрдүм кээде ал өңдүн

Бир жаркылдап баратканын көчөдө.

Көрдүм анан оозго алынып бат гана Ойноп жаткан ойнун улуу сахнада. Ыраазылык билдиришип сан көздөр

Дүркүрөгөн кол чабылып жатты ага.

Жылмаюсун топтоп сүйкүм ууртуна, Келишимди топтоп бойго, тулкуна, Бирде болсо Дездемона ай чырай,

Бет келишти бирде болуп Уркуя.

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук, Баарын шилеп көкүрөккө толтурдук. Бизге энчиге берилгендей ушул көрк

Канча оюнда жагалданып олтурдук.

Нуру болгон кино менен кеченин, Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн, Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал

Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин.

Жаш тагдырга биз кайдигер караппыз, Сулуулукту туш тушунан талаппыз. Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче

Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.

Сыйлык, сыйды убагында алганда Балким, талант, ташып чыкмак андан да. Чексиздикке эрте учаарын ким билди

Салып коюп сансыз журтту арманга?

Ойлой калсам зээним кейийт азыр да, Оо, биз деги качан жеттик кадырга? Ак денесин “Ала-Арчага” койбостон.

Аттап-буттап алып кеттик адырга.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да. Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,

Эл–күзгүгө бир каранган экен да!

Рух–суусунду сендей талант–өзөндөн Таттык, бастык жаркын талант–көчөңдөн. Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,

Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн,

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган, Элиң эсен оюнуңа агылган. Сезимдерде кайталанып тураарсың

Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Өзүң кетип кайтпастыкка жашынып, Калды элесиң сезимдерге басылып. Эрте жазгы байчечекей өңдөнүп

Азга үлбүрөп, азга турган ачылып.

Алып кетти ак жааныңды төктүрбөй, Ажал сени максатыңа жеткирбей. Эсте калдың эл тамырын жибитип

Бир көнөктөп куюп өткөн өткүндөй…

  • «Кысасы кыяматка кетет»
  • Кыргыз акындарынын тарыхынан музооке ырчы (манасчы)
  • НАСЫЯТ. НИЯЗААЛЫ МОЛДО ЭСЕНГУЛ УУЛУ
  • СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. ЖАШОО
  • Жаман эрге чыккыча жайдагым, жаман аял алгыча бой-догум
  • Этнология
  • Бака терек (уламыш)
  • Карамолдо Орозов
  • Шер датка
  • Жылкы кыял
  • ТОО СУУСУ
  • Паракор
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. БИР ШИЛТЕМДЕР
  • Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
  • Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
  • Василий Владимирович Бартольд
  • Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЭР ЖИГИТКЕ СЫН
  • Иш кагаздар. Терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү
  • Багыш. Мендирман (4)
  • Эмне үчүн Ысык-көл көгүлтүр
  • Мидин кандай эле?
  • Сура Йунус
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ
  • Жалбыз (уламыш)
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. МЕКЕНИМ
  • Коомдук-саясий уюмдар
  • Акт
  • КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧӨП ЧЫГУУ
  • Кыз көрүүнү жана сүйлөшүүнүн бир жолу
  • Чык татырбас Чымырбай
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. САМАП КАЛДЫК
  • Үч кыз
  • Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш
  • «Эмгектүү кулда чарчоо жок»
  • Оозунан кара ит кирип
  • Жүрнары
  • Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
  • Ийменүү
  • Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
  • Кол жууп калуу
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ТООЛОР ЖАНА ЧОҢ АТАМ
  • Этносту аныктоочу белги жок
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЛА-ТОО
  • Деңиздеги бороон
  • Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде
  • УЛУТТУК АШКАНА. Кыргыздардын улуттук ашканасы
  • Сура Аль-Муззаммиль
  • Уурдалган ат
  • ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
  • Камырдан кыл сууругандай
  • Жакупбектин тарыхы
  • Кыргыз кандыгы
  • ТОЛГОО
  • Чочутуу
  • Автандил Арабаев. Аруу тилек
  • Суу болуу, суу кылуу
  • Сура Аль-Вакиа
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. АЖАЛ МЕНЕН СУЛУУЛУК
  • Бетке түкүрүү
  • ЖЕЗ ТАҢДАЙ
  • Жеңижок менен Нурмолдо
  • Каныкей
  • Мал-башым тартуу
  • Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.
  • Аваттар
  • КЫРГЫЗ ОРМОН ХАНДЫН ЗАМАНЫНДА
  • Күзөттө
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. КУРУУЧУ

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.