Өмүрбаян. Автобиография
Автобиография
Өмүрбаян – бул адамдын өз колу менен эркин формада белгилүү убакыттын аралыгында басып өткөн жолу жөнүндө жазылгын иш кагазы. Өмүр баянды жазууда кандайдыр-бир тартипке салган түрү болбойт жана жазуучунун чеберчилигине жараша болот. Бирок өмүр баянда сөзсүз аныкталган маалымдаректер жана курам бөлүктөр катышуусу керек.
Ал маалымдаректер төмөнкүлөр:
1. Иш кагаздын аты (өмүрбаян). 2. Иш кагазынын тексти: а) автордун аты-жөнү (ал «Мен» деген жактама ат атооч формасында берилет); б) туулган жылы, айы, күнү жана жери; в) ата-энеси (ата-энесинин аты-жөнү, иштеген жери); г) билими (орто мектеп, атайын окуу жайы, жогорку окуу жайы); кесиби, жана ишкердүүлүк түрү; д) аскерге кызмат өтөгөндүгү тууралуумаалымат; е) акыркы иштеген жери жана кызматы; ж) эмгек сыйлыктары; з) коомдук ишке катышуусу; и) үйбүлөлүк абалы жана үйбүлө курамы; к) үйүнүн дареги, телефон номуру. 3. Аты-жөнү. 4. Өзүнүн колу.
5. Өмүрбаян жазылган жылы, айы, күнү.
Өмүрбаян – А-4 форматындагы таза кагазга окууга өтүүдө же ишке орношууда өз колу менен жазылат. Өмүрбаянда бардык маалыматтар хронологиялык тартипте жазылат. Өмүрбаянды жазууда адабий тилди пайдалануу керек. Анда дилаектилер жана одоно сүрөттөөлөр болбошу керек. Бул иш кагазында адамдын турмушундагы терс учурлар жашырылбашы керек, бирок өзүн өзү мактоого да жол берилбейт. Өмүрбаяндын бул бөлүгү кыска жана так болуусу керек. Өмүрбаяндындагы бир түрү– бул коомдук түзүлүшжана анынадам турмушуна таасирин жазуу. Мындай өмүрбаяндарда белгилүү жазуучу, акындардын, илимдин, маданияттын таанымал өкүлдөрүнүн, мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, согуштун жана эмгектин баатырларынын жана башкалардын өмүрү жана чыгармачылык жолдору үчүнчү жак менен жазылат. Мындай өмүрбаянды жазууда таланттуу, улуу, залкар ж.б.у.с. эпитеттер колдонулушу мүмкүн, мындай өмүрбаяндарда «Аты-жөнү», «Колу», «Датасы» дегенмаалымдаректер пайдаланылбайт. «Өмүрбаян» маалымдарегинин ордуна адамдын аты-жөнү жазылат. Өмүрбаянды жазууда белгилүү чеберчилик талап кылынат. Көпчүлүк учурда биринчи жактын жазган өмүрбаяны колдонулат.
Өмүрбаян
Мен, КасымовМурат 1964-жылы 11-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында жумушчунун үйбүлөсүндө туулгам. Атам– Касымов Токон, апам– КасымоваШайыр. Алар азыркы учурда Шамшы айылында иштешет, «Береке» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү. Мен 1971-жылы Шамшы орто мектебинин биринчи классына кирип мектепти 1981-жылы аяктагам. Ошол элежылы билим алууну улантуу максатындаКыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырдым. 1983–1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1985-жылдан университетте окуумду улантып, аны 1988-жылы ийгиликтүү аяктап тарыхчы кесибин алдым. 1988-жылдан өзүмдүн эмгек ишмердигимди Ысыккөл облусунун Жетөгүз районунун Дархан айылындагы Дархан орто мектебинде тарых жана коом таануу мугалими болуп иштөөдөн баштадым. 1991-жылы мектепте деректирдин тарбия иштери боюнча орунбасары болуп иштедим.
1999-жылдан Кыргыз билим берүү институтуна илимий кызматкер жумушуна которулуп, ошол эле жылы аталган институттун аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүнө документтеримдитапшырдым. 2002-жылдан бери Бишкек шаарындагы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде тарых факультетинин тарых кафедрасында иштеп кележатам. 1998-жылы Элге билим берүүнүн отличниги, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Үйбүлөлүүмүн. Аялым – Суранова Бактыгүл 1966-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Мамкаттоодо эсепчи болуп иштейт. Кызым – Гүлжан, уулум – Азат Б.Алымов атындагы №39 орто мектепте окушат.
Үй дарегим: Бишкек ш., 6-кичирайон., 42-үй, 18-кв. Телефон 474158 (колу) Касымов Мурат
20.09.2004
Кыргыз