БААТЫРЛАРГА ЫРАХМАТ

Биринчи баатыр Ташмамат, Көсөмдөрдөн үлгү алып, Көздөгөн жоону жыгууга, Жүрөгүнөн от жанып. Анварбек биздин баатырдын, Кандай сонун атагы, Тяншандан чыккан баатыр деп, Кылымда далай таң калды. Асанов Дайыр жаш барчын, Атканы зая кетпеген, Алдыда жүрүп коркпостон, Алсам деп жоону дегдеген. Днепрдин дайрасын, Элден мурун ал кечкен. Автомат менен атканда, Асылган жоону жүдөткөн. Төрт сааттын ичинде, Эс албастан кичине, Уу тырмак капыр Гитлердин, Жалынды салдың ичине. Асанов Дайыр жаш баатыр, Ал айткан антын актады. Намысты алып бергенге, Бүт элдериң шаттанды. Тогузунчу май күнү, СССР жоону жеңди деп, Өлкөбүздө бүт элдин, Эт жүрөгү элжиреп.Согуш бүткөн күндөрдө, Толкубай жүрөк турабы, Ааламга бүтүн таралды, Советтик жеңиш урааны. Согуш бүттү дегенде, Сүйүндүрдү жүрөктү, Ардактуу Кызыл Армия, Орундатты тилекти. Мен жеңем деп салпылдап, Япон да чыкты бир туштан, Шаңданып шумкар чыкканда, Туруштук бере албастан, Ойсуз иттер кан кускан. Москвага түштө барам деп, Санабастан ал чыккан, Жашасын Кызыл Армия, Кубантып көңүл тыңгызган. Тынчтыкта жаткан өлкөгө, Мыкаачы Гитлер кол салды, Аттанып жаштар чыкканда, Акылсыз душман сандалды. Бул кабарды укканда, Толкубай жүрөк турабы, Балдарым намыс алды деп, Өлкөдө элим кубанды. Дүйнөлүк согуш басылды, Сүйүнүп жүрөк ачылды. Дүрбөлөң алган Гитлердин, Түп тамыры казылды. Ушунун барын иштеген, Узун болсун өмүрүң. Кыйратып жоону талкалап,

Ачылды гүлдөй көңүлүм.

  • Насип кайып, нике кайып
  • Талкан – күл азыктарынын бири
  • Бүркүтчү
  • АКЫЛДУУ ДЫЙКАН
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. СҮЙЛӨШҮҮ
  • Кичинекей Асан жана энеси.
  • Этнос калдыктары
  • Ууру (жомок)
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. СЫЙМЫК
  • Күмбөз
  • Шер датка
  • Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы
  • Учуул
  • Улуу Искендёр жана доктуру
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
  • Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы
  • Буйрук
  • Кошой-коргон – Байыркы ордо-шаар Атбашы
  • Карыз акча
  • «Кыз – конок»
  • «Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру»
  • Жаны китепкана ачылды
  • Ооруканадан сырткары жардам
  • Кыргыз макалдары Б-2
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВГО
  • Топурактын эрозиясы
  • Манасчылар
  • Жаман кошуналыгын колко кылат
  • БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)
  • Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү
  • Кыргыз макалдары -М
  • Үч көпөлөк
  • Терөпейилдик
  • ТОЛГОО
  • «Атауул» дейбиз
  • «Бакыр киши паанада»
  • Кыргыз жери жайлоолорго бай
  • Жагалым
  • СУУ, БАКА, БАЛЫК
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. СИЗГЕ
  • Cулуу тоолор
  • Кыргыз эл оюндары. Опол, ордо, орто топ.
  • Тери иштетүү жана тери буюмдары
  • Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт
  • Баары жакшы болот, берекелерим
  • Ишиңер ийгиликтүү болсун
  • Сура Курейш
  • Ормон опуза
  • Макмут
  • Кемеге талашуу
  • Сура Аль-Муджадила
  • Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө.
  • Сулуу көрүп
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ
  • Суяб
  • Батыш Түрк каганаты
  • Бакма бала
  • «Күйүтүн тартуу»
  • Сура Аз-Залзала
  • Сура Ад-Духа
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ЭНСЕГЕН ЭЛИМ АМАНБЫ
  • Нарбото бий
  • Бийкеч
  • Манапчылык
  • УМАЙ ЭНЕ
  • ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
  • КИНОДОГУ ӨМҮР
  • «Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук»
  • «Байдын уулу айраның, айраның болбосо чыгаар эле ойронуң»

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.