Кештелүү беле өңүрүм, Кейиштүү бүттү өмүрүм. Саймалуу беле өңүрүм, Санаалуу болду көңүлүм. Алтындан беле билегим, Армандан беле тилегим. Күмүштөн беле тилегим,
Күйүттөн беле тилегим.
Күкүгүң шактан кеттиби, Күйүттүү кайгы чектиби? Булбулуң шактан кеттиби,
Муңайып арман чектиби?
Алтын менен чайкаган, Кутуң калды, Жеңижок. Айда барып кеп айткан,
Журтуң калды, Жеңижок!
Күмүш менен чайкаган, Кутун калды, Жеңижок. Күндө барып ырдаган,
Журтуң калды, Жеңижок!
Ак куржун толо ыр калды, Алган жарым тул калды. Көк куржун толо ыр калды,
Кошулган жарым тул калды!.
Кызыл ат жорго желдирбей, Кылым кыргыз чогулса, Кимдин уулу дедирбей. Кыямат өтүп барамын,
Кучактап бала мен сүйбөй!..
Карадан жорго желдирбей, Казак-кыргыз чогулса, Кайсы бала дедирбей, Кайгырып кетип барамын,
Карманып бала мен сүйбөй!..
Анжияндын алтын баш, Ээриң калды, Жеңижок. Акынынан ажырап,
Элиң калды, Жеңижок.
Азилдешип бир жүргөн, Теңиң калды, Жеңижок! Кең Аксынын күмүш баш, Ээриң калды, Жеңижок. Күкүгүнөн ажырап, Элиң калды, Жеңижок! Тамашалап кеп айткан,
Теңиң калды, Жеңижок!
Телкүрөңдөй күлүктү, Темине чапса тер чыгар. Теңтуштарым келгенде, Теңир урган бул үйдөн,
Теңселип ырдап, ким чыгар?..
Кой-Күрөңдөй күлүктү, Кыялай чапса тер чыгар. Курдаштарым келгенде, Кудай урган бул үйдөн,
Кубанып ырдап, ким чыгар?..
Ак өрдөк учса, көл мында, Аралап ырдап жүрөргө, Ак калпак кыргыз эл мында. Алам деп келген ажалдан, Аман калар жолум жок,
Амалсыздан көндүм да!..
Көк өрдөк учса, көл мында, Күкүктөй сайрап жүрөргө, Күлүстөн кыргыз эл мында. Көрүнөө келген ажалдан, Көнбөй коёр жөнүм жок,
Күтүүсүздөн көндүм да!..
Алты канат ак өргөң, Алты айланып мал баскан. Акындын жайы кандай? – деп, Амандашып келүүдө,
Ага-тууган калбастан!..
Жети канат ак өргөң, Жети айланып мал баскан. Жеңижок, алың кандай деп, Жергелүү журтум көрүүдө,
Жетине албай калбастан!..
Аргымак тандап ат минбей, Ак кыжым салып салт жүрбөй, Алтындан жүгөн ойдурбай, Аргымак оозун чойдурбай,
Арманда кетип барамын!..
Күмүштөн жүгөн ойдурбай, Күлүктүн оозун чойдурбай. Күлүктөн тандап ат минбей, Көк кыжым салып салт жүрбөй,
Күйүттө кетип барамын!..
Кара манат майлыгың, Казакка кеткен дайыным. Кызыл манат майлыгың,
Кыргызга кеткен дайыным!
Жабагысы тай болбой, Жардыларым бай болбой. Кулундарым тай болбой, Курама журтум бай болбой. Тескейден сууну бурдурбай, Темирден коргон урдурбай. Күңгөйдөн сууну бурдурбай, Күмүштөн коргон урдурбай. Эркечим койду баштабай, Ээрчише конгон жардыга, Эчкиден бөлүп таштабай. Кочкорум койду баштабай, Коңшудан конгон кедейге, Койдон бөлүп таштабай. Сайдан түтүн булатпай, Сарала жылкы чубатпай. Көк-Ойдон түтүн булатпай, Көк-ала жылкы чубатпай. Айылдап келген тууганга, Ак ичик бербей кийитке, Ак шумкар бербей тартууга. Көргөнү келген тууганга, Көк ичик бербей кийитке, Көк шумкар бербей тартууга.
Сайга желе кактырбай,
Сайдан өткөн кишини, Саамалына чакырбай. Кырга желе кактырбай, Кырдан өткөн кишини,
Кымызына чакырбай,
Жыртылгыс тонду кийбедим, Жылжыма жорго минбедим, Жыргап бир доор сүрбөдүм! Айдама жорго минбедим, Атаңдын көрү, куу дүйнө,
Армансыз өмүр сүрбөдүм.
Түлкүнү кийбей башыма, Түрлөнүп өспөй жашыман. Суусарды кийбей башыма, Сыланып өспөй жашыман.
Кордукту тарттым башынан!
Алты аркар чыккан жылдыздан, Акын болуп, аттанып, Атактуу чыктым, кыргыздан! Жети аркар чыккан жылдыздан, Жеңижок ырчы атыгып,
Жез тандай чыктым кыргыздан!
Караган десем барк* окшойт, Кайрылып мени алмакка, Кадалып тийген дарт окшойт! Чырмоок десем барк окшойт, Чыңыртып алып кетмекке,
Чындап бир келген дарт окшойт.
Кыймалуу калпак, кара шым, Кие турсам не болмок. Кыркма сакал болгуча,
Жүрө турсам не болмок?
Саймалуу калпак, сары шым, Кие турсам не болмок. Сары сакал болгуча,
Жүрө турсам не болмок?!..
- Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү,
- БЕШИК ЫРЫ
- Али Тегин
- «Таш менен урганды, аш менен ур».
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ДҮНҮЙӨ
- САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ
- Сура Аль-Анам
- Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
- ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ КӨКӨ УУЛУ). БАЛАЛЫК
- Социалисттик эмгектин баатырлары
- Муштум түйүү
- Богра Хан
- «Коногум өз үйүңдү ойлой отур»
- Белек
- Чоң ата, чоң эне менен небере
- Азык уруусу
- Кожожаштын келиши, кыргыздын жеңилиши
- Японияда саясий ойдун өнүгүшү
- ТОГОЛОК МОЛДО. АЛА-ТОО
- Кетбука
- Байдылда Сарногоев. Чыдай түш
- Жүгүнтпей эле кой
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
- Жүз көрүшпөө
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
- Аверден
- Бакма бала
- Кыргыз эл оюндары. Токол эчки, топуракты таш менен уруп чаңытуу, упай.
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ТАҢКЫ ТООЛОР
- Альтруизм, тагыраагы — антиөзүмчүлдүк
- Жерди көргөндө
- Платон
- Үч ууру
- Күүлөрдүн келип чыгыш тарыхынан
- Кокон хандыгы менен кыргыз арасы
- Революциячыл комитеттер
- Жаман кошуна
- Бышмана
- РАМИС РЫСКУЛОВ. СЕРГЕКТИК
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖАЙКЫ ТАНДА
- «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр»
- Каратегин
- «КОЖОЖАШ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
- Математика илимине салым кошкон окумуштуулар
- Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр
- Чымчышуу
- Жоопкерчилик
- Мурдунан кооп
- Бирдеме дегиле
- Туз татуу
- Жеңижок. Замана
- « ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР.
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ТИЛЕК
- Таң каракчысы
- Сура Али Имран
- Багыш. Мендирман (1)
- Катын албай, кайын ал
- Үркүн
- Туулган жерим
- От алышпай кетүү
- Пайдалуу кеңештер
- Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери
- БЕЛГИ ЫРЫ
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЛА-ТОО
- МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. КЫРГЫЗЫМ
- Арбак урсун
- Сура Аль-Хакка
- «Толтой» – эпос
- Айкөл Манас. 10-китеп
- Түргөш тыйындары
Кыргыз