Илгери-илгери, тээ 1506-жылы бир соодагер шаардын жарманкесин кыдырып жүрүп, ичине сегиз жүз алтын салынган түйүнчөгүн жоготуп жиберет. Түйүнчөгүн таап алган жыгач уста үйүнө алпарып, ачып караса, ичи толтура алтын көрөт, ал коркуп кетип, түйүнчөктүн ээси табылгычакты катып коёюн деп ойлойт. Эртеси күнү жекшемби экен. Чиркөөнүн попу, бир соодагердин алтын салган кабын жоготуп жибергенин, тапкан кишиге жүз алтын бере тургандыгын жарыя кылат. Жыгач уста ал күнү чиркөөгө барбай калганы үчүн, ал жарыяны укпай калат. Чиркөөгө барып келген устанын аялы жарыяны угуп: “Ошол капты биз таап алсак кандай сонун болор эле. Бизге жүз алтын беришет болчу”, дейт. Анда уста аялына: Сен жогорудагы бөлмөгө барып, үстөддүн жанындагы дубалдын тешигинде бир түйүнчөк бар, ошону алып кел дейт. Аялы барып, алып келсе, чын эле каптын ичинде 800 алтын бар болот. Жыгач уста попко барып: “Чын эле тапкан кишиге жүз алтын берет бекен” деп сурайт. Анда поп баш ийкеп: -Ооба… албетте, дегенде, жыгач уста: Мейли аңда… Соодагерди чакыргыла, алтындарын мен таап алгам. Аны уккан соодагер абдан сүйүнүп, жүгүргөн бойдон поптун жанына келет. Акчасын жакшылап санап туруп, жыгач устага беш алтын сунат: Мына… Бул беш алтынды сага белек кылам. Анткени мен айткан 100 алтынды ансыз деле алып алыптырсьга. Себеби капта тогуз жүз алтын бар болчу,-дейт. Жыгач уста жини келгенинен, кыпкызыл боло түшөт да: Мага ушуңдай деп айтканта кантип тилиң барат? Түйүнчөгүңөн бир да алтын алган жокмун. Мен деген абдан чынчыл жана намыскөй кишимин. Соодагер айтканынан кайтпаганда, чогуу сотко барышат. Сот соодагерди суракка^алып: Тогуз жүз алтын жоготконуңа ант ичесиңби? дейт. Соодагер: Албетте, дейт. Анда сот устадан сурайт: Сегиз жүздөн ашык алтын таппаганыңа ант бересиңби? Уста да: Албетте, деп жооп берет. Сот чечимди мындайча чыгарыптыр: Экөөң тең туура ант бергениңерге ишенем. Бирөөң 900 алтын жоготтум дейсиң, бирөөң 800 алтын таптым дейсиң. Ошондуктан соодагар 900 алтын тапкан кишини издесин, ал эми уста 800 алтын жоготкон киши табылгычакты алтындарды катып койсун-дейт. Ошентип адилеттик орун таап, сөзүңцө турбаганы үчүн ач көз соодагер алтындарынан кол жууп калган экен.
- Идеология жана маданият
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЫРДЕСТЕ
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ
- Сура Али Имран
- «Манас» эпосу жана тарых
- Каныкей
- Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
- Айкөл Манас. 5-китеп
- Кыргыздар Cибирь тарыхында
- Кой үстүндө боз торгой жумурткалап
- МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮ
- АЙ, КҮН, ЭМЧЕКТЕГИ БАЛА
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СҮЙГӨН ЖАРГА
- Кыргыз эл оюндары. Жаңгак атмай, жаңгак чертмей
- Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
- Класс ичиндеги адеп
- Кабырга туугандар
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫК
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЭЛИКТИН ЧААРЧЫГЫ
- «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
- Жер аттары – энчилүү аттар
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. ЧӨП ЧАБЫК
- Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт
- Бийкеч
- Моңолдордун жыйылып эл болгону
- Ой-пикир түзүүчүлүк
- Манастын туула элегиндеги бабалары
- Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
- Сура Ат-Талак
- Он эки миллион
- ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ
- Тукум курут кылуу
- АЙ, СУУ
- Кыйтыйып туруу
- Молдо
- КАЛЫГУЛДУН ТЕРМЕ, САНАТ ЫРЛАРЫ
- ДАРАКТА ДА КЫЯЛ БАР
- Классикалык образдардын жаратуучусу
- Таш-Рабат
- Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
- Жоолук салынбай эле кой
- Чопкут
- Кузаматчылык
- Рахманкул хан
- Сура Фатыр
- БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ӨЗҮ КААР, ТИЛИ ЗААР КЫЗ
- Мээр чөп (уламыш)
- Кыргызстандын коруктары. Коруктар
- Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү
- Этникалык талаа жана этногенез
- Жеңижок менен Токтогул
- Атка мингизүү
- Насаат сөз. Токтогул Сатылганов
- Абак
- ЖУСУП БАЛАСАГЫН. Акындарга карата мамиле
- Элдик адам
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЭНЕКЕМ
- Фотомонтаж деген эмне?
- Кезектеги жыйналыш
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВГО
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧАГЫЛГАН, ЭЧКИ
- Акация дарагы
- Оп майда
- Таан падыша
- Сура Аш-Шарх
- СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. МАМИЛЕ Сонеттер алкагы
- «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
- Итенген сайын бир боорсок
- Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
Кыргыз