« ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР.

ЭР ТАБЫЛДЫНЫН ЖАРАДАР БОЛУП ЖАТКАНДАГЫ АЙТКАНЫ

-Атаңдын көрү дүнүйө, Арбыды жараат күнүгө. Агын суунун боюнда, Агарган таңды көрө албай, Арманым айтып жатамын, Айласыз караан түнүндө. Алладан жардам болбосо,

Азаптуу менин үнүмө.

Жер угулбайт үнүм элиме, Элим тургай жериме. Эгемден жардам болбосо, Жан кыямбы жалдырап, Ээн талаа жеринде. Айбан да болсоң жаныбар, Арчатору жолдошум. Арманын айтып эч пенде- Адамда мендей болбосун. Аталаш тууган болсо да, Арбак урган куу как баш, Кудайназар оңбосун! Жаратым кетти чабылып, Ашыгымдын шишиги, Алача белге жабылып. Жанымдагы чалапты, Алып ичер дарман жок, Ээн талаа, ирме чөл, Жалгыз калар мен белем. Аймагымдан айрылып, Элдияр качан келет деп, Эки көзүм таңылып, Эсим ооп турганда, Эч көрө албай зарылып. Атаңдын көрү дүнүйө, Эл ичинде мен болсом, Тегеректеп турбайбы Эс алдырып жалынып, Энекем байкуш турбайбы. Мойнуна курун салынып, Кең Нарындын боюнда, Кечүү токой оюнда, Калың бадал түбүндө Кара суунун четинде. Керээз айтып калам деп- Кирбеген менин оюма. Кыймылдарга чамам жок, Кубатым калбай боюма Катаган биздин эл кана. Кара-Тоо коргон жер кана? Кырк жигит Эрмек дос кана. Кыйналган жалгыз жаш бала, Эрмек болор киши жок. Ээн жатам талаада. Чымырканып алайын, Чындап кайрат кылайын, Чымындай жаным чыкканча Чыңалган шишик жарага,

Чыдагансып турайын.

  • Сура Аль-Анфаль
  • Тамактан дымак жаралат
  • Толубай сынчы
  • Шырдак
  • Сагыз жөнүндө.
  • ЖАШТАРГА
  • Таман акы, маңдай тери
  • Улуттук жана табият парктары. Кыргызстан
  • Бармак басты, көз кысты
  • Күүнүн башы – «Камбаркан»
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. БИЗГЕ КЕРЕК БИР МИДИН
  • Түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгү
  • Эсептөө техникасынын тарыхы жана информатика илими
  • Төбө чачы тик туруусу
  • Өмүрбаян. Автобиография
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. АЙЫРМА
  • Белунуп-жарылуу
  • УМАЙ ЭНЕ
  • Казан асуу
  • Адигине, Тагай кимдин баласы?
  • Кыргыз элинин адабияты
  • «Отузуңда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың»
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЛЫМКАН
  • Тыныбек
  • Сура Ат-Тур
  • ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. ТАН
  • «Суроосу жарашса, соз айтылат»
  • Кызыл карышкыр
  • Кезектеги жыйналыш
  • СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. МАМИЛЕ Сонеттер алкагы
  • Үй-Бүлө
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. МЕН–КЫРГЫЗ
  • Багыш. Мендирман (2)
  • Белгисиз ый
  • Ой жүгүртүү торчосун кантип колдонуу керек
  • Эне көргөн тон бычат, ата коргон ок жонот
  • Кытай жөнүндө
  • Сура Аль-Балад
  • МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» ПОВЕСТИНЕН БАЙБОЛОТТУН КАТЫ
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМ3АТ
  • Төө сойсоң да барбайм
  • Кыргыздын зор мамлекети
  • «Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт»
  • Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу
  • Эркектердин чач асыроосу
  • ДОС, ТАМЫР АДАТЫ
  • Меймандын атын жайлоо
  • Көкчөнүн өлүшү 4-бөлүк
  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖЫЛАН МЕНЕН БАКА
  • Мурдунан кооп
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АККАН СУУ
  • Маалымкат
  • Акыш менен сулайман
  • Жыланга ак чачуу
  • Сура Аль-Маида
  • Кыргыз эл оюндары. Узундукка секирүү, узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү, аңкилдек.
  • Уй сааш
  • АТА-ЭНЕНИ УРМАТТОО ТУРАЛУУ
  • Кедейкан. Токтогул Сатылганов 4-бөлүм
  • Куйтулуктун
  • АК КУРЖУН ТОЛГОН ЫР КАЛДЫ
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. ЖАНЫЛ МЫРЗА (поэма)
  • «Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп»
  • Бөктөрүү
  • Толтой
  • Реки Кыргызстана Кыргызстандын суулары
  • Этногеография
  • Күлүктү токуу
  • Нүзүп бий

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.