СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АЙЫЛЫМ

Айланайын айылым–топурагым, Сен бар үчүн бар болуп олтурамын. Сен бар үчүн бийикмин тоолорумдай

Сен бар үчүн мынчалык толтурамын.

Айланайын айылым–тууган жерим, Киндик кесип, киримди жууган жерим. Бул дүйнөдө түк башка жер жок сендей

Мага төгүп дайыма турган мээрин.

Алтымышка келсем да балаңдаймын, Сен жумшасаң, “жок” деп мен бааланбаймын Аткардымбы, жокпу деп, көп учурда

Өз ичимден санаа жеп калам дайым.

Ар куурайың, ар жерде жаткан ташың, Окшоп кетет өзүмдүн жатындашым. Бир биз эмес, өткөндө бабалар да

Сен үчүн деп арнашкан алтын башын.

Атың жакшы Кууганды, Чөңөр деген, Көк Ала Таш, Тегерек–төрлөр кенен, Баарына тең бөлүнүп турат жаным,

Баарыңда тең сүйүүм бар көөнөрбөгөн.

Калаада өтүп жатса да ай жылдарым, Каным-жаным аркылуу айлымдамын. Азга да болсо эгер сени унуткарсам,

Ал эмеспи–өзүмдөн айрылганым.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.