Баткен окуясы. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республиканын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Республиканын мамлекет бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук административдик кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республиканын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, Республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган. Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту.
Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү. Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя Республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында Республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, курал- жарактын жетишсиздиги жана башкалар айкын көрүндү. Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык- экон. маанисин эске алып, Кыргыз Республиканын Президенти А. Акаев 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек районундору жана Кызылкыя ш. киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.
- Сура Аль-Хадж
- Сура Аль-Анфаль
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ
- Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан
- Коргоого алынган коруктар жана айбанаттар
- Аза күтүү
- Марков чынжыры
- Манас. Аккула менен Алгара
- Мал-башым тартуу
- Тестиер кыз
- Кыргыздын каада-салттары. Аш жана ашты берүүдөгү салттар
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЭГЕР БОЛСОМ
- Каңдылар байыркы кыргыз уруусу
- Сура Абаса
- АКБАР РЫСКУЛОВ. ЭЛЧИ ЖҮРДҮМ
- Социум, политийя жана этнос
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ
- «Өлө албай жатып өлөң айтат»
- «Моңолдор журттун уюткусу»
- Мазарга сыйынуу
- «Отузуңда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың»
- Тарыхый топонимдер жана эстеликтер
- Солтобай ырчы
- Кеө жабуу
- ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- Кыргыз (Киргизы). Кыргыз эли
- Ат оонаган жерде түк калат
- Табышмактар. Кыргызча табышмактар
- Сагыз жөнүндө.
- Автандил Арабаев. Ким экен…
- Адамдан адам не жатыркайт?
- Сөгүнүү-сагынуу
- Бүргө баатыр
- Текөөрдөшүү
- Аверден
- Күч күйөө
- Ландшафттардын “ашташкан” жерлери
- Турпанга качкан эл
- АК БАТАЛАР. МАНАСТЫН БАТАСЫ
- Чоң ата, чоң эне менен небере
- Сулуу көрүп
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАНЧА БАШТУУ АЖЫДААР?
- Бакшы
- ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
- Ууру (жомок)
- Алачка
- Төө сойсоң да барбайм
- Шыйкыны качуу
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. “МЫРЗАЙЫМ”
- Байдылда Сарногоев. Мас жана канчык
- Узун сарыга сактаганы
- АЙ, КҮН, ЭМЧЕКТЕГИ БАЛА
- ЖАҢГАК ТОКОЮ
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАХАБАТ (поэма)
- Эсептөө системасы
- Кошой-коргон – Байыркы ордо-шаар Атбашы
- КЫМЫЗ ИЧҮҮДӨГҮ АДАТТАР
- Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү
- Жигит
- БАЛАЛУУ ҮЙ – БАЗАР
- АКБАР РЫСКУЛОВ. МҮНҮШКӨР
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ
- Паргананы каратып, орус оторчуларынын орношкону
- Алганга бар, бергенге жок
- Чалагыз
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КАРЫЛЫК
- Сура Аль-Масад
- ИНИМЕ КАТ
- Колхоз жөнүндө
- Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
Кыргыз