Кыргызстан
Кыргызстан – Орто Азиянын түндүк-батыш жагында жайгашкан. Батыш тарабынан Өзбекстан, түндүгүнөн Казакстан, түштүгүнөн Тажикстан жана Кытай менен чектешет. Чек арасынын жалпы узундугу-3878 км. Жалпы аянты-198 500 чарчы км. Аянты боюнча дүйнөдө 86-орунда турат. Түштүк-батышында Памир-Алтай тоолору жайгашкан. Өлкөнүн эң бийик чокусу Тянь-Шань тоо кыркаларындагы Жеңиш чокусу (бийиктиги 7439 м). Негизги дарыясы – Нарын. Ири көлү – Ысык-Көл. Өлкөнүн алтын, сурьма, сымап, көмүр, нефти, газ жана гидроэнергетикалык потенциалы бар. Фергана өрөөнүндө жайкысын абанын температурасы +40 градуска чейин жетет. Январдын орточо температурасы кышкысын тоолуу аймактарда орточо -28 градус болот.
Калкы 5 миллиондон ашык. Кыргызстан дүйнөдө 112-орунда турат. Калктын орточо жыштыгы 1 чарчы км.ге 23,9 адам туура келип, 52%ин кыргыздар, 21%ин орустар, 13%ин өзбектер, калганын украин, немис, казак, уйгур, тажик ж.б. этникалык топтор түзөт. Мамлекеттик тили – кыргыз жана расмий тили – орус тили болуп саналат. Сабаттуулуктун деңгээли-97%. Эл агартуусу. Өлкөдө 40тан ашык жогорку окуу жайы бар. Бардык айыл-кыштактарда орто билим берүүчү мектептер бар.
Экономикасы өнүккөн өнөр жай тармагы: түстүү металлургия, машина куруу, жеңил жана тамак-аш ж.б. Айыл чарба тармагында: малчылык, пахта, мөмө-жемиш, бакчачылык, тамеки өстүрүлөт. Акча бирдиги – сом. Ири соода өнөктөштөрү: КМШ өлкөлөрү, Кытай жана Түркия. Темир жолунун узундугу 370 км, авто жолунун узундугу-30 300 км. Тарыхый-маданий жерлери: Биздин мекен тарыхый Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыктан, байыркы шаар калдыктары абдан көп. Алардын катарына Токмокко жакын жайгашкан Бурана, Өзгөндөгү мунара, Оштогу Сулайман тоосу, Ат-Башы районундагы Ташрабат комплекси ж.б. кирет. Кыргызстан эл аралык төмөнкү уюмдардын мүчөсү- БУУ, КМШ, ЕЭК, ЮНЕСКО, ж.б.
Интернет домени: kg. Өлкөнүн коду: К02
Кыргызстан – Видеону көчүрүп алыңыз