Меймандын атын жайлоо (отко коюу). «Арчалар жибек жалын желге тарап, Кеч жаңы moo арасын аңтарганда, Жылкылар өзөн өйдө өрдөп барат, Мамыда am тыбырайт каңтарганда». (С. Эралиев)
Адатта, мейманды аттан алаары менен атынын тизгинин ээрдин кашына каңтарат. Басмайылын бошотот. Меймандан: «Атыңызды качан отко коебуз?» – деп сурайт. Тердеп келдиби, жай бастырып келдиби, суутуу керекпи, «Талаш отко коебу», «Таң ашырып коебу» үй ээси билиши зарыл. Мына ошого жараша меймандын көңүлү жай-ланат. Атты таң ашырууда демин басаары менен бир аз чеп чалды-руубуз тийиш. Таң ашыруучу атты жайдактап, жалына тизгинди каң-тара байлап коюш керек.
Кыргыз