ИНИМЕ КАТ

ИНИМЕ КАТ

Айылыбызда Жанаалы аттуу карыя жашарын билесиң. Ал киши жаш кезинен Чүй өрөөнүндө өсүп, биздин айылга 60-жылдардын башында (анда сен кичинекей элең) көчүп келип, там салган. Байкасак Жанаалы — өзү теңдүү карыялардан айырмаланып, жаңыча ой жүгүртө билген, бир топ прогрессивдүү карыя. Чүйдө өсүп, борбор шаарга жакын айылдардын биринде узак мезгилге чейин орус адамдары менен аралаш жашап эмгектенгендиктенби, анын мүнөзүндө айылдын абышкаларында жок белгилер бар. Өзүң билесиң, ал чоңоюп калган балдарым бар деп жөн турбастан (байбичеси эчак көз жумбады беле) уюн өзү саайт. Балдарынын колу бошобой жатканда чаканы колуна алып сууну көздөй жөнөйт. Айрымкелин кыздуу үйдүн тамынын тышы бир эки жылдан бери акталбай турса, Жанаалы карыя үйүн жазында аппак кылып актап алат. Короожайын мизилдетип таза кармайт.

Кийимкечесинин жыртыктешигин өзү жамайт. А түгүл балдары жокто намыстанбайэтпей эле камыр жууруп, дандырга нан жапканын өз көзүбүз менен көрчү эмес белек. Бирок коңшуколоңдорду аны жактырышпайт. Ырас, Жанаалынын мүнөзүнүн кемчил жактары да жок эмес. Бирок, коңшуколоңдор үчүн анын начар жактарына карыянын уй сааганы, камыр жуурганы, сууга барганы да кирет. Аялдар кобурашып: «Уюн айыл ападагы эле келиндердин бирине саадырып албайбы, сакалын сүйрөп, чоргонун жанында келинкезектен суу талашып турат. Оңой менен кишинин үйүнө кирбейт, орус мүнөз»,— деп ушакташат. Мурдагы жылы Жанаалы карыянын уулу Жеңишбек айылдагы кыздардын бирине сүйлөшүп, баш кошкондогу окуя эсиңдедир. Кыздын атаэнеси Жанаалы менен өлсөк да куда болбойбуз деп чыр салганда, Жанаалы карыя аларды жоошутуш үчүн «ачуу басар» деп, бир топ акча, бир бээ жетелеп барган эле. Ошондон кийин кошуналардын Жанаалы карыяга көз карашы өзгөрүлдү. Тегерегиндегилер уудуу болушуп: «Ушул Жанаалы киши өңдөнүп ушу ачуу басарга барат деп ким ойлоптур. Болгондо да битиребейэтпей бакыйган бээ жетелеп, баланчадай акча алып барбадыбы! Колунда барын аяган жок кургур, эми киши катарына кошулбадыбы, адам экен, адам экен!» — дешип канааттанып кеп кылышты. Байкап көрчү, кошуналардын Жанаалы карыянын жогорудагы «орусча» мыкты жактарына тийиштүү баа берүүнүн ордуна, тескерисинче анын эски салтты ээрчип, кудасынын алдына түшкөнүн, «битиребей» кайра элден ашырып, бакыйган бээ жетелеп, бапыратып көп акча алып барганын аңыз кылып, муну карыянын оң жагы катары баалап, киши катарына кошулду деп жатышканын. Жанаалы карыянын киши катарына мурдагы жылы жайында гана эмес, эбак эле кошулганын алар байкабай жатат. Тескерисинче Жанаалы карыя өзүнүн айрым эскичилигине карабастан: «Силер качан көзүңөрдү чоң ачып, маданияттуу адамдардай ой жүгүртөсүңөр» — деп, коңшуларынан сураса оң болчудай.

Советбек Байгазиев

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.