Кийим жарашыгы. Ар бир улуттун кийим-кечек кийүү мада-нияты – кылымдарды жырткан маданият. Ал – ата-бабалардан бери сындан өткөн жарашыгы, кооздугу, адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүн даана аныктаганы. Чоң кийимдерди бычып-тигүү узчулук, түпкү энелердин, чоц энелердин, тайэнелердин чыгар-мачылык күчү, талбас изденүүлөрү көпчүлүктүн коз кырында турган. Муну ар дайым аздектеп кийип, таберик катары сезип, бул үлгүлөрдү кийинки урпактарга каада-салт катары жеткирүү эмне деген эмгек?! Кыргыздардын кийимдеринин үлгүлөрү жогорку ко- оздукка жеткен. Муну өз элибиз кийгенде укмуштай сындуу жара-шат. Ошондой эле башкаларды тууроо бизге андай улуттук та-тымдарды таптакыр бере албайт. Тилекке каршы, биздин журтчу-лук бирөелердүн кейпин алып жүрүүгө ынтызар, андайга аттанып түшүшөт. Ал эмнеликти көрсөтүүдө: Биринчиден, өз чырайын өзүнөн өзү тануу, өзүн өзү маскарапоз кылуу. Мисалы, баамдап көрөлүчү, толмоч ургаачы олоң чачты түбүнөн желкеге такап кырккан. Ал кара калпак же норка тебетей кийген, чачынын учу ал баш кийимдерден шыкаалап турат. Эткел-дин сөйкөсү аркылуу кээде кыз-эркек экенин байкайбыз. Анан тар шым, гисар койдукундай куйрук. Арийне, бул эмнеге окшоп калды? Экинчиден, алар жалаң орусча сүйлөйт. Ооз мурундары чоюш-тайт. Кыргызчага жарым-жартылай жооп берет да, жактырбагандай абалда каштарын серпип, билип турса да, сизди сабатсыз адам катары сезет. Тыбышка калька коюп сүйлөйт. Үчүнчүдөн, кыргыздын элдик кийимдери тууралуу итатайы ту-тулат. Анан аларга кантип кийим жарашат? Эгер кең этеги көөлгүгөн көйнөк, үч бел кемсел кийип, шайы жоолук салынып, үлгүлүү жүрүш-турушу көпчүлүктүн коз кырында турса, эмне деген дөөлөт жана сеөлөт дейсиң?!. Мода артынан түшүү. «Мопосуй соргон баладай, Моданы билет катыра, Жарым ай кылып, тегиздеп, Жакшы эле карайт кашына. Бирок көчөдө жүргөн элдерге, Көрүнсөм дейби татына… Ороп туруп чачына, Стакан коет башына»… (Байдылда) Бул – жагымсыз салт. Ар бир улуттун табигый маданиятына балта чабуусу, баба мурасына, эне адебине олдоксон доо кетирүүсү, ар бир элдин мурасы, ал – ошол элдин руху, байлыгы, башкалардан сыймыктана турган, кылымдарды кыдырган дөөлөтү, сөөлөтү. Мо-дага берилүү – зыян көрүнүш. Таасири күчтүү элдер өзүнө тартып кетүүсү, өзүңдүн түпкүлүктүү кулк-мүнөзүңдөн кол жууп калуусу. Ал ачык эле корүнүүдө:
Биринчиден, сырткы кейиптен, кийим-кечек кийүүбүздө, түстүү боенуп өзгөрүүдөн, жеңил-желпиликтен;
Экинчиден, сөз сүйлөөдөн, бирөөлөр менен тил катнаштан, алыш-бериштен, өзүнүн эне тилин жерүүдөн, ой-туюмун берүүдөн, кыргыз сезүнө орусча аралашуудан, ага басым жасоодон; Үчүнчүдөн, батыштын жылаңач цивилизациясына таасир-ленүүдөн эмес эле, өзү да дал өзүндөй жалаңкат, жеңил ой-пикирди тууроодон, ото шашып кетип, эми эле ошондой болуудан, эмне үчүн, ушинтип, жатканын өзү да сезбей калуудан, ал пендеде же чымчым билим, акыл жок, кесип жок, өзү да делбетап, анан сырткы турпатын өзгөртүп алып, өзүнө өзү татына көрүнүүсүнөн. Төртүнчүдөн, дүйнөлүк цивилизация – ар бир элдик улуттук маданиятта өсүп-өнүгүүсү, билим-илимдүүлүгү, ар кыл кесипке эге-дерлиги, бир нече тилдерди билүүсү, ж.б. бөтөнчөлүктөрү менен баруу салтын-наркын түшүнбөөлөрүнөн т.а. цивилизация – деген эки жоон саны, алды-арты тилик, жер чийген денесин чыптаган көйнөк кийүүсү же киндигин көрсөтүүсү эмес. Ал бир элдин эле, ми-салы, англичандардын, немецтердин, француздардын, жапандардын, кытайлардын ж.б.лардын маданиятын теңир көрүү, тутка тутуу эмес. Сен өзүндүн каада-салтыңды, үрп-адатынды, ырым-жырымдарынды, эм-домуңду ыйык сакта. Ата-бабадан бери келе жаткан асыл мүнөздөрдү сапаттуу сакта, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөнү ал-даба, каракчылыкжасаба, боорукер, кайраткер, мээнеткерж.б.лар-ды аруулукта кармай бил. Мына ошол сага цивилизация!..
Бешинчиден, мода кууш музыка угуудан, бул – Кыргыз Атанын тукумунун кыжырын кайнатуудан, комуз, чоор, сыбызгы өңцүүлөрдү сүйбөөдөн «каңкылдактарды» каалоодон, бирок, өзүлөрү да даана түшүнүшпостон, «Манас» укпоодон, китеп, газета, журнал окубоо-дон, теледен жат корсотүүлордү таап алуудан. Той дасторконунда элибиздин атактуу классиктеринин ырларын, күүлорүн угузуп, улуу-лардын ыраазылыктарын албоодон корүнот.
Алтынчыдан, модачылар – озгорүлүп туруучулар, кубулмалар, жеңил ойлуулар. Бул -ургаачылардан арбын чыгат. Кечээки кийген-дерин, бүгүн чануучулар. Демек, ата-энелеринин, тууган-туушкан-дарынын моюнуна минүүчүлор, жондон түшпой жүрүүчүлор, үй ка- ражатынын берекесин кетирүүчүлор… Жетинчиден, модачылар балага энчилүү аттарды коюуда да ев-ропалыктарды туурашат. Батма, Зуура, Батый, Бакай, Базарбай, Сүйүн оңцүү аттарды копол катары корүшүп, ат коюудан уялышуусу. Сегизинчиден, балдардын мода кууп кетишине ата-энелер да себепкердиги. «Эмне, элдин баары эле кийип жүрүшпойбү, кызым башкалардай боло албайбы, учурунда кийинсин. Туштугун корүп
келсин» сыяктуу шыкактоо болушу, тапкан-ташкандарын адбай жум-шап коюшуусу боло берүүчү көрүнүш.
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. КИМИСИ БАЛБАН?
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. КАРЫШКЫР МЕНЕН ТУРНА (Крыловдон улам)
- Жумгалдагы көтөрүлүш
- Кийим жарашыгы
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 3-бөлүм
- Эн-тамга
- Чакчая кароо (көздү чакчайтуу)
- Аваттар
- Муштум түйүү
- ДОС, ТАМЫР АДАТЫ
- Сура Аль-Фалак
- Бугу балбайдын өлтүрүлгөнү
- Чык татырбас Чымырбай
- Санжыра. Кыргыз санжырасы
- Цин сулалесинин расмий хроникалары
- Чоңкойсуу шаар чалдыбары
- Кесип куралдары
- Жүйөөлү кеп
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. ЖАШТАРГА
- Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан
- Узун агач согушу
- Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү
- Чочутуу
- 1894—1916-жылга жете шайлоо тартиби
- Кетти Залкар…
- Кытай жөнүндө
- Колукту
- Сура Нух
- Ислам дини туурулуу учкай сөз
- Бөрү (ууру) тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
- Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык
- Аманатыңды тарт, кудай!
- Ата-энеге кол көтөрүүсү
- Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр
- Кабырга туугандар
- «Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу»
- «Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы»
- Нускама
- Айбандан мурда адамды ардакта
- Башын аттап кетүү
- ЭЛИНДИН КЕТПЕЙТ ОЮНАН
- Опузалоо
- Каңтары бар
- МИДИН АЛЫБАЕВ. СААДАТ–КАНДИДАТ
- Эне көргөн тон бычат, ата коргон ок жонот
- Кыргыз эл оюндары. Балта ыргытмай, баш кийимди ыргытып илмей, баш кийимди уруп түшүрмөй.
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ТЕРМЕ
- ЧУБАКТЫН МАНАСКА ЧОРО БОЛГОНУ
- Бирин-бири уруп ойноосу
- БЕЛЕК СОЛТОНОЕВДИН “РУМКАН” КАЗАЛЫНАН ҮЗҮНДҮ
- Тийишкендин катыгын беруу
- Манапчылык
- КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)
- ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
- ФРОНТТОГУ АГАЛАРГА
- АКБАР РЫСКУЛОВ. КАМЫШ АЙ КАНЫШАЙ
- Тяньшандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?
- Бирөөнүн отуна жылынам деп
- Белгисиз ый
- Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасы
- Тийишкендин катыгын беруу
- Көтөрмөлөп алуу
- ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
- «Ат, аттан кийин жат»
- Сабатсыздыкты жоюу
- Кыргыздардын жуңгарияга көчүрүлүшү
- Абдыракунов Турдубай
- СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. МАМИЛЕ Сонеттер алкагы
- Саяк кыргызынан каба уругу алыбек баатырдын нарындын боюндагы өзбектин куртка коргонун бузганы
- Түрк тилдери
Кыргыз