Кокон хандыгы менен кыргыз арасы

Кокон хандыгы менен кыргыз арасы

Абылайдын чабуулунан кийин кокондук менен кыргыз катыша баштады деп жогоруда айтылды эле. Кыргыздын бул биринчи катышы болбостон андан мурун да катыша келген.
Кокон хандыгы хижираттын 919-жылы (бизче 1501-жылдан) куралып, Алтынбешик Айбөбөктөн башталат. 1500530-жылга жете Тескейде (Ысык-Көлдө) кыргызга хан болуп турган Мухамбеткайдар өзүн өзүнчө хандык деп турган үчүн Кокон хандыгына чабуул коюп турган. Тарыхтарда болсун, карыялардын айтуунда болсун кокондук менен араздашпастан, аны менен катышып турган. Бул жакындыктын себептери: 1) Фергана кыргызы кокондук менен аралашып, бирде өзүнчө өкүмөт түсүнө кирип тургандыгы; 2) арка кыргызы калмак, казактан кысымчылык көрсө Ферганага качып барып? баш калкалаган; 3) эгинден кысталан болсо Ферганадан алган: 4) соода-сатыгы боюнча көбүнчө Фергана менен болгон; 5) кыргызда кээ бир атактуу кишилери өлсө, болжолу 182025-жылдар чамасына жете арка кыргызынан болсо да аны алып барып, Анжиан шаарындагы Арстанбапка коюп турган.

Кыргыз Анжиан, Алайдан кайтканда толук букара болуп карабаса дагы 1758-68-жылдарда карамакка убада берген. Маселен. сарыбагыш кыргызынан Тынайдын уулу Атаке карамакка чындап убада бергенде ага бир мөөр берген, Андагы жазуу «Лайла Тулкадырда туулган Атакенин Тынай урушта Үрүстөмдик Жоомарттыкта атымтай» Жана башка кыргыздан ар урук өз бетинен киши жиберип турган. Ошолордун бири 1791-жылында сарыбагыш кыргызынан Эсенкулдун уулу Эркубат деген жана жантай уругунан Асан баш болуп, эки тогуз ат, бир тогуз куш, кушунун баштыгы бир күйке болгон, (Кыргыз адетинде күйкөнү куштук аксакалынан сылайт). Таластын кыргызынак карамакчы болуп, саруу Ажыбек элчи жиберген.4-жана саяк, бугу, солтодон карайбыз деген толук убада алган соң .Конок ханы минбашы Кушбеги деген улуктарын 1807—10-жылдар чамасында арка кыргызына жиберип, кыргыз, казак жерине коргон
Аркадагы кыргыз жерине жана казак арасына салдырган коргондору: 1) Таласта, 2) Кочкордо, Каракол, Сөөктүн бою, токойдун башында, 3) Шамшынын бою, Орто талаада. Бул айтылган эки коргондун эки арасы 10 чакырымчалык болгон. Мурунку айтылган Кызартка кеткен жолго жакын болгон. 4) Нарында. Нарын суусунун аягы, түн жагынан келип куйган туура суу, Куртканын оозу күн батыш босогосунда болгон. 5) Жумгалда суунун түн жагында Каройдо болгон. 6) Кара күңгөй Кырчында болгон. Жумгалдын башында өзбек термини «Базар Турук» деген жер бар. Сөздүн өзбекче болгондугунан бул жерде кокондуктун коргону болбосо да, сарай болбосун деп көп сураштырдым. Анда кокондуктун турганынаң эч бир кабар табалбадым. 7) Суусамырда, Аксуунун бою. Бул жерде Кокон Хандыгы жыгылар чакта. Көлдөй жана Манкабек деген улугу болгон. Тогуз Тородо. Соңку убактарда Нарын кыргызынак Курманкожо улук болуп турган. Анын Чолук деген баласы Өктөбүр революциясы башталганда, 1918-жылында Нарын калаасында колонизаторлор тарабынан өлтүрүлдү. Чүй боюнда; 9) Мерки; 10) Ашмара; 11) Пишпек — кыргыз тарабынан өлтүрүлгөн Рахматилдадан мурун Атабек улук болгон; 12) Токмок шаарында жакын жерде, Покровка кыштагынын күн батыш жагында бир километр жерде кашаттын үстүндө, болуп, анын күн батышы коо болгон: 13) Ак-Бетте (азыркы Атайке кыштагында). Чүйдүн суусунун чоң кашатына тийе болгон; 14) Кара Балта, Ак Сууда; 15; Ысык-Көлдө, түн жагы К.аройдун Бөрү К.өрбөсүнде болгон; 16) Күн жүрүш Жаргылчак менен Тамгада; 17) Барскоондо. Казакта: 18) Алматы шаарынын күн чыгышында болгон. Анда Тучубек деген улугу турган. 19) Иле боюнда; 20) Чүй суусунун өзөнү Калыгытуда, мындай сарай болгон. Бул айтылгандардын ичинен Мерке, Куртка, Пишпекте аскер көбүрөөк туруп, башкаларында аз болгон. Меркеки миңбашы Кушбегиден мурун салдыргаг: дейт, Кокондук кыргызга соодасык көбүрөөк таратып. Зулумдугу артып кеткендиги үчүн эки ортос салка дашкан.

Солтонун бир балба н жигити менен өзбектин сегинин бир балбаны күрөшүп, өзбек балбаны жыгылып калып, өлүп кетип, ал себептен солто менен кокондук бузулушуп калган. Таластык саруу кушчу менен төмөнкү солто кокондукка толук карап калып. калган солтодон Канай, Карбоз, эсенамандан Саке, жайылдан Үрүстөм, Тыныстан башты күч жүз чыңалу түтүн кокондукка карабас үчүн көчкөндө кокондуктун аскери куба барып, Ысык Атадан жетип согушкан. Жангарач менен Канайды өзбектер колго түшүрүп, мейман туткун кылган. Көчкөн кнчкө өзбекти аралатпастан, Үрүстөм, Тыныстан, Саке үчөө өтө мерген болгондуктан атышып, акыры солтолор кокондукту жапырган. Өзбектер Канайдын көзүн жоолук менен таңып алып, жыңайлак атка мингизип, эки колун байлап кетип бара жатканда жанын аябай солтолор согуш салганда, өзбектер чыдай албастан качкан. Байлоодо бара жаткан Канай энкейип, жүгөндүн шилисинен тиштеп шыпырып жибергенде, качып бара жаткан өзбектер Канайга кайрыла албастан жөнөгөн, Канайдын колдорун, көздөрүн солтолор чечкен Канай солтону баштап өзбекти каптаганда, өзбектер баштагыдан бетер бытчыт болуп качкан. Солтолор өзбектин алдын тосуп согушкан. Өзбектин аекери менен кошо келген бир саруу жигит Сатылган деген кыйкырып; «Сарттын алдын тоспостон, артынан сүрө урушуп Олуя Атага жеткире Меркиден өткүрө сайгыла!» — деп бакырганда ал айтканга болбостон, солтолор алдыартын курчап, аскердин заманасын кууруп, 2530 аскерди өлтүрө баштаганда өзбектер жапырт аттан түшүп, туусун тигип, аттарын тегерете байлап атышканда солтолор токтоп калган. Кечке атышып, кечинде солтолор кайта кайтканда, өзбектер иштеп кеткен. Бул согушта өзбектин аскери толук 400 киши болгон. Бул болжолу 181415-жылдарда болгон. Анда улугу Нармат кушбеги экен. Кийин 183840-жылдарда өзбектин улугу Канайга уу берип өлтүргөн деген кабар бар,

Болжолу ушул жылдарда болсо керек: Жумгал, Нарындын биринде кокондукка караган кыпчак менен кыргыз согушкан. Кыпчактан аргымак атына аябай үртүк салган, башын кызыл жоолук менен бууган бир жигит жекеге  чыгып  келгенде кыргыздан Жантай уругунан, сарбагыш тукумунан Карачолок Итийбас уулу качырып чыгып, тигил жалаң кылыч менен согушканды найза менен ыргыта сайган. Муну көрүп бүткүл келген кыпчактар баары да кызыл кийинип, башына кызыл жоолук ороп, ат коюп атышып чыга келгенде кыргыздар качкан. Азыр да Чүй боюндагы Атайке кыштагындагы (эски Токмок) коргондон 150 чамалуу өзбектин аскери (сарбоз) суунун түн жагындагы тынай кыргызы Таштанбектин айылына уруш салган. Кокондуктун жекеге чыгып келген сарбозун кыргыздар аттан ыргыта сайып түшүрүп, ошол замат найзалап өлтүрүп жиберишкен. Муну көрүп, каптап келе жаткан сарбоздор токтоп калып, көчкө батына албай кайта кеткен. Ошентап, солто менен өзбектин ортосу катуу бузулуп, акыры саруудан дагы эл кошулуп, булар сартка карабайбыз деп, Илеге жапырт көчкөн, элди баштаган Канай болуп, ошол чакта Төрөгелди Абайылда уулу 1920-жаштарда болгон (балким 1617-жашта болор). Илеге барганда кыргыз менен казактын арасы бузула баштаганда, мында калган кыргыздар солто менен сарууну жамынып барып, казактын малын көбүрөөк уурдаган. Казактар жадаганда солтону жериңерге кеткиле десе болбогон. Акыры казактар кыргыздын тегирменге салган аштыгына чечектин кагын кошо салдырып, акыры ошондон баягы кокондук балбанды жыгып өлтүргөн. Жигитке чечек чыгып өлгөндө экитөрт жылдан соң солто, саруу кайта көчкөн. Казактар тегирменге чечектин кагын кошо салып ошондон өлдү деп, кыргыз, казак арасы эң катуу бузулган. Ошол бузулуштанбы, жаки мындан бир далай мурунбу сарбагыш кыргызынан жантай уругунан Итийбае, Койтийбес, солтодон дейди Шапак деген баатырлары баштык 80100 киши казактын чер токойлуу жана кыштын алты ай жеп турса да, чөбүн түгөтпөгөн жерге барып, 34 атын калтырып, калган аттарын бүткүл союп, кыштын алты айы этти жеп, терилерин кайыш нокто, жүгөн, куюшкан боо кылып, саба, чанач жасап да даярдап алышып, өздөрү камыштан, жыгачтан үй жасап алышкан. Жазган жакын «ит жатак» болду деп, (карарган жердин чоңдугу ит жатардай болуп, кар кете баштаган чакты айтат) баягы байлап койгон аттарына минип, эки жак­ты чалып турган Жер абыдан карарып калганда чан эми көрүнө баштады деп абдан тигилип карап турушкан. Чаңдын алды туура тушубуз деңгээлибизден өттү, эми чан ортосу биздин тушубузга келди деп калган. 34 аттарына 34 киши минип барып, орто чаңдан нече жүздөп, миңдеген тубар бээлерди алып келишип, кошун тартып, бирден-бирден минип, миңдеген бооз бээни айдашып, баягы өтуп кеткен алдыңкы чанга келип, андан туу бээ тукур ат жана умалары калпактай болгон сары таман, үстүнө чымын конбогон келишимдүү аттарды тандап минишип, бир канчасын айдап жөнөгөн. Бул мал казактын субай бээлери жана аттары жана тубар бээлерн болуп, субайын минип, бооз бээлери жолдо турганда кымыз кылып, бир жерге конуп, бир жерге өргүп, жай жүрүп, артынан куугун сүргүн жок эл жайлоого карк чыкканда элине келип кошулуп турган. Ушундай жортуулга нечен мертем аттанып барган.

Итийбас тууралуу эл оозунда ар түрлүү икая сөздөр көп. Маселен, бир сапар Итийбас көп жылкы алып келе жатса, бир жерден өкүрүп ый чыккан. Келсе, бир жигит бир сулуу кыздын өлүгүн кучактап бакырып жатат. Жанында ортосунан кыя чабылып өлүп жаткан жоондугу, узундугу бакандай кара жылаандын жатканын көргөн. Бул жигиттен окуянын мазмунун сураганда айтканы: — Бул кыз менин жакын карындашым эле, сулуулугуна кызыгып, ала качып алыс, кулак укпас, көз көрбөс жерге кетейин деп жүрүп олтуруп, ушул жерге кече кечинде келип, чөп алачык кыла коюп аттарымды таңашырып жатып калсам, танга жакын аттарым кошкуруп үрктү, чыга калып, үркүп кеткен аттарымды алып келсем кыз жок. Бир өтүгү калып, шибер жайырылып, из кетиптир. Кылычымды ала из менен чуркап келсем, ажыдаар кызды жута албай жатканда кылыч менен бөлө чаап, кызды оозунан сууруп ала койсом, чачы жыдып, өлүп калды, — дейт. Жигитти элиңе жүргүн десе болбогон соң 45 ат берип, кайда барсаң жолуң болсун деп, жүрүп кетишкен.

Итийбастын барган жери Балкаштын күн батышы болгон. Итийбас тууралу башка сөздү өтө апыртып айткандыктан аны жазбадым. Итийбас, Койтийбес, дейди Шапак деген баатырлар бир заманда болгон. Эми алдыңызда жазылган солто, сарбагыштын согушунда Итийбас 60-жаштан өтүп калып, анын баласы
Карачолок канчалык баатырлык көрсөткөн, Жогоруда айтылган күнтүү уругунан Шапак Көк чолок деген күлүк аты менен Кан тоосунан наркы жагынын казагынан күзүндө көп жылкы алып куткарып, Кан тоосунан бери өткөндө жылкыны айдап келе бергиле деп, жолдошторуна тапшырып, өзү куласын минип, Көк чолокту коштоп алып жүрүп олтуруп, көп жерге келгенде аны коштоп, Көк чолокту минип олтуруп, Сокулуктун боюндагы Жалгыз долоного келгенде кула бышты жүрбөй калып, өз аты менен кечки койду саап жатканда Аларчага келген. Кула бышты кийин чоң күлүк болгон. Бу аралык эң азында 300 километр жер.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.