АТА ЖУРТ
Ар бирибиздин бүткүл адамзат билгидей, кызыккыдай, суктангыдай айлыбыз, татыктуу кооз Ата Журтубуз бар. Менимче, ар кимибиздеги Ата Журтту таануубуз, сүйүүбүз адегенде айылдан башталган. Ар бир адамдын айыяы, Ата Журту эч бир элдикинен кем эмес. Айылды, анын адамдарын таанып, сүйө албаган адамдын Ата Журтту, Улуу Мекенди баалап, сүйө аларына шегим бар.
Ата Журтубуз дүйнөгө аны эң назик сөз менен даңазалоого татыктуу. Көп эл болобу, аз эл болобу, ар кимдин бөлөккө сабак болор жугумдуу насаат сөзү, салты, сулуулугу, эмгеги, эрдиги, тарыхы болот эмеспи. Элдин казына байлыгын бир ; эле кени менен суусу, малы менен даны гана түзбөстөн, ошол элдин байыртан бери келаткан ички жан дүйнөсү анын улуу байлыгынын уюткусу эмеспи. Ата Журттун сулуулугу бир гана табиятында болбостон, ошол элдин ак дилинде: ыробонунда, комуз күүсүндө болот
Элдин колунан не деген боёктор, оюучийүүлөр жаралбайт. Мындагы элдин оозунан не деген назик обондор, ырлар аткарылбайт. Кыргыз күүсүнө кулак салсаң, Ата Журт жөнүндө аз да болсо таалим аласың.
Көк мелжиген улуу тоолору кебез булут оронгонун, асманында бүркүт шаңшыганын, коктуколоттогу миң түркүн кушу, кайберени оттогонун, мөлтүр булагы капчыгай аралап шаңга баткан сулуу жерлерди көрдүң беле? Гүлгө оронгон тоо бети сансыз малга толуп, жашыл өрөөнүндө түнкүсүн жылдыздан көп оттор жанган кыштак, шаарларын көрдүңбү?
Ойдуңтүзүндө жержемиши, талааларында эгини, пахтасы, кызылчасы токчулуктан кабар берген бейпил Ата Журтум! Улуу тоолорду, өрөөндү ого бетер көркүнө чыгарып жа шарткан жаңы замандагы Кыргыз эли!
(Ж.К.)
Кыргыз