Этнос калдыктары

Этнос калдыктары

Тарыхый мезгил ичинде этникалык тарых жыйырмадан ашык суперэтнос жашап өткөнүн жана алардын азыркылар менен алмашканын белгилейт. Азырынча биз суперэтностун жок болуу механизми менен таанышалы, ал эми алардын жаралуусу жана таркалуусу жөнүндө кийинчерээк өзгөчө сөз кылабыз. Тарыхый процесстер аркылуу жоюлуп кеткен эң зор суперэтностордун ордунда алардын гүлдөп өнүгүшүн жана начарлоосун күбөлөгөн этностордун калдыктары каларын маанилүү нерсе катарында белгилеп кетүү керек. Мындай кичи этносторго баскалар, албандар, кавказдык айрым этностор жана өтө кызыктуу, өтө бекем этнос болгон Түндүк Американын ирокез эли мисал боло алат. Түндүк жана Борбордук Американын жок болуп кеткен же аргындашууга дуушар болгон урууларынан айырмаланып, ирокездер өз уруусунун санын (20 миң адам), өз тилин сактап өздөрүн бардык ирокез эмес элдерге карама-каршы коюп келе жатат. Туура, алардын турмуш-тирчилигинин мүнөзү өзгөрүп, жоокер элден “музейлик көргөзмө элге” айланып калды.

Калдык катарында жашап жаткан этностор оголе көп. Алардын айрымдары жоголуп, айрымдары башка этностор менен аргындашып, айрымдары ирокездерге окшоп өздөрүнүн өздүк аң-сезимин, аздыр же көптүр элинин санын жана ээлеген чөлкөмүн сактап келатышат. Мындай этносторду биз персистенттик этнос деп атайбыз. Анткени алар өтө узак жашагандыктан гомеостаз абалында турушат. Мындай этносизоляттарды (өзү менен өзү болгон) этнография илими өтө көп учуратат. Алар — өздөрү жашаган чөлкөмдүн абалына байланыштуу башка этностор менен байланышпаган, же кийинки 100 жылдын ичинде гана башкалар менен карым-катнашта боло башташкан этностор. Тери сатып алуучу компаниялар пайда болгонго чейинки Канададагы көп уруулар, каучук иштеп чыгуу башталардан мурдагы Бразилиядагы индейлер, европалыктар келгенге чейинки австриялыктар, Кавказдагы тоолуктар (Гунибди орус аскерлери басып алгандан кийин да) ушундай этностордон болушкан. Индияда, Африкада, ал эмес Европада да ушуларга окшоп аздыр же көптүр өздөрү менен өздөрү болгон көптөгөн элдер жана уруулар бар. Баарынан кызыгы, мындай изолят-элдердин айрымдары тарыхчынын көз алдында жаралып жаткандыгында. Викингдердин тукумдары IX кылымда исландия аралын ээлеп, үч жүз жылдын ичинде өздөрүнүн ата-бабаларынын жоокердик духун жоготуп, Исландия элине айланды. IX кылымда эле норвегиялык, даниялык жана швециялык викингдердин жана Ирландияда колго түшкөн күн аялдардын тукуму өздөрү жашаган аралдын чегинде ич ара аргындашып жана эски айрым каада-салттарын сактоо аркылуу өз алдынча, анча чоң эмес этнос түзүшкөн1.

Башка уруулар менен карым-катнаштын дээрлик жоктугу этностун ичиндеги мамилелерди турукташтырууга алып келет. Ошонун натыйжасында биз “дымып калуу” деп атаган түзүлүш пайда болуп, этностун ички “системасы жөнөкөйлөшүп” кетет. Мисалга кайрылалы.

Байыркы Египетте биригишкен хамит уруулары эн зор этноско айланып, социалдык көп бутактуу системаны түзүшкөн. Анын ичинде фараондор менен кеңешчилер, дубандардын акимдери жана жоокерлер, жрецтер, катчылар, соодагерлер, дыйкандар жана кембагал жалчылар болгон. Чет жерликтер менен кагылышуулардын натыйжасында система татаалдана берген. Нубия менен Сирияны жоокерчиликти кесип кылгандар каратышты, Вавилон менен келишимди тажрыйбалуу элчилер түзүштү, каналдар менен кооз имараттарды бала кезинен үйрөтүлүп, окутулган адистер курушту. Тармакталган система гиксостордун чабуулууна туруштук берип, ал согуштан жаңыланган кандайдыр бир күчкө ээ болуп, кайра жаралды. А бирок б. з. ч. XI кылымдан бери тарта процесс жөнөкөйлөнүп отуруп, акыры системанын каршылык көрсөтүү күчү на- чарлайт. Акыры, б. з. ч. 950-жылдан тарта Египет ливиялыктардын колуна өтөт. Ал эми б. з. ч. 715-жылы Египеттеги бийлик эфиоптордун колуна өтөт, кийин ал Ассирия менен согушта жеңилип калганда коргонууга күч-кубаты жок Египетти азиялыктар басып алат. Андан соң Египетти Саистердин династиясы боштондукка чыгарып, бийлик ливиялыктар менен эллиндердин кылычынын күчү менен кармалып турган. Б. з. ч. 550-жылы ал бийлик да кулайт. Андан кийин Египетти бийликке келген перстер, македондуктар, римдиктер, арабдар, берберлер, мамлюктар жана түрктөр биринен сала экинчиси башкарып турат. Ошентип б. з. I кылымына карата бардык социалдык топтордун ичинен дыйкан- феллахтар жана эллиндештирилген шаардык-копттордун чакан тобу гана сакталып калган эле. Феллахтар өздөрү менен өздөрү гана болуп жашап турушат. Алардын айланасында тарыхый активдүү турмуш өкүм сүрүп жатканына карабай эч ким менен иши болгон эмес. Эки миң жыл бою алар өздөрүнө этникалык жактан жат коомдун ичинде жашашканына карабай, өздөрү менен өздөрү болуп кала беришти. Муну биз этникалык статика же тынч абалда туруу деп атайбыз. Бул көрүнүш өнүгүүнүн ушунчалык жай жүрүп калганын жана аны баяндап жазууда анын көп жагы көңүлгө алынбай калышы ыктымал дегендикти түшүндүрөт.

  • Жеңижок менен Наркүлбүбүнүн (Рыскүл) айтышы
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. МӨЛМӨЛҮМ
  • Баланы тосуу
  • Эне мээрими.
  • Арамдык
  • Автандил Арабаев. Аруу тилек
  • Гармониялуу адамдар
  • Ишеним кат
  • Олтурган кыз орунун табат
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт
  • Сура Ан-Наба
  • Жаңылануу
  • Кусеин Карасаев
  • Сүттүүбулак археологиялык эстеликтери
  • Көңүл жубатуу
  • ТОГОЛОК МОЛДО. КАРКЫРА МЕНЕН ТҮЛКҮ (тамсил)
  • Эркектердин чач асыроосу
  • «Табанаак эрден, тубанаак бээ өтөт»
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ
  • ЖУСУП БАЛАСАГЫН. Акындарга карата мамиле
  • Турпанга качкан эл
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. МУСА ЖАНГАЗИЕВГЕ
  • Жылкы кыял
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. ЭНЕ КУБАНЫЧЫ
  • Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак
  • Сура Аль-Мунафикун
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. САНАТ
  • Эсепчи. (Баамдоочу)
  • Көнөчөк кийген түлкү
  • НУРМОЛДО. НААДАН МЕНЕН ПАЙГАМБАР
  • КЫРГЫЗ ОРМОН ХАНДЫН ЗАМАНЫНДА
  • ЖЕЗ ТАҢДАЙ
  • Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
  • Байдылда Сарногоев. Чыдай түш
  • Чоң согуш
  • Жеңижок менен Токтогул
  • Турмуш. Турмушту терең таанып жазалы
  • Акация дарагы
  • Ооруканадан сырткары жардам
  • Ычкыры бош
  • Өзгөн-арык
  • ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
  • Тал (уламыш)
  • Жаман эрге чыккыча жайдагым, жаман аял алгыча бой-догум
  • МАХМУД КАШГАРИ «ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫНАН»
  • Ыйкы-тыйкылык
  • Жылкы кыял
  • Үгөдөй
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Сулуу келин
  • Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
  • Раимжанов Мамат. Армандуу тескей
  • Өмүр кай убакта кыскарат?
  • «Манас» эпосу
  • Туз жедирүү
  • Ахунбаев Иса Коноевич
  • УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
  • КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Асан
  • ЧАГЫЛГАНДЫН ОТУ
  • АККАН СУУ
  • Баш кесмек бар, тил кесмек жок
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. КОМУЗ КҮҮСҮ
  • ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК (Жомок)
  • «Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы»
  • Тартуу
  • Ысык көлдөгү бугу, саяк кыргызынын оруска караганы
  • Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.