Күүнүн башы — «Камбаркан»

Күүнүн башы – «Камбаркан»

Илгери-илгери кыргызда Камбар деген хан болуптур. Камбар ит агытып, куш салып, аң уулаганды жакшы көрүчү экен. Күндөрдүн биринде ал аң уулап жүрүп, чытырман токойго токтойт.

Камбар жанжөкөр жигити менен токойдун суйдаң четин аралай баштайт. Калыңдыгына таңдана басып барса, эки жыгачтын ортосуна тартылган жиптей ичке бир нерсе желге урунган сайын термелип, дирилдеп үн берип жатыптыр. Жигити экөө саамга тиктеп калышат. Анан Камбар камчынын сабы менен акырын уруп көрөт. Жагымдуу үн: «дың-дың… зың-зың!..» деп, ого бетер жаңырат. Назар салып карашса, катуу шамалдан сынган чоң түп жыгачтан учтуу жаракалар чыгып турат. Үн берген ичке неменин бир учу ошол жараканын башына илинип, экинчи учу берки жыгачтын бутагына артылган. Көрсө, жыгач башынан күн көргөн маймыл калтыс секирип, учтуу жаракага кардын жардыртып алыптыр. Ичегиси чубалып, бир учу жаракада калса, экинчи учу бутакка артыла түшкөн тура. Эчак өлгөн маймылдын ичегиси кургап, жорткон желаргыга урунган сайын дирилдеп, үн салып туруптур. Жагымдуу үн көңүлүнө уюй түшкөн Камбар ичегиден үн чыгарын аңдап алып, жигиттери менен кайра келет. Ичегинин кырындысын сыдыртып, ийикке ийритип кургатып, чертип көрөт. Аны жыгачка тагып, чертет. Анан жыгачты оюп, ичеги кыл тагат. Ал андан да сонун үн берет. Ошентип, ар түрдүү арга издеп, акыл-амалга салып отуруп, Камбар комузду ойлоп табат. Ошондон улам биринчи комузга адеп чертилген күү «Камбаркан» деп аталат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин «Күүнүн башы Камбаркан» деп чертилет.

  • КЫРГЫЗ САЛТТАРЫ
  • Эшек курту мурунунан түшүп
  • Кыргыздын кудалашуу жана эзелдеи берки аял жөнүндөгү расими
  • Мышык ашпоз болгондо
  • Абанын булганышы
  • Кыргыз аңгемелери. Менин начальнигим ким?
  • Кошунанын бакчасы
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. МАНАС КҮМБӨЗҮ
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КЫР БЕЛДЕ
  • Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар
  • Күмөн саноо
  • Талкан – күл азыктарынын бири
  • «Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу»
  • Кекчил
  • Чүлүктөп, ноктолоп, буйлалап, айдап алуу
  • Ийсинип кетүү, ийитип алуу
  • ТӨӨҢДҮ БЕР
  • Амир Темирдин кыргыздарга келгени
  • «Элиңди таап ал».
  • Нүзүп бий
  • Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан
  • АЙ, КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Эгемен айтпай кыргызмын
  • Туштугун көрсүн
  • Түштөнүү (түштөндүрүү)
  • АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЕТИГЕН
  • Качкачтоо
  • КУЙРУЧУК
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • КУТ КУЙГАНДА АЙТЫЛГАН ЫРЫМ
  • Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү
  • КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы
  • Өмүр кай убакта кыскарат?
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. БАРАКЕЛДЕ
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. УГАСЫНБЫ?
  • Байдылда Сарногоев. Чыдай түш
  • Аттери кайтпады
  • Атилла жөнүндө чыгармалар
  • Б.з. VI—VIII кк. Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу
  • Жакупбектин тарыхы
  • Тышка чыксам, койчулар кементай жабышат, үйгө келсем кадырым жок
  • ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
  • Табасы канды
  • Ата мурасы жөнүндө сөз
  • Мухаммед Xайдар
  • Арстан күчүгүн асыраган мышык
  • Бурана
  • Көкө мерен (уламыш)
  • Түлкү менен карышкыр
  • Коля кайда?
  • ТАМЧЫ
  • Этностор
  • Мекен сүйүүсү
  • КАЛЫГУЛДУН СӨЗҮ
  • Макмут
  • Акация дарагы
  • Айкөл Манас. 8-китеп
  • Асылкечтик
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАЛЯР
  • Этнография
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. КҮТҮҮ
  • Күзөттө
  • Кыргыз эл макалдары. Ж тамгасы 1500 макал
  • МЕНИН МЕКЕНИМ
  • Керооз
  • Кайын журт
  • Шырдак
  • Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт
  • Ата журт
  • Ысык-Көл – кыргыз бермети

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.