БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЖАКШЫ КЫЗ

Сайраган жайкы булбул — Гүлдүн көркү. Жаркырап жайнаган кыз — Үйдүн көркү. Жазында жайкалган чөп —

Дөңдүн көркү.

Сулуу кыз суктандырган — Төрдүн көркү. Далида сындап өргөн Кара чачы. Маңдайга келишимдүү,

Калем кашы.

Жакшы кыз — жайкы таңдай, Үйдүн куту. Аңкыган гүлбурактай — Кыздын жыты. Берметтей жаркыраган Катар тиши. Келтирип сайма саят — Онун иши. Ыракмат айтып кетет

Көргөн киши.

Ак бетке жарашыктуу Кошмок калы. Көз артат көрүп калган Жандын баары: Болот деп тагдыр буйруп Кимдин жары? Оймоктой оозун кара Майин күлгөн. Чолпондой көзүн кара Таңда күйгөн. Бир күлсө, сүйүнчүгө Берер элем Кетсе да, өмүр бою

Тапкан дүйнөм.

Жакшы кыз — эне-атанын Ырыскысы, Турмуштун тунук, таза Уюткусу! Уккандар жалган дебес

Ырымды ушу.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.