«Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы»

«Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы». Кыргыздар сыйлашууга дилгир. Жат адамдарды сыйлоодон тап жылдырбайт. Канчалык конок айттырса, же конок дембе-дем өзүлөрү келип түшсө, «конок басты» болсо да, кайра-кайра үстөмөндөп, басмырттап турушса да, мейман күтүү шартынан кемтик чыгарбайт. Ошенткен сайын ички ар-намысы чыйрала түшөт. Анткени бир атага, бир урукка шек калтырбоого далалаттанышы.

Эми «ыйлашаргаозжакшынын» маани жайы-алар боордоштор, жакындар, каны бирлер. Албетте, ич-ара тигил жат коноктордой мамиле жасашпайт. Кайра конокторго уят болбоо үчүн жапырт кызмат кылышат… Алардын жалпы намысы болот. Жакындарынан ажыраса, канткени менен туугандык парз. Аза күтүү, катуу кападар болуу -бир туугандык, өздүк шарты, белгиси, зыйнаты болуп саналат. Оз, жат ушундайча билинет.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.