УЛУТТУК КИЙИМДЕР. Кыргыздардын улуттук кийимдери

УЛУТТУК КИЙИМДЕР

Байыркы замандардан бери эле ар бир улуттун өзгөчөлүгүн билдирген улуттук кийим – кечелери болуп келген. Мындай салт-санаа кыргыз элине да тиешелүү. Кыргыз элинин улуттук кийимдери аркылуу жаш өзгөчөлүктү, куракты да аныктоого болот. Маселен, жаш кыздардын баш кийими – топу. Ал секелек кыздардын кыймыл-аракетине, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан. Ал эми шөкүлө – турмушка даяр болгон бойго жеткен кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат. Ал эми элечек – орто жаштан өткөн аялдарга тиешелүү болуп, алардын жаш өзгөчүлүгүн көрсөтүп турат.

Кийим – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган. Кийимге жүн, тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган.

Кыргыздарда кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.

Жортуулга кийилүүчү кийимдер айрыкча орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздын төбөлдөрүнүн  кийимдери жалпы элдикинен сапаты, кооздуктары боюнча гана айырмаланып, жалпы белгилери окшош болгон.

Калпак – эркектердин баш кийими. Кыргыз эли калпакты жасоонун ыкмасын жогорку деңгээлге жеткиришкен. Калпак бийиктиги, тигилиши, кооздолушу менен айырмаланган. Калпакка агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген. Кийизи абдан бышык басылган.  Жөнөкөй    калпак    кийизден     төбөсү     бийик (чокчогой), этеги тегерек  бычылып, оймо-чийме тушүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачы) чыгарылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш менен бириктирилип   жасалган.   Тигиш жагы калпактын маңдайы болгон. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин калпактын төбөсү жапызыраак эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип, же өрүлгөн кыл менен милтеленип, чети кыл, шоона менен кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн калпактын эки жеринен тилик калтырылган. 19-кылымдын экинчи жарымынан калпак мурдагыдан да жапыз бычылып, жээги 7-12 сантиметрдей кездеме менен көбөөлөнүп, төбөсүнө чок чыгарылып, жээктерине жана талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Кал­пак жаш өзгөчөлүктөргө жараша тигилген.

Шөкүлө – күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийими. Шөкүлө шоңшогой (конус) түрүндө тигилет. Кыргыздарда шөкүлөнүн бир нече түрү кездешет. Анын жердиги абдан жакшы бышырылган ак кийизден тигилип, үстү саймаланып, шуру басылып, чокусуна, капталдарына үкү же тумарчалар тагылган. Шөкүлөнүн экинчи түрү ортосуна жүн салынып шырылып, сырты кызыл же кызыл кочкул манат, нооту баркыттан тигилген. Ар түрдүү өңдөгү матадан же кийизден, ичтелип, кулакчыны кундуз, суусар, түлкү, кулун өңдүү аң жана мал терилери менен кыюуланган.Үчүнчү түрү баркыттан шырылып, төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылып, төбө алкагы күмүш, маңдайы маржан, бермет, алтын менен аземделип көркөмдөлгөн. Шөкүлөнү  адатта кыз тарап жасаган. Кыз күйөөсүнүн айылына келгенден кийин шөкүлөнү чечип, элечек кийген. Шөкүлө кийинчерээк салт боюнча кыздын ата-энесиникине кайтарылып берилген (ал сиңдилерине сакталган).

«Эл таануу» китебинен

  • Бычакка түшүү
  • Төлгөчү
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЙЛАНГАН ТООНУН БҮРКҮТҮ
  • «Тон жылуусун ээси билет»
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. НЕГЕ КЕЧИГЕТ (1942-жылдын жазына)
  • СОҢКӨЛ
  • Шаабайын суутуу
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. БАЙКАЗЫ
  • «Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат»
  • Чыганаак катын
  • «Атанын малы балага опо болбойт»
  • Айдектөө
  • Боз үй
  • КЫРГЫЗИЯДА КАРЛУКТАР
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. АЛЫМБАЙДЫН БАЛТЕГИ
  • Саламчы
  • Жоомарт
  • Алганга бар, бергенге жок
  • Эсенгул баатыр
  • Балатоктобой жүрсө
  • ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
  • Башын аттап кетүү
  • Колукту
  • Абылай хан согушу 1775-76-жылдарда болгон
  • КМШ. Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги
  • Айчүрөктүн толгоосу
  • Мухаммед Xайдар
  • ТОГОЛОК МОЛДО. ҮРПҮКАН
  • Японияда саясий ойдун өнүгүшү
  • Битке өчөшүп, көйнегүңдү отко салба
  • УЛУТТУК АШКАНА. Кыргыздардын улуттук ашканасы
  • Кыргыз макалдары- С
  • «Кел, орток, кел»
  • Ит экенин билген соң, таш ыргытып катылба
  • Аза күтүү
  • Этнологиядагы “система”
  • СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
  • Айкөл Манас. 2-китеп
  • Кошойдун келип манаска кошулганы
  • Арстан менен коен
  • Өгүз болгуча торпок пейили калбаптыр
  • ЖААН, ЖЕР, ӨСҮМДҮК
  • Сура Аль-Кадр
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. НАСЫЯТ
  • Атадан калган тамак
  • А дүйнө кетсем, кайыр кош!
  • Узун агач согушу
  • АКЫЛ КАРАЧАЧ
  • КҮНДҮН ЧЫГЫШЫ, БАТЫШЫ
  • Чоң ата, чоң эне менен небере
  • Эр мушташ
  • САЙМАЛУУ ТАШ
  • Кетти Залкар…
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ИБАРАТ
  • Эрмитаж музейине 235 жыл
  • «Сааганым Сарыбагыштын бэзси, таңда келет ээси»
  • Кыргызча дилбаян. Эмгек
  • Өлүмтүгүн артып
  • Акылдуунун белгиси
  • Шер датка
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАҢЫЛУУ
  • Бурана
  • Чүй суусу
  • Эшигинен эмес, тешигинен
  • Багыш. Мендирман (2)
  • Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир
  • Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу, Жоолук таштамай, Жүгүрүшүү
  • Бегалиев Муратбек Акимович
  • Кокон хандыгы
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ ДЕСЕҢ

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.