ЧУБАКТЫН МАНАСКА ЧОРО БОЛГОНУ

ЧУБАКТЫН МАНАСКА ЧОРО БОЛГОНУ

Нойгуттардын Акбалта Кутубийди Алайга кан көтөрүп, байлыгы журтка дүң болуп, баласыз кургур жаратканга зар айтып туяк тилеп тентиреп жүргөн экен. Күндөрдүн биринде алдынан өзүнүн куу каймалы чыгат, анын өркө-чүнөн бар-бар ыйлаган баланын үнү угулат. Байкуш Балта куржундагы баланы колуна алып, көзүнөн жашы мөлт-мөлт агып, жараткан деп бакырып, Кутубийди чакырып, сүйүнчүгө сан кара мал берип, «Бала таап алды деп бир адамга билгизбе» деп антташып, түн катып үйүнө кайтат. «Байбичем эркек тууду!» деп калайыкка жар са­лып, тоюна токсон союп, дөбөдөй эт, көлдөй чык кылып, ат койчууга алтымыш буудан тартат. Чогулган эл балага ат коё албай алек болуп турганда аса таяк таянган Кызыр өзү келип, Маркатай байбиченин колундагы баланы чекесинен сылады да:

— Акбалтанын арстаны! Аты эр Чубак болсун. Жашы он экиге келгенде Таласка барып, Манаска чоро жүрсүн,— деп, көздөн кайып болот.

Чубактын мойнуна тумар тагып, алтымыш энеси алдейлеп бакты. Жашы алтыга келгенде андай тентек жок болду. Бир күнү Акбалтанын өргөөсүнө оро-пара кирип барган Чубак:

— Ата, мен эми чоңойдум, минээриме ат бер, бергенде да бат бер! Манаска барам! — дебеспи чунайып.

Акбалта жаркылдап күлүп, «быйыл, өлүп калбасам, айкөл Манаска достоштурам» деп, сансыз гулпарын чубатууга салды. Бирок сынчылардын көңүлүнө алардын бирөө да жаккан жок. Жалгыз баласына ат камдап койбогон атасына чоң таа-рынган чогоол Чубак өзүнө тулпар издеп жөнөдү.

Чубак жер бүткөндү сыдырып, чаалыгып-чар-чап, Мазар булакка келип, алп уйкуну салды. Кайып чал көгала атты жетелеп келди да, чуу салып Чубакты ойготту:

— Аманат атыңды ал, Чубак! Акбалтага бар чунак…

Чубак уйкулуу көзүн ачса, окуранып жер чап-чып Көгала тулпар кашында туруптур. Ок жетпе-ген бууданды олкоё минип чү койду Чубак. Ошон-дон баштап чоң тентек Чубак «чунак» атка конду. Буудандуу болгон соң, Букар кандыгын басып ал-макчы болуп, калдайган калааны камап алды. Чыр чыгарып сакчыларын кырды, айласы кеткен Букардын баатырлары Темиркандын алдына ба-рууга аргасыз болушту. Кароол сепилден Чубакты көргөн Темиркандын он эки кызынын кенжеси, ургаачынын паашасы Каныкей Темирканга мындай деди:

— Атаке, мага уруксат бер, өзү катылган немени экинчи кайра келгис кылайын!

Каныкей олоң чачын төбөгө кынап түйүп, коп нөгүн шымданып, айбалтаны канжыгага чалый, ак тинтени билегине илип, тийгенин кабылдатмп кетүүчү сыр найзаны колго алып, ок өтпөгөн туул ганы башына кийип, он экиге жете элек секелек кыз кара кашка аргымакты ойнотуп, найзасын булгалап Чубакты жекеге чакырды.

— Эр экениң чын болсо кезекти мага бер,— деди Каныкей. — Эгер жеңилсем, башыңа таажы кип гизип Букарга аким кылып алайын, жеңсем башыңды кесейин.

— Баатырым, жен сурашып анан сайышалы,-деди Чубак.

Каныкей жооп кайтарды:

— Эркекке майыпмын, өзүм болсо зайыпмын Темиркандын   кызы   болом,    атым — Каныкоп. Элиңе эсен кайт, баатырым, сага окшоп көпкөндүи далайын көргөм. Манастан башканын чалышып чамасы келбейт мага!

Чубакты кудай урду:

— Манастан Чубак кем бекен! Сага алдыра кой чуу мен бекем! — деп, чамынып найзасын сунду.

— Кегиң болсо ал, аянба, баатыр! — Каныкоп мелтиреп туруп берди.

Чубактын сунган найзасы быркырап, кезек Ка ныкейге келди. Кара кашка; аргымакка камчы уруп Каныкей жетти: найза тийгенде Чубак Ко галанын үстүнөн учуп кете жаздап, «Ургаачысы 5у болсо, улугу мени соо койбойт» деп дыркырап шчып берди.

— Эркек болсоң качпа! — деп, Каныкей Чубак-’ын артынан сая түшүп кууп келет.

Ажыбай, Бакай, Манас чалгын кылып, ит агышып, куш салып жүргөн. Дөбөгө чыга келсе айдай :ары талаада куушкан эки караан закымдайт. Олуя эакай кереметинде эмне болгонун билип, Чубак-’ын астынан тосо чыгып, Көгаланы суулуктап :оштоп кетти:

— Темиркандын кызынан качкан Чубак, аманбы? Манас төрөңө учураш!

Көгаланын үстүнөн учуп түшүп, Чубак Манаска алам берди. Каныкейден качып келатып ай-та-[аада кабылып, алп Манаска эр Чубак табылып, ки шер Зулпукордун мизин өөп шерт тутуп, дос-ошуп турушту. Кырк чоронун бирдигин Манас [убакка ыйгарды. Манаска ыраазы болгон Чубак:

— Кыздын шерин Букардан көрдүм, арстан өрөм. Өзүңө жар болууга жалгыз ошол арзыйт! – дебеспи.

Бакай Темиркандын астына барып куда түшүп, Каныкейге сөйкө салмак болуп, Букарды беттеп сүрүп калды.

Эрендер жортуп отуруп, таң ата Медиян чөлүнө елишти. Белестен беш киши чыгып, аларды утур ады. Олуя Шай ата Манаска берем деп кырк сый Желмаянды алып келатыптыр. Желгенине

жел жетпес, басканына мал жетпес жалпак өркоч кара нар булуттай учуп төгөрөктүн төрт бурчун төрт күндө кыдырчу мал экен. Айкөл Манастын Желмаяны табылып санаасы тынып, эр Бакай баш болуп, Ажыбай, Чубак аркар уулап, кулан кууп, алтыдан бүктөп Желмаянга артып, Кайып-Ма-зарды ашып баратты.

Жаңгактуунун керүүсүнө келишсе, жаңыдан туу-луп көзү ачыла элек кол башындай сур күчүк жатыптыр. Күчүктү оң алаканына салып, «Кума йык!» деп бакырды Манас. Ажыбай ашып-шашып жетип келип, Чубак ак боз бээни чалып, Бакай барбалаңдап бата кылып, күчүктүн атын Кумайык койду. Манас Кумайыкты Бакайга берди. Бакай Кумайыктын тумшугун казысы карыш боз бээнин ысуулай канына малды. Кумайык чоңойсо тиште-генин бүлдүрөт, агытса аюу алып, жолуккан жол-борстон кайра тартпайт. Кумайык өзгөчө асыл келет, талаада үч күнү кайып асырайт, эркек адам жолобой, аны ургаачынын тазасы зайып багат дечү: ал зайып жоо айласын куп билген залкар найзакер, жазбаган жаагер болууга тийиш. Кумайыкты баккан ургаачы кыйноону кыйын көрөт, антип бакпаса, бир күнү Кумайык билин-бей кетип калат имиш.

Бакай, Манас кеңешип, кан Жакыпка миң төө, миң бээ берсин, көкүлүнө ак була тагып, Кула бээни   баштатып,   токсон   нарга   толтура дилде жүктөп, Кыргыл чал менен кырк жигиттен айдат-сын деп, Ажыбайды жиберди.

Ажыбай ашып-шашып Жакып кандын ордосуна келип ийилип салам берди да, иштин жөнүн айт-ты. Жакып чамынып коё берди:

— Тентигенди жыйнаган Манасты эзели туку-мум дебейм мен! Катын эмес канчык алып бербейм ага. Кара кашка бээ эмес, кара тай да жок! Ансыз да Алтайда малымды чачып, абийиримди ачкан ал. Менин малым — алты уулумдуку!

Ажыбайдын ачуусу чындап келди:

— Аттиң, айкөл Манас болбосо каныңды суудай чачаар элем! Ата да сендей болобу? Арам жаныңды душман алсын, аяган малыңды касың чачсын, акыры түбүңө алты уулуң жетсин! — деп, Жакып-ка катуу таарынып кайтты.

Бакай баркылдап:

— Жакып турганда Манастын иши оңолбойт. Темирканга өзүм жуучу түшөм: сексен кызыл нар айдап, эрке кызынын колун сурайм; эгер сөзгө келип Каныкейди бербесе, Букарга чындап кыр-гын салам! — дед и каардуу.

Бакай Букарга катуу келди, калкы тең жарыла берип, чуркурап салам айтты. Манастан жуучу келээрин билген Темиркан Бакайдын алдынан то-суп чыгып, аны куда башы катары ардактап күттү. Күүгүм кире Ырамандын Ырчыуулун ырдатып, Букарга опол тоодой Манас кырк чоросу менен

келди. Сексен нөкөр кыз менен сейилде жүргоп Каныкей да кошо келип калды. Эл Манас менен Каныкейге суктанып, жарданып карап турду.

Кумайыкты алты ай багып бергин деп, Маши; Каныкейге аманат табыштады.

Каныкей сур күчүктү алып, мойнуна болоттон каргы тагып, күн тынымдан, түн уйкудан кечип, жонуна жолборстон үртүк жаптырып, кырк аркан бою ордун түбүнө байлап бактырды. Алты ай то луп, жойлоор чагы болуп, мойнундагы болот кар гыны жара чайнап бошонуп, Кумайык сейилдеги сексен кыздын ичине кирип барды. Айкырыи үм салып каргьвдан кармай калгыча, сөксөөлдүн чогува куйругун чаап алып, үч эли жери күйүп калды. Каныкей май менен майлап күйүгүн түшүргүчо Манас күйөөлөп түшүп калбаспы!

Куйругу күйүк Кумайык Манастын астына жоп лоп кирип келди. Каары катуу төрөнүн капк;ш дагы жини козголуп, Кумайыкты күйпүл күчүк кылган тура деп, Каныкейди колдон алып, кол тукка берип калды. Эрдин колу тийип, эки ка-быргасы сынса да Каныкей кабагым-кашым деген жок.

Кумайыктын жайынан Манас конбой кетип кал ды. Көңүлү сан бөлүнүп, көзүнүн жашы төгүлүн Каныкей ыйлап таң атырды…

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.