Кыргызстан. ГЭС

Атбашы ГЭCи (Достук шаарчасы) 1964-ж. курулушу башталып, 1970-ж. ишке киргизилген. Атбашы суусунун Нарын д-на куйган жерине чукул курулган, тосмосунун бийикт. 79 м, уз. 50 м, жазылыгы 15 м. Бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген ст-нын бири. Кубаттуулугу 40 Вт. Суу сактагычынын уз. 7 км, көлөмү 7600 миң м3 (долбоордогусу 9 миң м3). Өндүрүш процесси автоматташтырылган. 4 генератору толук кубаты м-н иштегенде 1 секда 17,5 м3 суу чыгымдалат. 1996-ж. 140 014 000 кВт/саат энергия иштеп чыккан. Түндүк системасына кошулган. Эл чарбасын энергия м-н камсыз кылат. Достук шаарчасына жылуулук да берет. ГЭСте 57 киши иштейт (1997).

Күрпcай ГЭCи
Нарын д-нда, Токтогул ГЭCинин плотинасынан 40 км төмөн жайгашкан. 1982-ж. ишке киргизилген. Төрт агрегаты бар. Плотинасынын бийикт. 113 м. Cуу сактагычынын көлөмү 370 млн м3. Кубаттуулугу 800 МВт. Долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясын көлөмү 2,63 млрд кВт/саат. 1999-ж. К. Г. 3352,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ишканада 112 адам иштейт (2001).

Ташкөмүр ГЭСи Нарын д-нда, Күрпсай гидротүйүнүнөн 18,5 км төмөн, Карасуунун (Нарындын оң куймасы) чатына чукул курулган. Станциянын долбоорун «Гидропроект» ин-ту түзгөн. Курулушту «Нарынгидрокурулуш» акционердик коому ишке ашырган. ГЭСтин 3 агрегаты бар; ар бир агрегаттын кубаттуулугу 150 МВт. Долбоордук жалпы кубаттуулугу 450 МВт. Биринчи агрегаты 1995-ж., экинчиси —1986-ж., үчүнчүсү —1987-ж. ишке киргизилген. Тосмосунун (плотинасынын) бийикт. 75 м, суу сактагычынын жалпы көлөмү 140 млн м3. Өндүрүлгөн электр энергиянын жылдык орт. өлчөмү 1555 млн КВт/саат. Ишканада 80 адам иштейт (2001).

Токтогул ГЭСи — Кырг-ндагы суу электр энергиясын өндүрүүчү ж-а ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын д-нын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар. ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).

Үчкоргон ГЭСи Нарын дарыясынын төмөнкү агымында. 1962-ж. ишке киргизилген. Плотинасынын бийикт. 30 м. Суу сактагычынын көлөмү 52,5 млн м3. Төрт агрегаттан турат. Кубаттуулугу 180 мВт. Долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгарган электр энергиясы 0,9 млрд кВт·саат. Ишканада 64 адам иштейт (2001).

Шамалдысай ГЭСи Нарын дарыясында, Ташкөмүр ГЭСинен 14 км төмөнүрөөк жайгашкан. Долбоорун «Гидропроект» ин-ту түзгөн. Суу электр станциясы 3 агрегаттан турат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 80 МВт. Долбоор б-ча кубаттуулугу 240 МВт. Биринчи агрегаты 1992-ж., экинчиси 1994-ж., үчүнчүсү 1996-ж. ишке киргизилген. Суу сактагычынын жалпы көлөмү 40,87 млн м3; пайдалуу көлөмү 5,47 млн м3. Электр энергия өндүрүүсүнөн жылдык орт. көлөмү 900 млн кВт/саат. Пайдаланууга берилгенден 2000-ж. чейин 3,75 млрд саат электр энергиясын өндүргөн.

  • ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. ТАН
  • Мидин кандай эле?
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. БҮБҮСАРА
  • Баары жакшы болот, берекелерим
  • ЫСЫККӨЛ – ТУРИСТТЕРДИН МЕКЕНИ
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЖАКШЫ КЫЗ
  • Айлана-чөйрөдөгү терс таасирлер
  • Абыке
  • Үч бир тууган жөнүндө жомок
  • Көр жеме
  • Жетим бала
  • Жеңижок менен Токтогул
  • МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. ЧҮЙ БАЯНЫ
  • Итенген сайын бир боорсок
  • Орхон түрктөрү
  • Кубат бий
  • Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.
  • Туз татуу
  • «Өңдү көрсө, жүз таят»
  • «Жаман уул атасы өлгөндө көбөт»
  • ТУШОО КЕСИШ АЙТЫМЫ
  • Кыргыз эл макалдары А-2
  • Кыргыз шаркыратмалары
  • Сулуулар деген канча бар
  • Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр
  • Аваттар
  • Кайда барба, Мамайдын көрү
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КАЙЫНДЫ
  • Эмне көрбөй калдың?»
  • Протокол
  • Жылан өлтүрүүгө таш алып бербейт
  • Уйгур кагандыгы
  • Карыдан жаш сураба
  • Ортоңор толсун
  • Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени
  • Алтын катылган жай
  • Кыргыздардын жуңгарияга көчүрүлүшү
  • Коңурбайдын таласка чабуул салганы
  • Бурулча
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. ЫРДЕСТЕ
  • Ит ырыскылаш
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КИМ БОЛДУ ЭКЕН?
  • Босогону кемирбе
  • Аш көп болсо, каада көп
  • Чамгарактап турган кези
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
  • Али Тегин
  • Нигилизм
  • КЫМЫЗ ИЧҮҮДӨГҮ АДАТТАР
  • Кытай жөнүндө
  • Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
  • «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат»
  • Сура Аль-Муддассир
  • ӨЛКӨНҮН ЧОҢ БАЙЛЫГЫ – СУУ
  • Кетти Залкар…
  • Өлүк зыйнатын тең тартышуу
  • Тынч океан
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. КАРАЛДЫМЫН КАБЫРЫНАН УГУЛГАН ЫР
  • Итче чакырып уруу
  • Сура Аль-Хадж
  • Куу түлкү
  • ТОКТОГУЛДУН БАЛАСЫНЫН ӨЛГӨНҮН УГУЗГАНДА
  • Тилин сунуу, мырыйуу
  • АРСЛАНБАП
  • Жоро-жолдош ээрчитүү
  • Акылдуу сот
  • Үзөнгү боолуктоо
  • Беш көкүл кыз
  • Түгү тескери айланып
  • Сура Аль-Хадид

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.