Тоо-таштар-ды, адыр-белестерди аркалап, көчмөндүү турмушту баштарынан дымактуу өткөрүп жүргөн кыргыздарда үйдү чечүүдө, көчтү жүктөөдө, каркырадай болуп көчүүдө, суу чайпалтып кечүүдө, өзүнчө шаңы да, кыйынчылыктары да боло турган. Tee – көчтүн малы, төө – дөө малы. Боз үйдүн кереге-ууктары ж.б. жүктөрдү бир гана көтөрө баса берет. Ашууларды ашат, тайгак кечүүлөрдү, тар жолдорду тайгаланбай -таасын өтүүсү үчүн: «Аюу так!», «Аюу так!», «Аюу так!» – деп кыйкырып, унаага дем берилүүсү. Бул «аюудай» так басып от дегени. Эми мунун етме маанисине келеек, бирөөлөргө бир иш берилет. Аны аткарууда убадалашат. Бирок, ал иш учурунда аткарылбайт. О бир топ убактан соң убада-дан жанып, аны создуктуруп барып өтөөгө аракеттенгендерге карата ушул макал айтылган.
Кыргыз