Кыргыздын Россияга караганы

Кыргыздын Россияга караганы

Биздин арадан (Иса туулбастан) 330 жыл мурун атактуу Искендер (Александр Македонский) Орто Азияны каратып, мындан кеткен соң андан кийин Кашкар, Котондогу усундар (кыргыздын өкмөт династиясы) Энисейдеги кыргыз (гиангундар) болсун, кээ заманда башка элге моюн ийбестен өзүнчө мамлекет болуп келген, кээ убакта Кытайга, Гунга, уйгурга, могултатарга, калмакка карап турганын бул тарыхтын өткөн темаларында көрдүк. Айтылып өткөн элдерге караса да тынч турбастан, дайым алар менен согушуп жоолашып, мамлекетин кайтадан өзүнчө кылып курабыз деп нечен мертим талкандашып жана талкаланып кырылганын дагы көрдүк. Кыргыздын кыргыз аталып, тарыхка илингенинен баштап эзелден турган жерлери жер жүзүндөгү тоолордун канча түрдүү өсүмдүк жана айбанат не түрлүү жапайы жан-жаныбарлардын мол жери сааалган Тянь Шань (Кан теңири), Саркол (Памир), Алтай жана ушул тоолордон тараган башка тоолор. Андагы көк ала майдан өзөндөр, телегейи тегиз жайык талаалар, тунук суулар, зор дарыялар, не түрдүү маданиятка жана бүткүл чарбалыкка ылайык болгондуктан кызыгып, начар журтту эзе келген кан падыша капиталист жаангерлердин жүрөгүнөн кетпеген план ыкаратып алуу үчүн биринчи баш максаты болгон. Маселен:

  1. Кыргыздын кун менен согушу (биздин эрадан 206 жыл мурун).
  2. Кыргыз (усун) менен кытай бирлешип, Гун менен согушканы (биздин эранын 1 кылым аягы).
  3. Алтай жана Орто Азия түрктөрүнүн согушу (VIII кылымдын башында).
  4. Араб менен түрк согушу (VIII кылымдын башында).
  5. Араб менен Кытай согушу (751-жылында).
  6. Кыргыз менен уйгур согушу (840-жылында).
  7. Караханилердин Кыргызия жана Орто Азиякы каптоосу (X кылымдын башында).
  8. Кара кытайдын каптоосу (XI кылымда).
  9. Чынгыз хандын кыргыны (1219-жыл).
  10. Темирдин алты мертем Кыргызияны баса, Могулстандң жоологону (XIV кылымда).
  11. Калмак (ойроттун) каптоосу (XVI кылымда).
  12. Казак, өзбектин келгени (XVI кылымда).

13. Калмактын экинчи каптоосу (XVII кылымда).

14. Кокондуктун каратканы (XVIII кылымдын аягында).

15. Орус колонизаторунун чабуулу (XIX кылымдын аягында).

Ушул айтылган кан ичерлердин талашканы кыргыздын киндик кесип, кир жууган жери болуп, биринчиден, жогоруда жазылган себеби болсо да, экинчиден, кыргыз турган жери күн батыштагы эл, күн чыгыштагы Кытай, кун жүрүштө атактуу Индустан» ошолорду ортосундагы соодасаясы жана жоокерчилик маселесинде биринчи даражада түйүн жолу — стратег пункт болгон үчүн ар бир үстөмдүк кылган элдин эки көзүн кызартып, көңүлүн толкутуп, кызыктырганы Кыргызстан, Орто Азия болгон. Эң соңунда жер жүзүнө колун созо баштаган орус колонизатору болуп, аны кыргызды караткан тарыхынан төмөндөгү маалым беремин.

Кызыл кыргыз тарыхы 2 – том. bizdin.kg

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.