Абийриңди жашыңдан сакта. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат. Абийири жок арачы болот. Абийир тапса баласы, атасына бак копот. Абийирсиз уул атасына асылат. Абийирсизге арачы болсоң, ар кайсы жериң томуй-байбы. Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр. Абыра-сабыра сөзгө орток, атанын сүйбөс уулу мал-га орток. Абысын — аңдышкаи жоо, күнү — күйүшкөн жоо. Абысының болсо, ажыным жок дебе.
Абышка өлсө ат бошойт, кемпир өлсө төр бошопт.
Агайындын азары болсо да, безери болбойт. Агайындын кадырын жалалуу болсоң билерсиң, ата-энеңдин кадырын балалуу болсоң билерсиң. Агайын таттуу болсо — ат көп, абысын таттуу бол¬со — аш көп. Агам кимди алса, жеңем ошо. Ага баласы алкымга чыккан жоо, ини баласы ийин-ге чыккан жоо. Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт-Агаңда болсо карайсың, алаканыңды жалайсың. Ага ордун ини басат. Ага өлсө ини бар, тону жерде калган жок. Агарган карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат, агайындаи чет жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат. Агарган чач боёлбойт. Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок. Агач катуусун курт жыгат. Агын сууда арам жок. Адал болсон дос көбөйет, арам болсоң кас көбөйөт. Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир. Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарт-тыр ат. Адал иш менен аракет кулду да даражага жеткирет. Адал ишти айлыңдан аяба, арам ишти аялыңдан ая. Адал өлсө — бир казан эт, арам өлсө — ит менен кушка жем. Адалсынган молдонун үйүнен алты камандын башы чыгыптыр. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат. Адал эмгек нурлантат, арам эмгек кырдантат. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет. Адам адам менен адам. Адам адам үчүн табылгыс дары. Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында. Адам аласынан сөз аласы жаман, эт чаласынан сез чаласы жаман. Адам алсызы — урушчаак. Адам ачтан өлбөйт, ардан елет. Адам ашка тойсо да, башка тойбойт. Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт. Адам баласы тетиксиз сандык сыртынан сынчы жа-цылат. Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста. Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам бол-бос кишинин адам менен неси бар. Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын. Адамга — ишарат, айбанга — келтек. Адамга конгон касиет качпайт, бирок издеген киши таппайт. Адамга көрбөгөндүн баары кызык. Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес. Адамга мал табылышы одой, адамга адам табылы-шы кыйын. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жараш-иайт. Адам да көктөмдө арыктайт. Адамдан айла качып кутулбайт. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет. Адам дүйнөдө бир жаралат. Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек. Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка. Адамды алыстан тааныш кыйын. Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт. Адамды кордобо, акмакты бордобо. Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн, акмак¬ты өзунөн түшүнбөй, элден түшүн. Адамдын адамгерчилиги ачуусу келгенде билинет. Адамдын акысын жер жебейт. Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жамаи Адамдын ардуусу тырышчаак болот. Адамдын бири тентек, бири жөнтек; бири эпчил, би-ри кекчил. Адамдын жалангычы да адам. Адамдын жылдыздуусун айбан да билет. Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер. Адамдын иши — жемиштин мөмөсү. Адамдын көзү өлгендө (бир чымчым) топуракка тоёт. Адамдын көркү — адеп. Адамдын керкү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө. Адамдын көркү — акыл.
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. СЫЙМЫК
- Жаман кошуналыгын колко кылат
- Акт
- Байдылда Сарногоев. Чал кемпирин азилдейт
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
- Кыргыз рухунун бир уюткусу – Теодор Герцен
- Карылык
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ
- Эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбей
- Алтын катылган жай
- АКБАР РЫСКУЛОВ. КЕЛ, КЕЧИГЕЛИ!
- Акыйнек
- Туулган жерим
- СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. АЛАКАН
- АЙ, КҮН, КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КИМ БОЛДУ ЭКЕН?
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. АПТАП
- Сура Аль-Хашр
- Багыш. Мендирман (7)
- ТОЛГОО
- Кыргыз эл оюндары. Жорго салыш
- Жедигер
- Этегинен жаңылуу
- Чалагыз
- Манас эпосу. Саякбай Каралаевдин толук айтымы
- Сура Аль-Мумтахана
- Жээренченин баласы
- Маджму-ат-таварих
- Кыргыз макалдары -У
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КЕДЕЙКАН
- «Эшигин керүп, төрүнө өт, энесин көрүп, кызын ал»
- Сура Ас-Сафф
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
- Өлүк зыйнатын тең тартышуу
- Бетке түкүрүү
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. ТАЛАНТ
- Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
- Табагын тегеретүү
- Ажы бий
- Сура Аль-Исра
- Ар нерсенин жөнү бар
- Кылыгы чыгуу
- Ыбрайымдын мылтык көтөрүлүш
- Ат куйругун майлоо
- Кыргызстандын гимни
- Байдылда Сарногоев. Дудуктун тили
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. ЫРАЙКАН. ЗЕЙНЕП
- Кутмандуу Кыргыз Атадан собол
- Эстоо адаты
- Күмөн саноо
- Чай ичип кеткиле
- Эсенкул жетебиз созсуз Самансурга барып такалат
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. БҮРКҮТТҮН КАНАТЫ
- Каржилик берүү
- «Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо корүнүү»
- Сура Аль-Джумуа
- Байчечекей (уламыш)
- Ийсинип кетүү, ийитип алуу
- ОМОР СУЛТАНОВ. ЖООКЕР
- «Үйүндө кашык айран жок, кызынын аты Жууратбек»
- Коло доорундагы кенчтер
- От жагуу
- Үзөнгү боолуктоо
- Ат үйрөтүүчүлүк
- «Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт»
- Жарамазан
- Жем-жебес
- ДАРЫЯ, СУУ (3)
- Куу тил
- Аттери кайтпады
Кыргыз