Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз. Кыргыздар

Кыргыздар (кыргыз) — улут, Кыргыз ССРинин негизги калкы. Орто Азиянын байыркы элдеринин бири. (Октябрдык  революциясына чейин тарыхый адаттарда кыргыз деген ат казактарга да тиешелүү болгон).

кыргыздар, киргиз

Жалпы саны 1700 миң адам 1975-жылы. Кыргыздар СССРде 1452 миң адам 1970-жылы, көпчүлүгү Кыргыз ССРинде (1285 миң; 1970), чакан топтору Өзбек, Тажик, Казак республикаларында жашайт. Чет мамлекеттерден КЭРде, Афганистанда бар. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт. Антропологиялык жактан монгол расасынын Түш. Сибирь бөлүгүнө кирет.

Кыргыздын этногенези тууралуу маселе өтө татаал. «Кыргыз» этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булак тарында гяньгунь, хягяс, гэгунь ж. б. транскрипция менен биздин заманга чейин 203—201-жылдарда, Борбордук Азиядагы этностук же саясий бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде болжол менен 6—9-кылымдарда, Тянь-Шанда жашаган элдин наамы катары араб, перс жана башка жазма булактарында (10—16-кылым) жолугат. Азыркы кыргыздын 10—16-кылымдарда Тянь-Шань аймагын мекендеген кыргыз уруулары менен тикеден тике этпогенетикалык байланышы болгондугу талаш туудурбайт, ал эми байыркы чыгыш жана түрк жазма эстеликтериндеги «кыргыз» этноними менен азыркы «кыргыз» этнониминин арасында кандайдыр бир байланыш бар же жок экени тууралуу маселе азыркыга чейин бир жаңсыл ичечиле элек.

Кыргыздын этногенези жана кыргыздын тарыхы тууралуу айрым пикирлер Октябрь революциясына чейин А. Н. Аристов, Н. Я. Бичурин, Ч. Ч. Валиханов, Г. Ф. Миллер, В. В. Радлов ж. б. тарабынан айтылган. Бул маселенин өзүн же айрым аспекттерин изилдөөгө белгилүү орус илимпоздору С. М. Абрамзон, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, көрүнүктүү сов. антропологдор В. П. Длексеев, В. В. Гинзбург, Г. Ф. Дебец, кыргыз тарыхчылары О. Караев, К. И. Петров, хакас тарыхчысы Р. Л. Кызласовдор атайын эмгекте (монография, макала) арнашкан. Бирок Кыргыздын этногенезине байланыштуу айтылган көз караштардын дээрлик баары илимий жактан ишенимдүү негизделген ырааттуу концепцияга айлана албай, ар түрдүү гипотеза  деңгээлинде.

кыргыз-тарыхы-манас

Кыргыз элинин этногенезине арналган атайын сессия 1956-ж. ноябрь, Фрунзе шаарында Кыргыздар Борборбдук Азиядан жана Орто Азиядан чыккан этностук элементтерден куралган деген тыянакка келген. Советтик илимпоздордун көпчүлүгүнүн пикири боюнча кыргыз элинин негизги уюткусу же анын составына кирген негизги бир компонент Борбордук Азиядан чыккан. Кыргыздын алгач этностук тарыхы байыркы уруу союздары менен (гунн, динлин, сак, усун ж. б.) байланыштуу. Түрк кагандыктарынын жана көчмөн бирикмелеринин мезгилинде (6—10-кылымдар) Кыргыздардын составына кийин кошулган уруулар Саян-Алтай, Иртыш бою, Чыгыш Тянь-Шандын түрк тилиндеги калкынын арасында калыптанган. Б. з. 2-миң жылдыгынын биринчи жарымында, өзгөчө монголдор Орто Азия жана Казакстанга жапырып киргенден кийин түрк тилинде сүйлөгөн бул уруулардып бир бөлүгү Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга, түштүккө (Памирге) чейин жылган. Алар Жети-Суу жана Мавереннахрдын жерг. түрк уруулары, асыресе карлуктар жана уйгурлар, кийинчерээк монгол уруулары менен кошо Тянь-Шанда калыптанып жаткан кыргыз элинин негизин түзгөн. 16—17-кылымда Кыргыздардын составына казак-ногой урууларынын айрым бөлүктөрү кошулган.

16-кылымдын башынан Кыргыздар Тянь-Шанда этностук составы татаал өзүнчө эл катары белгилүү. Андан кийин кыргыз эли улутка айлануу багытында өнүксө да, бирок Октябрь революциясына чейин улут тепкичине толук көтөрүлө алган эмес. 1495-ж. жазылган «Мажму ат-таварихте» («Тарыхтар жыйнагында») ошол кезде (15-кылымдын аягы) Кыргыздар оң жана сол деп бөлүнүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Салусбек Булгачы (к. Булгачы улусу), ал эми солго Куу уул киргени айтылат. Санжырада да Кыргыздын түпкү теги ушул үч чоң уруулук топтон башталат. Бирок «Мажму ат-таварихте» Кыргыздын 1127-жылы оңго жана солго болүнгөнү, ошондой эле алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Апалхактан Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата откөпү тууралуу үстүртөн кабар берилет. Оң (отуз уул) адигине, муңгуш, кара багыш жана тагай деп бөлүнгөн. Тагайдын чоң бөлүмдөрү деп койлондон жедигер, кылжырдан бугу (ороз бакты), богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналгап; оңго, ошондой эле сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир саяк жана башка уруулар кирген (санжыра боюнча кара-чорого багыш, суумурун, келдике,   баарын   уруулары кошулат). Адигиноге анын өзү гана кирген (санжыра боюнча адигинеге жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар жана башка уруулар кошулат). Салусоек Булгачыга же ичкиликке (Ак уул) бостон, тейит, жоокесек, доолөс, кыдырша, каңды уруулары кирген (санжыра боюнча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман жана башка уруулар кошулат). Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра боюнча ага жетиген, төбөй уруулары кошулат).

Санжыра боюнча Кыргыздар 40 уруудан куралган. Ошондуктан алар «кырк уруулуу эл» деп да аталган. Кыргыз элинин курамындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышыпа байыркы жана о. кылымдарда жашаган уруулар катышканын далилдейт. Жогоруда аталган уруулардын кай бирлери(мис, бөрү, коңурат, кушчу, кынчак, найман жана башкалар) Орто Азиянын башка элдеринин да курамына кирген. Кыргыздын курамында ушул үч уруулук бирикмеден башка Кыргыздардын түпкү тегине кошулбаган сарт-калмак, калмак-кыргыз, чала казак сыяктуу этнографиялык топтор бар. 17—18-кылымдарда Жунгар хандыгынын Кыргызстанга жапырып киришине каршы да Кыргыздар активдүү күрөшкөн. 19-кылымдардын 1-жарымында Кыргыздар Кокон хандыгынын сурагында калган. 19-кылымдын орто ченинде адегенде Түндүктөгу Кыргыздар, кийин Түштүктөгү Кыргыздар Россияга ыктыярдуу кошула баштаган, (Кыргызстандын Россияга ыктыярдуу кошулушу). 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Кыргызстанда капит. мамилелер пайда боло баштаган. Россияда капитализмдин империализм баскычына өтүшү менен Кыргызстанда улуттук-бошт. кыймыл жана тап күрөшү курчуган, аз да болсо жумушчу кыймылы пайда болгон, революциячыл идеялар тарай баштаган (Кызыл-Кыя, Сүлүктү кендери ж. б.).

Акырыкы кошулган материалдар: