Иш кагаздарынын негиздери
Өнүккөн туруктуу коомдо иш кагаздарынын (документтердин) көп түрү колдонулат. Ошондон улам иш кагаздарын жүргүзүү үчүн ишканаларда, уюмдарда, фирмаларда, мекемелерде иш билги мыкты адистер талап кылынууда. Ал эми көзкарандысыздыктын өткөн 14 жылынынын ичиндеиш кагаздарын мамлекеттик тилдежүргүзүүдө бир топ эле баш аламандыктарга жол берилди. Азыркы мезгилге чейин иш кагаздарын жүргүзүүдө бирдиктүү тутумга жетише элекпиз. Ошондуктан коомдо иш кагаздардын туура жана сапаттуу даярдалышына жетишүү муктаждыгы келип чыгууда, ал үчүн атайын окуу-усулдук колдонмолорду, монографияларды басып чыгаруужана фирма, кампаниялардын, уюмдардын жөнөкөй кызматкеринен тартып жетекчилерине чейин окутууну иш жүзүнө ашыруу зарылчылыгы жаралып олтурат.
Иш кагаздарынын негизин албетте, алардын ар кыл тармактарда колдонулушу жана алар менен иштөөнүн талаптары түзөт. Иш кагаздары түрдүү формаларга, техникалык, аткаруучулук өзгөчөлүктөргө, өзүнчө тилдик бөтөнчөлүктөргө эгедер. Түзүлүшү, узун-кыскалыгына карап жөнөкөй жана татаал деп негизинен эки түргө бөлүүгө болот. Ал эми иш кагазында ишкананын иш аракеттерине ылайык – иш кагаздары тышкы жана ички иш кагаздары болуп бөлүнөт. Тышкы иш кагаздары бул ар түрдүү түзүмдөрдүн (уюмдар, мекемелер, ведомстволор, ишканалар ж.б.) жазышууларында колдонулган иш кагаздары.
Аларга төмөнкүлөр кирет: келишим, ишенимкат, ишсапар күбөлүгү, кызматтык каттарж.б.у.с. Ички иш кагаздары бул бир уюмдун же мекеменин ички иш аракеттерин, жетекчиликке катардагы кызматкерлердин өтүнүчтөрүн, суроо-талабын орундатуу үчүн колдонулган иш кагаздары. Буларга: арыз, түшүнүк кат, тилкат, буйрук ж.б. кирет. Жөнөкөй иш кагаздары өзүнө бир гана маселени камтып, кыска жана так жазылат. Ал эми чоң чогулуштарга, актуалдуу маселелерге арналган иш кагаздары материалдын текстинин өлчөмүнүн чоңдугу менен айырмаланат жана татаал формага ээ болот.
Иш кагаздарын жүргүзүүдө төмөндөгүдөй талаптар коюлат: диалекти сөздөрдү колдонбоо; кесиптик терминдерди орду менен жана туура маанисинде колдонуу; артыкбаш сөздөрдү, сөз айкаштарын колдонууга жол бербөө; ыксыз сөздөрдү, көркөм сөз каражаттарын колдонууга жол бербөө; ойдун тактыгы, ачыктыгы, түшүнүктүүлүгү; иш кагаздарынын сабаттуулугу (алуучу адамдын аты-жөнүн, мекеменин жана уюмдун аттарын, иш кагазынын так күнүн туура жазуу); тексттин туура жасалгаланышы (пункттарга ажыратуу, абзацтарды сактоо, катар номурлардын көрсөтүлүшү). Көпчүлүк мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары төмөндөгүдөй жол менен жол-жоболоштурулат: 1. Уюштуруучуиш кагаздары (устав, уюмдаштыруучу келишим, штаттык тизим). 2. Таратып берүүчү иш кагаздар (буйрук, чечим, көрсөтмөлөр). 3. Өздүк иш кагаздары (буйрук, өздүк көктөм, эмгек китепчеси). 4. Каржы-бугалтердик иш кагаздар (жылдык отчет, бугалтердик отчет, смета, кассалык китеп, текшерүү актысы, бугалтердик баланс). 5. Кабардандыруу-маалыматчыл иш кагаздар (акт, кат, телефонограмма, тилкат, протокол).
Иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү. Жапарова Б.Б. Источник – bizdin. kg
- Кыргыз жеринде кара кытайлар
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 3-бөлүм
- Кичинекей Асан жана энеси.
- «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун»
- Алтын шакек
- Баш травмасы
- Экөө тең туура
- Сүр сактап берүү
- Манасчылар
- Кыргыз элинин каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ
- Балдар жана кыздар
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМГА
- Айдектөө
- КЫРГЫЗ САЛТТАРЫ
- Ичке баткан бала, сыртка да батат
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. АКЫНГА
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ӨЗҮ КААР, ТИЛИ ЗААР КЫЗ
- Дипломатиялык укук
- Камар ад-Дин
- Кордоп кетүү
- Колхоз жөнүндө
- БИШКЕК БААТЫР БАЯНЫ (уламыш)
- Байдылда Сарногоев. Сага айткан сөз
- Кыргыз эл макалдары А-2
- Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)
- Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ЭНСЕГЕН ЭЛИМ АМАНБЫ
- Сура Ан-Нас
- Коңурбайдын таласка чабуул салганы
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- АЙ
- ДАРЫЯ, БУЛАК
- Айтиев Гапар
- Бир гана кемчил
- Көк бөрү улагынын этин татуу
- Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи
- Чоңкойсуу шаар чалдыбары
- Мал-башым тартуу
- Кай убакта кой кысыр калат?
- Орхон түрктөрү
- Сура Аль-Фалак
- Этнология
- «Манас» музейи – Манас Ордо
- Сызга отургузуу
- Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 2-бөлүк 1000 макал
- «Атауул» дейбиз
- Казак, Кыргыз окуясы – Кененсары кандын Ормон канга элчи жибергени
- Каяша айтуу
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖЫЛАН МЕНЕН БАКА
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. КАРЫШКЫР МЕНЕН ТУРНА (Крыловдон улам)
- «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны»
- ТОЛГОО
- Үй көрүү
- Кремация
- Панфилов дивизиясы
- Ишеничтен кетүүчүлүк
- Кыргыз-моңгол, калмак согуштары
- КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)
- «Сааганым Сарыбагыштын бэзси, таңда келет ээси»
- БУЛУТ, КҮН, АЙ
- АЯЗ
- ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
- Кан таламай
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. КОШУНА КЫЗ
- Достук
- Ыйкы-тыйкылык
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ФЗОдогу ИНИМЕ
Кыргыз