Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Жарга уруп, жаркылдаткан жаштык отун. Турмушта канча курдаш күтсөм дагы
Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун.
Ысык–Көл, ата журттун күчүн сынап, Өзүнчө өйдө-төмөн жүрүш кылат. Күчү ошол, күйбөй турган суу болсо да
Көк түтүн, ала буурул жалын чыгат.
Эл тынчып журт кеңиген күнгө эркелеп, Күйөөлөп, тынч өмүргө кызын берет. Толтуруп жер сагынган уулдарын,
Көл менен көздөн учкан кеме келет.
Анткени: ар бир жандын күткөнү бар, Ашык жар, тааныш тууган, ини-агалар. Адамзат көзү барда көп байкалбай.
Жок болсо “кайран ай” деп сагындырар.
Бул жерде эне-аталар, жаш-карылар, Түрлүү түс, түрлүү улуттун барлыгы бар. Адамзат тирүү жүрсөң көңүлгө албай,
Жок болсоң аттиң ай деп, арман кылар.
Эл түшөт, кеме токтойт, аркан салып, Азоодой тизгин бербей, албууттанып, Бирөөлөр: “абакебай”, “байке” десе,
Бирөөлөр: “кулунум” дейт жашы тамып.
Бах, кандай бейпил күндүн берекети! Тууган жер: түбү чалкар кең эмеспи, Ушинтип кайра жанат жакшылыкка,
Кечеки кайгы-зардын кенемтеси.
Жөөлөр көп, арабачан–кээлери атчан, Ар туштан кубанычтын суулары аккан. Турмуштун жарык шамдуу шаарын карай,
Келгендер сүйүнүчтүү кетип жаткан.
Көчкө окшоп саптар чубап, тоону карап, Жигиттер күлкүгө мас, кетип барат. Ба, чиркин! турмуш канча мол болсо да,
Ар дайым бир жеринен толбой калат.
Күткөндөр тарай-тарай суюлганда, Аксакал бир чал калды пристанда. Сүрдүгүп, ташка тийген тулпарга окшоп,
Жарыктык аяк шилтейт араң гана.
Ким десең бул карыя, Миңбай ата, Көз салып эртели-кеч батыш жакка. Көп менен бул да кошо уулун күтөт,
Күткөнү дайым чеки, дайым ката…
Жеңишбек анын уулу жеңишке бек, Жеңиш деп, жакшы үмүткө жеңиш тилеп, Турмуштун жеңип чыккан күнүнө арнап,
Ат койгон баласына Жеңишбек–деп.
Бир эмес, ындыны өчүп нечен курдай, Кур кайткан азыркыдай шордуу Миңбай. Бирок да үмүт чиркин курч эмеспи,
Тереңдеп оргуп чыгат тим тура албай.
Чалга айтпай эне келет кээ кездерде, Толтуруп ууз кымыз ак кесеге Ичкин деп жүргүнчүгө тартуу кылып,
Жаш төгөт: “кечигет деп уулум неге”?
Билгизбей ата-энеге кээ күндөрдө, Токтоткон толкун уруп терең түндө, Булардын кызы келет пароходго,
Ой жооруп, муңдуу кайтат, нечен түргө…
Баары бир, азыркы бир Миңбай чалга. Кур үмүт курч тийди бейм кары жанга. Уулу жок… бир адам жок пристанда,
Бир гана жалкоо толкун тийген жарга.
Дүйнө–өмүр, уул бердиң, бала бердиң, Дүйнө–өмүр алоолонуп жана бердиң. Неге сен алыс кеткен сапарыңан
Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?
Дүйнө–өмүр, энчи бердиң, үй-жай бердиң, Күн көр деп, бар керекти белендедиң. Неге сен ыраак кеткен сапарыңан,
Эскиртип канатыңды кайра келдиң?
Миңбай көпкө олтурду ушуну ойлоп, Элестеп Жеңишбеги алдында ойноп, Ай жазган, берериңби, аларыңбы,
Ким билсин–деп, өзүнчө күңк деп коет.
Байлануу четте турган атын алып, Бошобой: болочокко кайраттанып, Жапжалгыз адетинче кайра кетти,
Көңүлсүз, күрөң атын камчыланып.
Барууга өз үйүнө дити барбай, Үй-бүлөм эмне дейт деп, дагы кандай. Ат оозун чукул тартып бери бурду,
Курдашы Курманбектин үйүн карай.
Курманбек эл кутманы жетимиш жашта, Кемпири алтымыш жашта ушул жазда. Небир алп уландарды кайкалатат
Экөө тең тамашалап учурашса.
Миңбай чал салам айтат эшик ачып, Курманбек алик алат, бери басып; Чай ичип, бир аз мезгил өткөн кезде,
Улууга улуу сүйлөйт жубаткансып.
Эй Миңбай кайратың жок, кем экенсиң, Күйүткө күйүп жүрөт эрте, кечиң: Жалгызым, жалгызым деп арман кылып,
Жарабас башыңды ийип жер тиктешиң.
3амана бойго жетет айлап, жылдап, Өзүңө эрлер канбайт тандап, кылдап: Эр жигит эрте аттанып, алыс кетет,
Ок учуп: ат кошкуруп, туу кылкылдап.
Соо болсо кайра келет күчүн сынап, Жок өлсө, ата журту кайгы кылат, Көмүлгөн боз топурак мүрзөсүнө–
Жыл өтсө бир түп чынар өсүп чыгат.
Ал эмес, алтоо кетти дал өзүмөн, Канча экен уул, ини өзгөсүнөн… Ошондон экөө кайтты жараланып,
Шондо да жаш тамган жок бул көзүмөн.
Тагдырга арман кылбайм, чексиз бактым. Мөмөсү солуган жок карт бутактын, Жетимиштен сексен жашка ооган кезде,
Карагын мына мындай уул таптым.
Замана керек десе, муну да алсын, Журт коргоп, жарак кармап, жоого барсын Күттүрсүн, эр азамат сагындырсын.
Мындагы аз уйкулуу эне-атасын!”
Дегенде Миңбай ата бешикти ачат, Караса, аппак болгон уул жатат. Жеңишбек аты болсун Курмаке деп
Кубанып, кубаттанып көңүлүн басат.
Өмүрдүн кар болгон жок конгон кушу, Жетимиш жаш: жаштын алыс жолдогусу: Жеңишбек, болсо–болсун, жеңиш күнү,
Дал бүгүн өткөн жылдын май тогузу.
Миңбай чал ат токунуп кайра аттанат, Кайрылып, үйгө барбай көлгө барат. Көл терең, шарпылдаган долу толкун,
Тереңден эмнени издеп, эмне табат!..
Жеңишбек жалгыз уулу, кайран бала, Жаракөр, ыманы: ысык эне-атага, Ойгонбой, көпкө аралаш уктап жатат,
Күмбөздө, Варшаванын бер жагында…
Ал эми ата-энеге эркелебейт, Биздерге абакелеп колун бербейт. Канчалык үмүт үзбөй күткөн менен,
Калкылдап кеме минип кайра келбейт.
Жеңишбек, жеңиш тилеп курман болгон, Ок тийип маңдайына ара жолдон. Атама мени өлдү деп айта бар деп,
Сөз айткан көл толкуткан борошодон.
Көл толкуйт, атасына белги берет, Антпесе, кур толкундун неси керек… Бирок да үмүт кургур кыйын тура,
Атасы кайра кетет, кайра келет…
Кой ата, жолдош болбо жок пайдага, Жол карап, көл боюна ат байлаба. Жеңишбек сенин уулуң, Жеңиш күнү–
Жадырап келип турар жыл айлана.
Ысык-Көл, ата журттун күчүн сынап, Өзүнчө өйдө-төмөн жүрүш кылат. Күчү ошол, күйбөй турган суу болсо да,
Көк түтүн, ала буурул жалын чыгат,
13/ХII–1945 Койсары
- Манап
- ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
- Көчө жана айыл тартибин сактоо
- Интернет жана дүйнөлүк тармак менен байланышуу
- Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
- Өтөгөндүн териси өзүжатып ий болбойт
- Жылкы кыял
- Баланын адеп башаты
- О городе Чигу
- Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
- Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)
- От жагуу
- Айтиев Гапар
- Класс ичиндеги адеп
- Кыпчактар
- Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү
- Куйтулуктун
- Өлгөн адилеттик
- Бирин-бири уруп ойноосу
- Айкөл Манас. 9-китеп
- Сулуу көрүп
- Сура Аль-Масад
- КҮНДҮН ЧЫГЫШЫ, БАТЫШЫ
- ДАРЫЯ, БУЛАК
- Каяша айтуу
- Нигилизм
- Төө сойсоң да барбайм
- Үч кыз
- Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат жана тайган таптоо
- «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун»
- Кыргыз кандыгы
- Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
- «Нарын» эт жеш тартиби
- Эне керген кыз эмес, эндик көргөн бет эмес
- Сура Аль-Кадр
- Манапбайдын басырык
- ШАМАЛ
- Бекбекей
- Ээн ооздук
- МИДИН АЛЫБАЕВ. СААДАТ–КАНДИДАТ
- «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
- Суу болуу, суу кылуу
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БЕШИГИМ–МЕКЕН
- Топурак буюруу
- Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө.
- Чычкан мурдун канатпоо
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БИРИНЧИ ТОРКАШКА
- Күч күйөө
- Сура Ат-Такасур
- Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир
- Кылым-кылдары. Актан
- Пантүркизм
- Солтобай ырчы
- Жаман кошуна
- Жалбырактын дем алышы
- Кыргыз каада-салттары. ДОС, ТАМЫР АДАТЫ
- Монолдордун жыйылып эл болгону. Кошумча материал
- Айкөл Манас. 10-китеп
- Делбетаптык
- ДАРЫЯ, СУУ
- АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ. «ТАР ЗАМАН»
- Сибирь кыргыздары
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КҮН
- А. Орозбеков
- КУЙРУЧУК
- ДҮНҮЙӨ
- Этнография
- Кол ийрисине тартат
- Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү
Кыргыз