Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жылкы

Сырттын жайлоолору салкын келет. Өзгөчө, малчылар жайкы конуштарына көчүп келген тушта аба ырайы да кубулмалуу.
Жуматайдын атасы жылкычы. Жуматай да төрөлгөнү жылкылар арасында, көз ачып көргөнү да ата-энесинен кийин эле — жылкылар. Атка бышык. Кээде эртен менен жылкыларды өзү байлап айдап келчү болгон. Айтор, жыл¬кы түйшүгү ага жакшы тааныш. Ошентсе да, Жуматай ушу кезге чейин бир нерсени байкаган эмес экен…
Ошо күнү атасы бир курбусунукуна жумуштап кеткен эле. Кечке чейин кайткан жок. Ал келбей калды деп саан бээлерди агытпай коюшмак беле? Агытышты. Үйдүн үсту жагындагы Көк-Түзгө чыгарып ийишти.
О, түн бир оокум болгон кезде асман түнөрүп, аба оор тартып келди да, батыш тараптагы тоолор калдыр-шал-дыр түшүп, чагылган жарк-журк этти.
— Жуматай, каралдым, жылуу кийинип алып, атыңды минип, атаң келгиче жылкы четине барып тур,— деди апа-сы ага чоң кишиден бетер.— Тиги мылтыкты асына кет. Кокус ит-куш болуп калабы… Асманга бир эки атып кой… Сактык үчүн…
Жуматай Көк-Түздө чачырап жүргөн жылкылардын че¬тине келгенде асмандагы кара булуттар ого бетер оордоп, аба ным тарта баштаган эле. Ана, так төбөдөн чарт жа-рылып, күн күркүрөдү. Кандайдыр бир дөө шапалак менен
булуттарды тиле-тиле чаап аткансып, булут арасына көз уялткан тилимдер түштү.
Ошондон кийин айлана ты-ыптынч болуп, көзгө сайса керүнгус караңгылык басты. Не бир сырдуу, не бир кооп-туу тынчтык өкүм сүрдү.
— А-а-а-у-у!..— Кай жерден, кай туштан экени белги-•сиз, карышкыр улуду.— А-а-а-у-у!..
Жылкылар кошкуруп, туяктар дүпүрөй баштады. Мы¬ла, кара айгыр айбаттуу кишенеди. Ал бээлерди бир жер-ге үйрүп аткандай.
— А-а-а-у-у!—Түнкүсүн, TOO арасында, карышкыр алыстан улуса да, бүт тоо жаңырыктап, карышкырдын кайдан улуп атканы билинбей калат.
Жылкылар кайсы тарапка агыларын билбей, Көк-Түз-дүн орто ченинде дүпүреп турганын сезди бала. Көөдөй түндөн алардын карааны көрүнбөйт, ажыратып болбойт.
— А-а-а-у-у!.. — Бүт TOO жаңырыктады.
Жылкылар дүпүрөп, тердү кездөй салганын сезди ба¬ла. Ошондо ал шашкалактап, атын тёминип, жылкыларды тозмой болду, бирок астындагы аты улам мүдүрүлүп, кезге сайса көрүнгүс түндөн сестенип, чуркачудай эмес. Ошондо ал жонундагы мылтыгын ала коюп, асманга каратып ту-руп атып жиберди. Ошо тапта, асман да күрс-тарс этип, мылтыктын атылганын басып кетти. Чагылгандын көз уялткан нуру Көк-Түздү эки-үч курдай жайпап өттү. Бала жылкылар төрдүн оң тарабындагы Көк-Жарды көздей жапырылып баратканын көрө койду. Жүрөгү шуу эте түш-тү, анткени ал жер өтө бийик эле, эгер андан жылкылар учса, бири да тирүү калмак эмес, жардын түбүндөгү кор-гулга түшүп, баарынын талпагы жайылмак.
— Ка-а-айт! Ка-а-айт!—Жуматай эки колун оозуна сурнай сыяктанта болгон кудурети менен кыйкырды.— Ка-а-айт! е
Баланын үнүн уктубу, Кара айгыр кишенеп жиберди. Анан, туяктар дүпүрөй калып токтоп калышкансыды.
— Ка-а-айт!— Бала болгон үнү менен дагы айкырды. Ана, туяктар кайра тилге кирди — дүпүрөй баштады.
— А-а-у-у-у-у!— тоо кайра жаңырыктады.
Жуматай жылкылардын дүбүртү жакындап келатканын •сезди. Кубангаиынан дагы айкырды.
— По-по-по-о-о-о-о!
Дүбүрт өтө чукул кирип келгенсиди. Калыц жылкынын селдей каптаган илсби билине баштады. Ошо тапта, ал-дындагы тору ат келаткан калын дүбүрттөн ссстенип, кош¬куруп, өзүнөн өзү эле, балага ээ кылбай, тизпшге баш ийбей, үстү жактагы этекти көздөй чыга берди. Ана, миң сан дүбүрт, кошкурук-бышкырык жер дүңгүрөтүп кирип келди да, алиги бала турган жерден селдей каптап өтө берди…
Жуматайдын торуга аябай ачуусу келип, аны камчы менен башка-көзгө койгулап, тилдеп атты, бирок, үрккөн жылкылардын калың дүбүртүнөн анын үнү да, камчысы-нын чыпылдаганы да угулбады.
Калың дүбүрт эми батыш тараптагы жыш карагайды көздөй бет алды.
— А-а-а-у-у-у-у!— Карышкырдын кайдан улуп атканы белгисиз, бүт тоо кайрадан жаңырыктады.
Калын. дүбүрт уламдан-улам алыстап баратты. Жума¬тай карышкыр жалгыз эмес экенин, алар дал ошол калын. карагай тараптан улуп атканын сезген эле.
— Ка-а-айт!— Эми жаны чыга дагы кыйкырды, бирок, анын үнү калын дүбүрттөн жылкыларга угулмак эмес. Ошондо ал мылтыгына чапталуу кур дүрмөттөн дагы са-лып, жылкылар кетип бараткан тарапты каратып туруп атып жиберди да, сонунан:
— Ка-а-айт!—деп бакырды.
Дүбүрт улам акырындап, улам акырындап барып ток-топ калгансыды.
— Ка-а-айт!— Бала эки колун оозуна сурнайдай кыла коюп, дагы бакырды. Дүбүрт токтоп калгандыктан анын үнү эми жылкыларга шашпай жетти.
Ана, Кара айгыр баланын кыйкырыгына жооп кыла ки¬шенеп жиберди. Кийин дүбүрт кайра башталды. Ал эми кайра жакьшдай баштады. Түз эле баланы көздөй келат-ты. Ошо тапта, асман чарт жарылып, жарк-журк күн күр-күредү. Өзүн көздөй каптап келаткан калын, жылкыны бала даана көрдү. Эми, кубангандан дагы айкырды.
Дүбүрттөн жер майыша баштады. Баланын алдындагы тору балага ээ бербей, кайрадан тыбырчылай кетти. Ана, калың дүбүрт чукулдай берген кезде тору ала качып, кай¬радан четке чыга берди…
Жылкылар шуу-шуу этип, баланын тушунан дагы өтө берди. Эми алар кайрадан Көк-Жарды көздөй бет алды.
Баланын кыйкырыгы калың дүбүрттөн угулмак эмес, бирок ал жан-алы калбай кыйкыра берди. Тизгинге ээ бербей алып жүрүп кеткен торуну башы-көзүнө карабай камчыга алды.
— А-а-у-у-у-у! — Тоолор кайрадан улуй баштады. Жылкылар ого бетер үркүп, дүбүрт күчөдү. Ал дүбүрт
уламдан улам алыстай баштады.
Асман күр-р-шар-р этип, кайрадан калайман тушту. Кара айгыр баштаган жылкылар калын, тилке болуп удур-гуп баратканын керду.
Эми бала алдындагы торуну сабалап, алардын артынан айкырып чаап жөнөдү. Көзгө сайса көрүнгүс боло тушкөн көөдөй түндө ат жакшы чуркай албады, ошентсе да, кам-чынын уусу өтүп кеткен жаныбар мүдүрүлгөнүнө карабай чуркап баратты.
— Ка-а-айт!— Баланын үнү дагы угулбай калды.— Ка-а-айт!— дагы.
Жуматай эми чаап барткан бойдон мылтыгын дүрмет-төп, асманга каратып бир койду. Артынан дагы кыйкырды.
Калың дүбүрт эми гана пастап, алды жактан Кара ай-гырдын жылкыдан бөтөнчө кошкуругу угулду. Бала ушу көзгө сайса көрүнгүс түндө анын кошкуругун жазбай таа-ныды. Ал мылтыкты чаап баратып кайра дүрмөттөп дагы атты, дагы айкырды.
— Ка-а-айт!
Ушул өз үнү өчө электе ал жылкылардын бир капта-лына илээшип калды. Байкаса, жылкылар он, жагында дүпүрөп бараткан экен.
— Ка-а-айт!
Кара айгыр дагы айбаттуу кишенеди да, жылкылардын алдын кайыра баштады. Дүбүрт акырындай берип, уюлгуй түштү. Эми бала калың жылкынын арасында калды. Сүр-дүгүү, жөөлөшүү, кошкурук-бышкырыктан баланын үну угулар эмес. Ана, Кара айгыр кишенеп, кайра алдыга тү-шүп, бүтүндөй жылкы анын артынан селдей агып, келген жолу менен кайра агылды…
Жылкылар өлөр-тирилерине карабай сызып баратты. Үстүндөгү баланы эбак унутуп калган тору ээлигип, эми туш келди урунуп-беринип, топ жылкыга кошулуп жин ургандай сызды.
Асман кайрадан чарт-чурт тилинди. Айлана жарк-журк нурга бөлөндү. Бала караса калың жылкынын орто че-нинде бараткан экен. Колундагы мылтыгы жок, кайда кал¬ганы белгисиз. Тизгини да жок… Торунун жалына колу карышып калган.
— А-а-а… А-а-т-т-а-а!..
Мына, каптал жактан бир жылкы торуну омуроого уруп өттү. Бала камгактай учуп барып, аркы бээлердин үстүнө-түштү. Жанталашып, мине калууга үлгүрдү. Астындагыны кош колдоп жалынан алды. Ал жылкы үстүнө түшкөн ба-лээден үркүп, кайда үркет, калың жылкы ичинде же оңго, же солго бурула албай, же алдыга ашып, же артка кала
албай кошкуругу күчөп, денеси диртилдеп, кеп менен бир-ге агып баратты…
— Ка-а-айт!— Алды жактан айбаттуу үн чыкты.— Ка-а-айт! Дррррр!
Жуматай атасынын үнүн жазбай тааныды. Ошо тапта кара айгырдын тике маңдайынан мылтык үч жолу удаа атылды да, ошо мылтыктын жарыгында кара тончон, ку-лагерчен атасы даана керүне түштү. Жылкылардын алды сүрдүгө түшүп токтогон менен артта келаткан жылкылар аларды ширеп, дагы алдыга дегдендетип, а алды жактагы жылкылар катуу тыгын өңдөнүп барып, дүбүрт көптө ба-сылды. Ошо жылкылар тегиз токтогуча, алдьщкы жылкы¬лардын, капталына ото чапкан атасы мылтыкты асманга тарсылдата берди. Ошо мылтык атылган сайын, капталда-гы атасы көрүнө калып атты…
Эртеси Жуматай үйде, тешекте жаткан жеринен ой-гонду.
— Жыйырма терт жылкынын туягы жарылып кеткен экен…— Атасынын кейиген үнү чыгат.— Бир тай чала жан, тепсендиде калган окшойт…
Боз үйдүн түндугү тартылуу, эшиги турүлүү экен. Ас¬ман бетинде дале калдайган кара булут чыгышка сүрүлүп барат. А чыгыш тараптын булуттары сегүле баштаган. Ошо сегүлген туштардан жее туман конуп калган тоо ус-туне алтын нур салаа-салаа болуп тегүлүп турат.
Үйдүн асты жагында үйрүлген жылкылар. Бири турган жеринде үргүлөп, бири нымдуу кек шиберге шылкыйып жатып, бири жылкыларды аралай жа-ай илээлеп, бээлери кулундарын эмизип, кепшеп, айтор бардыгынын түрүнөн өтө чаалыккандык сезилет.
Түн бою жаан жааганы байкалат. Ошо чыгыш жактан төгүлгөн ак шоолага түркүн чөп бетине токтоп калган тамчылар ак седептенет, жылтылдайт…
Жуматайдын эти ысып, көңүлү айнып атты.
— Жүрөгү түшкөн турбайбы!— Апасынын азалуу үнү. Корккондон жүрөк жарылбайт!— Атасы коре этет.—
Эмитен жүрөгүн токтотпосо, тоолук болобу?
Бул сез эс тартып калган Жуматайды чыйралтты. Ал ордунан өөдө болуп, жөтөлүп үн салып, өзүнүн ойгонгон-дугун билдирди.
— Турба!—деди апасы.— Этиң ысып турат.
Атасы унчукпады. Бул Жуматайды ого тетен чыйрал-тып ийди. Ал апасынын кой-айын укмаксан болуп, кийинип, сыртка барып булакка жуунуп келди. Анан, атасынын ка-тарына чайга отурду. Кийин кымыз ичти.
…Атасы түндө эмне болгонун Жуматайдан уккандан кийин, мурутун чыйралтып кыйлага-а унчукпай калды.
— Балам!—деди акырында атасы.— Жылкы да адам баласы сыяктуу жаралган. Ал да коркот, кубанат, эсирет, көбөт, кайгырат, ыза болот, таарынат… Сен түндө алардын коркконуна күбө болгон турбайсыңбы?! Жылкы катуу корккондо, адам караанын эш тутат, анын үнүн медер кылат. Сенин үнүң чыккан сайын жылкылардын өзүңдү көздөй жапырылышы — сенден калка издегени… Кудайга шүгүр, тору ат сени эки жолу аман алып калган турбай-бы?! Эгер, тору болбогондо сен түндө жылкылардын теп-сендисинде калмак экенсиң…— Атасы азга унчукпай кал¬ды.— Корккон жылкы алды-артын карабайт, адам үнү чыккан жакка селдей агып берет. Ошол үндөн жанына арачы издейт. Андайда аны токтотуу өтө кыйын.— Атасы дагы унчукпай калып сөз улады.— Жылкылар корккон мындай кырдаал чанда болот. Көзгө сайса көрүнгүс түнде, карышкыр улуганда… Андайда жылкычы үн салып коюп, жылкылар каптап келатканда жол бошотот да, алар жа-нынан өтө бергенде алдьщкы жылкыларды жандай чаап, айгайлап, ага болбосо үстөкө-босток мылтык атып, ток-тотот… Ошондо, айгыр баштап бараткан алды жактагы жылкылар имерилип келип жылкычыны тегеректеп калат. Ошо бойдон, мейли тан, аткычакты болсо да, жылкычынын караанын медер тутуп, коркунуч жоюлгуча тегеректеп тура берет. Андайда жылкычы улам үн салып, же бир обонду ырдап туруш керек. Ал үн — жылкыларды жоошутат…
Атасы дагы кыйлага унчукпай отуруп калды. Кийин күрсүнүп койду.
— Балам, жылкыны сабабай жүр, ал эчен кылымдар бою биздин элдин жан жолдошу болуп келген… Ага камчы үйүрбөш керек… Сылап-сыйпап, сыйлап туруш керек… Кыргызды кыйлага тааныткан жаныбар ушул!..— Атасы-нын үнү эбегейсиз кайгыга, муңга чалына чыкты да, сөзүн аяктабай ордунан туруп, сыртка чыгып кетти…
Жуматай түндө камчы менен торуну башка-көзгө ка-рабай сабап аткан учурун эстеди да, жаш жүрегү тыз эте түштү. Анан, ордунан ишенимсиз туруп, олдоксон басып, сыртка бет алды.
Тору үйдүн капталындагы мамыда байланып туруптур. Атасы бир жембаштык жемди эми гана алып барып, тиги-нин ооздугун чыгарып атыптыр.
Жуматай эшиктин жылчыгынан аларды багып калды.
Атасы жем баштыкты илди. Чөнтөгүнөн жүзарчысын алып чыгып, торунун көздөрүн сүртө баштады. Жуматай
ошондо,. гана жылкынын көздөрүнөн мөлт-мөлт жаш агып атканын көрду.
Атасы торунун көздөрүнүн шоролоно түшкөн кычыкта-рын, жаагына түшкөн жаштын издерин шашпай аарчып болгон соң, атты ээгинен сүйөп, көкүлүнөн сылап-сыла-ап туруп, ары булак жакка басып кетти. Бечара, торунун муңдуу көздөрү ошондо жылдыздай жайнай түшүп, алигв шүмүрейүп турган турпаты жазылып, денеси жайыла бер¬ди да, ары бараткан ээсинин артынан сыймыктуу үн сала элсин-элсин кошкуруп койду…