Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жез кемпир

Жез кемпир

Илгери-илгери бир эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп:
- Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,-дейт.
- Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,-дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата берет. Аял болсо, күнү-түнү менен жаны тынбай оокат кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
- Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп келинди токойго алып келет. Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят. Отту чоң кылып жагып, баягы келинди шишкебек кылып жеп коёт. Көрсө, ал кемпир киши жегич экен.
Кемпир алачыкка кирер замат кыздар:
- Апабыз кайда?-деп сурашат. Анда кемпир:
- Камырабай эле койгула, силердин энеңер өтүгүңөрдүн таманына салгандай чөп жулуп жүрөт, жакында келер,-деп коёт.
Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Кыздар ары оодарылышып, бери оодарылышып уйкулары келбей жатышат. Күтүп отурушуп, күтүп отурушуп, бир маалда кыздардын улуусу:
-Эмне энем кечикти,-деп тынчсызданып, токойду көздөй жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп токойго барса, бир жаңы эле өчкөн оттун ичинде адамдын сөөктөрү жатат. Ошол жерден энеси байланып жүргөн бүлөөнү, оттукту жана энесинин тарагын табат. Кыздар өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап, энесинин бүлөөсүн, оттугун жана тарагын алып кайра алачыкка келет. Жолдо келатып эки чымчык кармай келет. Кыздар чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп, тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт.
Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. “Кыздар ордунда экен”-деп кемпир кайрадан уйкуга кирет. Кемпир жети күн, жети түн уктайт. Бир маалда курсагы ачканынан ойгонот. “Эми кыздарды жейин”-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Ошол жерден кемпирдин ачуусу аябай келип, баягы кыздардын аркасынан кууп жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп кууп жетип кармай турган болгондо улуу кыз:
-Эне, энекебай бизге жардам бер!-деп бүлөөнү ийнинен алыс таштап жиберет.
Бүлөө түшкөн жерге чоң дарыя болот. Кыздар бир өйүзүндө, кемпир экинчи өйүзүндө калат. Кемпир сууга киргенден коркуп, өкүрүп, ачууланган бойдон кала берет. Кыздар артын карабай алдыга кетишет. Дарыя жети күн агат да, андан кийин кургап, ал эми бүлөө болсо, улуу кызга кайра барып калат.
Кемпир кайра кыздардын артынан түшөт. Анын жакын калганын укканда улуу кыз:
-Эне, энекебай, бизге жардам бер!-дейт да, оттукту ийнинен алыс ыргытып жиберет. Бир паста түптүз талаада бийик зоо пайда болот, тоо жети күн турат. Ошентип кемпир жете албай кала берет. Эже-синди артын карабай жүрүп олтурушат.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы эки кыз бир аралга туш келет. Аралдын наркы өйүзүндөгү алачыкта жашаган бир кара кемпирди көрүп, эки кыз:
-Эне, бизге жардам берип коюңуз,-деп чакырышат. Анда баягы кемпир:
- Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен?-дейт. Кыздар:
- Биз көптөн бери адам көрө элекпиз, бизге өңүңүз күндөн да жарык, колуңуз биздин энебиздин колундай жумшак көрүнөт,- дешет.
Ошентип кемпир кыздарды суудан көтөрүп чыгат. Кыздарды кемпир өз кыздарындай багып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
-Менин эки балам бар, алар мергенчилеп кеткенине бир нече жыл болду, ошол экөөнү таап келгиле. Токойго барсаңар бугуга чана сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн көрсөткүлө. Колуңардагы бугунун терисинин өңүн көрөр замат менин балдарым силерди ээрчип жөнөйт,-дейт.
Ошентип кыздар кемпирдин эки баласын издеп жөнөп, жүрүп олтуруп токойго келишет. Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат. Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, “апам бул кыздарды бизге жиберсе керек” деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет.
Үйлөрүнө келип улуусу улуу кызды, кичүүсү кичүү кызды алып, жыргап жатып калышкан экен.


Кыргыз