Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жагалым

Жагалым

Илгери, илгери бир кан болгон экен, анын аялы өлүп, андан Жагалым деген уул, Карчыга деген кыз калат. Күндөрдүн биринде кан бир сулуу аялга үйлөнөт. Аялы балдарга аябай өч чыгат.
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Бир күнү кандын аялы:
-Үйдө эт, майга толтуруп балаң үйдү сасытып жиберди, бул баланды жогот, же өлтүр, болбосо мен кетем,-деп ыйлай баштайт.
Кандын айласы кетип, баланы өлтүрмөкчү болот. Муну Карчыга билип калып, агасын кайтарып калат.
Бир күнү Карчыганын башка бир жеңеси келип:
- Кыз, бүгүн биздин үйгө барып, мага бир кемсел бычып берчи -дейт. Карчыга: “Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын” дейт да, жеңесине:
- Баралбайм, колум бошобойт,-деп барбай коет.
- Эртеси баягы жеңеси келип, Карчыганы акидей асылып жатып, үйүнө ээрчитип кетет. Кан менен аялы көк уйду туюк союп, Жагалымды өлтүрүп ага салып, оозун бекем бууп, көлгө салып жиберишет. Жагалымдын кийимдерин жүктүн артына катып коюшат.
Карчыга үйүнө келсе агасы жок, “Жагалымды өлтүрүшкөн экен” дейт да, аны издей баштайт. Жүктүн артынан агасынын кийимдерин таап, аларды өзү кийип, атын минип, талаага чыгып, ар кимден сурап жүрүп олтурат. Эч бир көргөн, билген киши жок, табалбай кыйналат. Карчыганын атына тил бүтүп: “Агаң көлдө жатат”,-дейт.
Карчыга бир койчуга барып:
- Койчу, койчу дешелик, бир табактан жешелик, тар төшөктө жаталык, Карчыгадай кара беттин кара башы сүйүнчү, ушул көлдөн Жагалымды алып чыгып бергин,-дейт.
Койчу кочкорун минип көлгө түшөт, кочкору сууга кетет, өзү өлдүм-талдым дегенде араң чыгат.
Карчыга андан кийин уйчуга, төөчүгө, жылкычыга барат, алар да алып чыга албайт. Айласы кеткенде сууга өзүм түшөйүн, бир тууганымдан ажыраганча, өлгөнүм жакшы деп сууга түшмөкчү болгондо атына тил бүтүп:
-Сен түшпөгүн, мен алып чыгамын,-деп сууга түшөт да, суудан Жагалымды алып чыгат.
Карчыга “агамды курт-кумурска жебей турган жерге көмөйүн,” деп көзүнүн жашын көл кылып, өңөрүп алып кетип баратып, кара ташка жолугат.
-Жарылгырдын кара таш, жарылып кетсең не болот, Жагалымдай жалгызды, коюп кетсем не болот?-дейт,
Ошенткенде кара таш чарт тең бөлүнөт, бирок ичи курт-кумурскага жык толгонун көрүп, ага көмбөй андан ары кетет. Андан ары жүрүп отурса алдынан ак таш көрүнөт, ага кайрылып Карчыга:
-Жарылгырдын ак ташы, жарылып кетсең не болот, Жагалымдай жалгызды көөмп кетсем не болот?-дейт.
Ак таш жарылат. Курт-кумурскалар жок, ичи таптаза экен. Карчыга агасын көмөт да, андан ары өзү кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга “Ким жамбыны атып түшүрсө, кызымды ошол жигитке беремин”,-деп Кара кан элин жыйып алып, той берип жаткан жерге барып калат. Жамбы аткандарды карап турса, аны эч ким атып түшүрө албайт.
-Мен атып көрөйүнчү, тээ атымдын жанындагы мылтыгымды алып келе койчу,-деп Карчыга бир баланы жумшайт.
Ал бала барып мылтыгын көтөрө албайт. Карчыга барып мылтыгын чыпалагы менен көтөрүп келет да, жамбыны атып түшүрөт. Эл Карчыганы:
- Кан күйөө, бек күйөө,-деп көтөрүп кетишет.
- Бир агам жолоочу жүрүп кеткен эле. Ошол атамды таап келейин,-деп Карчыга колуктусун алгандан кийин, андан ары жөнөп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп, Карчыга “Ким жамбыны атып түшүрсө, кызымды ошого беремин” деп элин жыйып алып, жамбы аттырып жаткан Кызыл кандын тоюна кез келет. Карап турса, жигиттердин эч кимиси ата алышпайт.
- Мен атып көрөйүнчү,-деп Карчыга мылтыгын алат да жамбыны байлап койгон жибин үзө атат. Эл Карчыганы:
- Кан күйөө, бек күйөө деп, топтолгон элдер көтөрүп кетишет. Карчыга Кызыл кандын кызын алат да:
- Менин жолоочу жүрүп кеткен бир агам бар эле, ошол агамды таап келейин,-деп дагы издеп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга “Ким жамбыны атып түшүрсө, ошого кызымды беремин”, деп той берип жаткан Ак кандын тоюна туш келет. Карчыга карап турса жамбыны эч кимиси ата албайт. Карчыга жамбыны саландата байлап койгон жибин үзө атат.
-Кан күйөө, бек күйөө,-деп Карчыганы топ элдин ичинен көтөрүп кетишет.
Ошентип Карчыга Ак кандын да кызын алат. Бирок Ак кандын кызы: “Бул эркек эмес – аял, мунун эркек же аял экенин билиш үчүн буга ийик саптаталы. Эгерде эркек болсо, ийикти сулуу кылып саптайт”,-деп Карчыгага ийик берет.
- Ийикти кантип сулуу саптаймын?- дейт Карчыга атына. Аты ийиктин сабын оозуна салып туруп кайра таштап коет, ийиктин сабы жылмаланып түшөт. Карчыга ийикти саптап бере салат. Кыздын жеңелери сапталган ийикти көрүп:
- Сонун саптаган турбайбы, койчу ботом эркек эле экен, аял болсо ушундай сулуу саптамак беле?-дешет.
Ак кандын кызы буга ишенбейт да, үйдүн эки капшытына бир эркектин ээр токумун, бир аялдын ээр токумун коет. Эгерде эркек болсо – эркектин ээр токумун, аял болсо – аялдын ээр токумун карап өтөт дейт да, Карчыганы:
-Үйгө кирип үйдөгү ээр токумдарды көрүп чык,-дейт.Карчыга дагы атына кеңешет. Аты “Эркектин ээр токумун карап, аны кармалап өт”,-дейт. Карчыга эркектин ээр токумун карап өтөт.
-Эркек эле турбайбы, кыздын ээр токумун карабастан, эркектикин карап өттү го, курулай эле сүйлөй бересиңби?-дейт кыздын жеңелери.
Кыз буга да ишенбей өңчөй эркектерди жарыштырып сынаймын, “кыз болсо – этегин кымтырынып жүгүрөт, эгерде эркек болсо – кымтырынбай жүгүрөт” дейт да, Карчыганы жарышкын дейт. Карчыга атыга айтат: Аты: “этегинди кымтырынбай жүгүргүн”-дейт.
Карчыга жарышка катышып, этегин кымтырынбай жүгүрөт. Кыздын жеңелеринин айтканы чын болуп чыгат, кыз да эркек экен деп ишенип калат.
Карчыга үч аялынан:
-Атаңардын кандай жакшы буюму бар, ошону мага сурап бергиле,-дейт.
Ак кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо аласалып кетет деп, атасынын алтын чокморун сурап берет. Кызыл кандын кызы өлгөн кишиге тийгизип койсо, күңгүрөнүп калат деп атасынын күмүш чокморун сурап берет. Кара кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо, ал үшкүрүп тура келет деп, атасынын жез чокморун сурап берет. Карчыга үч чокморду алып, үч аялын үч жол менен көчүрөт, мен агамды издеп таап келейин деп, өзү андан ары жөнөп кетет.
Үч аял көчүп барып баягы белгилеп койгон жерге конушат.
Карчыга ак ташка барат, башынан өткөндөрүн, көргөн-билгендерин бүт жазып туруп, ээрдин алдынкы кашына жабыштырып коет да:
-Жарылгырдын ташы жарылып кетсең болбойбу, мен бир боорум Жагалымды алып кетсем болбойбу?-дейт.
Ак таш жарк деп ачылат. Карчыга ак чокморду агасына тийгизип койду эле, агасы аласалып кетти, күмүш чокморду тийгизип койду эле, агасы күңгүрөнүп сүйлөдү, жез чокморду тийгизип коюп, өзү коен болот да жылт коет.
- Өх, көпкө уктап калган турбаймынбы,-деп агасы үшкүрүп тура калат. Жагалым кийимин кийинип, атын минейин десе кат жатат, ал катты окуп бардык болгон ишти түшүнөт, анан атын минип алып жөнөйт. Кетип баратса бир топ киши бир коёнду тызылдатып кууп келе жатат. Ал коен чымылдап келип эле Жагалымдын койнуна кире качат. Кууп келаткан кишилер коёнду таба албай калышат. Жагалым болсо, аны Кара кандын кызына алып барып:
- Ушул коёнду жакшы бак,-деп колуна берет.
- Бирок Кара кандын кызы жакшы карабай, коёнду арыктатып жиберет. Жагалым андан коёнду алып, Кызыл кандын кызына:
-Ушул коёнду арыктатпай жакшы бак,- деп дайындап берет. Бирок ал дагы жакшы бакпай андан бетер жүдөтөт.
Жагалым андан коёнду алып, “жакшы бак, жакшы кара” дебей эле Ак кандын кызына алып барып берет. Ал аялы коёнду убагы менен тамагын, суусун берип жакшы багып, жакшы карайт.
Коен он чакты күндөн кийин эттенип, кулпунуп өңүнө чыга келет. Ак кандын кызы анын адамзат экенин билип:
-Сен коен эмессиң, сен адамзатсың, чыныңды айт,-деп өпкүлөп, жыттагылап, бооруна кысса, бир маалда баягы коен кызгүрүнө келет.
“Ак кандын кызы коёнду жакшы багып жүрүп кыз түрүнө айландырыптыр” деген сөз тигил эки аялына угулат. Эки күндөш Ак кандын кызын көрө албай, кайынсиңдисин багалбай өлтүрүп алыптыр деген жаманаттыга калтырыш үчүн “кыздын башын сен кара, ошондо мен мээсине темене кагайын, ошентип кызды өлтүрөлү”,-деп кеңешип, Ак кандын кызыныкына келишет.
Эки күндөш кызды боюна тарта башташат, бири жүйрө олтуруп кыздын башын карайт. Экинчиси:
-Иий, мына бит, иий, мына сирке,-демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Жагалым ыйлап-сыктайт, айласы канча-көнөт. Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет. Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет. Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет.
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт.
Баягы бугу качып жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп капкан салып, тузак тартып оокат кылып жүргөн кемпир-чаддын капканына түшүп калат. Чал капканына түшкөн бугуну союп, көтөрүп жүргөн көмүркөйүн алып үйүнө келет. Көмүркөйдү ачса, андан айдай сулуу кыз чыгат. Аны көмүүгө ыраа көрбөй башын сылап отурушса, бир маалда колдоруна баягы темене урунат. Ал теменени сууруп алышса, кыз тирилип кетет.
Чал эртеси тузагына барса, бир карга жатат, алып соеюн десе, карга адамдын тили менен:
- Мени сойбогун, Карабай деген бай мен боломун, менден каалаганынды алгын,-деп жалынат.
- Мен сени кое берейин, кийин сага барганда сураганымды бересиң,-деп чал Карабайды кое берет.
Чал бир күнү Карабайдыкына барып келейин деп барса, кой, уй, жылкы жер бетин бербей жайылып жүрөт. Чал малчылардан:
- Бул кимдин малы?-дейт.
- Бул төрт түлүк Карабайдыкы!
- Карабай менин тузагыма түшкөндө “эмне алсаң, ал” деди эле, эми малынан сурап алайын,-дейт чал малчыларга.
Анда малчылар:
-Сен бул малды алып эмне кыласың, андан көрө Карабайдын жайыл тасторкон деген тасторкону бар, аны “жайыл тасторкон”десең, бүт тамак-аш, дүйүм жемиштер даяр болот. “Чыч чебич” деген чебичи бар, аны чыч чебич десе, өрүк мейиз чычат, “бышсабасы” бар, аны “быш саба, быш” десе, кымыз бышышы даяр болот. Ур токмогу бар, аны “ур токмок” десе, душманыңды токмоктоп талкалайт, сен ошолорду сурап ал,-дешет.
Чал барып Карабайдан жайыл дасторконун, чыч чебичин, быш сабасын, ур токмогун сурайт. Карабай ары карап ыйлап, бери карап күлүп баягыларды берет. Чал жайыл тасторконду, чыч чебичти, быш сабаны, ур токмокту алып үйүнө келип байып жатып калат.
Чалдын бул буюмдарын көрүп жана анын байып кеткенине ичи тарланган айылындагы кескилер токмоктон башкасын уур-дап кетишет. Эртеси чал айылындагыларга барып:
-Менин жайыл тасторконумду, чыч чебичимди, быш сабамды уурдап кетиптир, ким уурдаганын көрдүңөрбү?-деп сурайт.
Айылындагылар:
- Көргөн жокпуз, билген жокпуз,-деп коюшат.
Чал:
- Силер эле уурдадыңар, алыстан ууру келмек беле, ур токмогум ур,-дейт.
Ур токмок бир асманга чыгып, бир жерге тийип элдин башы-көзүн, колу-бутун сындырып, тос-тополоң кылат.
- Берели эле берели, биз алганбыз, деги токмогуңду токтотчу бөөдө өлүп калбайлы,-дешип уурулар чалга жалынышат.
- Урба, токмогум, урба,-деп чал токмогун араң токтотот. Уурулар уурдап алгандарын чалга беришет.
Ошол күндөрдө бир кан жигиттерин ээрчитип куш салып чыгат, ал куш чалдын алачыгынын түндүгүнө келип конуп калат. Кандын жигити келип:
-Үйдө ким бар, кушту алып бергин,-дейт.
Үйдөгү кыз кушту алып эшикке чыгат. Ал кызды көрүп сулуулугуна суктанып, жигиттин эси ооп калат да, кушун камчыланып чапкан бойдон канга барат. Караса, колундагы куш өлүп калыптыр.
Кан үйүнө барып башка куш алып келип дагы салат. Ал кушу дагы баягы алачыктын түндүгүнө барып конот. Кандын бир жигити келип:
-Кушту алып бер!-дейт.
Карчыга кушту алып чыгат. Жигит кызды көрүп эси ооп, кушун камчыланган бойдон канга барат, кушу дагы өлүп калат.
Кан үйүнөн куш алдырып, эми өзү салып чыгат. Бул жолу да куш баягы чалдын алачыгына барып конот. Кан өзү барып:
-Кушту алып бер,-дейт.
Карчыга кушту алып чыгат. Кан кыздын сулуулугуна кызыгып чалды чакыртат. Карчыга чалды эмне үчүн чакыртканын билип, көздүн кабыгынан тигилген баштык берип:
-Ушул баштыкты толтуруп алтын берсеңиз, мен сизге кызымды берем деңиз,-дейт.
Чал канга келет. Кан:
- Мага кызынды бер,-дейт.
- Ушул баштыкты толтуруп алтын берсеңиз, кызымды сизге берем,-дейт.
Кан казынасындагы алтындан баштыкка салдырат, баштык толбойт. Бүт алтынын салдырат, эч толбойт. Айласы кетип, эмне кыларын билбей турганда бир мастен кемпир:
-Мени он сегиздеги балага алып берсең, мен мунун айласын табам,-дейт.
Кан макул болот. Ошондо кемпир төгөрөктүн төрт бурчунан төрт чымчым топурак салат, баштык толуп, ашып-ташып кетет.
Той берип, шаан-шөкөт менен кан Карчыганы алат, ал бир эркек бала төрөп берет. Бала чоңоюп балдар менен чүкө ойной баштайт. Энеси баласына болгон окуяны айтып түшүндүрөт да, балдар менен чүкө ойногондо:
- Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу деп ойногун,-дейт. Баласы балдар менен чүкө ойногондо:
- Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу,-деп балдар менен ойноп жүрөт.
Карчыганы издеп жүргөн Жагалым тиги баланын сөзүн угуп балага келет, баладан жөн-жай сурайт.
- Мен кандын баласы боломун, энемдин аты – Карчыга, таякемдин аты – Жагалым,-дейт бала.
Ошентип Жагалым карындашын таап, жыргап-куунап жатып калышыптыр дейт.


Кыргыз