Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кан менен вазир

Кан менен вазир

Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:
- Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,-дейт.
- Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне чаап бара жатасың?-деп сурайт.
Вазир:
-Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара жатамын,-дейт.
Кандын кызы айтат:
-Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз “Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди.
- Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,-дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле албай:
- Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат. Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы, эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге:
- Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин канга келип:
- Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип, жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет:
- Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып, “келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат.
Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет. Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз “Барсамбы, барбасамбы”-деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи болот.
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат кыл,-деп айтат.
Кыз:
-Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт.
Кан:
- Макул болот,-дегенде кыз айтат:
- Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиз-деди.
- Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан.
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
- Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө келет. Кыз:
- Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт.
-Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай жатканын көрүп, кыз барып:
-Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип:
-Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет.
“Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууп- тазалап бага берет.
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп: “Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып:
-Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт.
Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт.
-Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт.
Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат:
-Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз.
Үчөө кобурашып:
-Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет.
Кыз үчөөнү карап туруп:
-Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат:
-Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,-деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе жатканда үчөө тең кетишет.
Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү жигитке:
-Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул болот.
Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө:
- Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып келгенде кыз күйөөсүнө айтат:
- Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын. Кан:
“Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде, ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде: “Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат” деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин, ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт.
Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп, аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип, колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылат.
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң калып, кээси бата берет.
- Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер таң калып жүрүшөт.
Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат. Кыз бир күнү күйөөсүнө:
- “Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп ойлоп, кан:
- Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат.
- Азыр келет,-деп жигит отура берет.
- Качан келет?-деп улам-улам шаштырат.
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз элине тараган экен.


Кыргыз