Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Калп эмнеге алып келет (жомок)

Илгери бир Жумаалы деген калпьшы болуптур. Ал калп айтканды өнөр кылып алыптыр. Калп айтпаса тура алчу эмес экен. Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жаткан . да эшикке чыгып, үнүнүн баардыгынча:  Малга карышкыр тийди! Элжурт, жардамга!  деп кый кырат. Элдин баары ойгонуп туштуштан жабыла чуркап кели шет. Карашса баардыгы тынч, эч кандай карышкыр жок. Жу маалы калп айтып элди алдаганына кубанып күлүп отурат. Алданган эл Жумаалыны «акмак, келесоо» деп тилдешип үйлөрүнө кайтышат.

Күндөрдүн биринде Жумаалы дагы түн ортосунда туруп алып азанказан түшүп:  Ой, элжурт, сактангыла, тоодон сел каптап келе жатат. Өлдүк!  деп кыйкырат. Үрөйү учкан эл балдарын жетелеп, сыртка чуркап чыга баштайт, караса баары тынч. Эч кандай сел агып келатка ны көрүнбөйт. Жумаалы болсо калп айтканына кубанып, ыкшып күлүп жатыптыр. Бул жорукка ыза болгон элдер аны урмакчы болушат. Ошондо аксакалдар арачалап:  Акмакты жайына койгула. Бир күнү калпынын азабын тартат,  дешет.

Арадан көп күндөр өтөт. Түн ичинде капыстан Жумаалынын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгышат. Жумаалы нын жаналы калбай:  Ой, элжурт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп кетейин, чын эле чатырап өрттөнүп жатат,  деп нары бери чуркап элди чакырат. «Баягы көп калпынын бири да», деп эч ким үйүнөн чык пай коет. Эртеси туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп ду балы эле калыптыр. Жумаалы үйбүлөсү менен ыйлап оту рушат. Элдер Жумаалыга жардам берип, өрттөнгөн үйүн ондоп коюшат. Жумаалы ыйламсырап, элге ыраазылыгын билдирет. Ошондон кийин Жумаалы эзели калп айтпай калган де шет.

Илгери бир Жумаалы деген калпьшы болуптур. Ал калп
айтканды өнөр кылып алыптыр. Калп айтпаса тура алчу
эмес экен. Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жаткан .
да эшикке чыгып, үнүнүн баардыгынча:

Малга карышкыр тийди! Элжурт, жардамга! деп кый
кырат. Элдин баары ойгонуп туштуштан жабыла чуркап кели
шет. Карашса баардыгы тынч, эч кандай карышкыр жок. Жу
маалы калп айтып элди алдаганына кубанып күлүп отурат.

Алданган эл Жумаалыны «акмак, келесоо» деп тилдешип
үйлөрүнө кайтышат.

Күндөрдүн биринде Жумаалы дагы түн ортосунда туруп
алып азанказан түшүп:

Ой, элжурт, сактангыла, тоодон сел каптап келе жатат.
Өлдүк! деп кыйкырат.

Үрөйү учкан эл балдарын жетелеп, сыртка чуркап чыга
баштайт, караса баары тынч. Эч кандай сел агып келатка
ны көрүнбөйт. Жумаалы болсо калп айтканына кубанып,
ыкшып күлүп жатыптыр. Бул жорукка ыза болгон элдер
аны урмакчы болушат. Ошондо аксакалдар арачалап:

Акмакты жайына койгула. Бир күнү калпынын азабын
тартат, дешет.

Арадан көп күндөр өтөт. Түн ичинде капыстан Жумаалы
нын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгышат. Жумаалы
нын жаналы калбай:

Ой, элжурт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп
кетейин, чын эле чатырап өрттөнүп жатат, деп нары бери
чуркап элди чакырат.

«Баягы көп калпынын бири да», деп эч ким үйүнөн чык
пай коет. Эртеси туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп ду
балы эле калыптыр. Жумаалы үйбүлөсү менен ыйлап оту
рушат. Элдер Жумаалыга жардам берип, өрттөнгөн үйүн
ондоп коюшат.

Жумаалы ыйламсырап, элге ыраазылыгын билдирет.

Ошондон кийин Жумаалы эзели калп айтпай калган де
шет.


Кыргыз