Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Каардуу хан

Каардуу хан

Илгери бир хан элине абдан ырайымсыздык менен карап, алтымыш жашка чыкканча перзент көрбөйт. Мунун карамагында эки вазир болот. Бир күнү хан ойлонуп отуруп, биринчи вазирин чакырат:
-Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Менден эч кандай перзент жок. Эгерде ажалым жетип өлүп кетсем, артымдагы мал-мүлкүмдү ким ээлейт?-деп биринчи вазирден сурайт.
Анда биринчи вазири:
Эгерде ажалыңыз жетип, көзүңүз өтүп кетсе, балам жок эч кандай капа болбоңуз, биз деле ээлейбиз,-дейт.
Хан вазиринин башын алдырып таштайт. Экинчи күнү экинчи вазирин чакыртып, хан жогорку сөзүн кайталайт. Анда ал вазири:
- Ханым, эч кандай капа болбоңуз, бир айласын табабыз, -дейт.
- Айласын тап,-дейт хан.
-Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык таап бериңиз.
Хан вазирдин айтканынын бардыгын берет. Вазир буларды алып, ханга бала тилеш үчүн жолго чыгат. Айлап-жылдап жол жүрүп отуруп, бир күнү эки жолдун айрылышына барганда бир аксакал кишиге жолугат. Вазир салам айтат. Аксакал киши алик алып:
- Кайда барат элең, балам?-деп калды.
- Биздин ханыбыз алтымышка чыкканча перзент көрбөгөндүктөн, мен ханга бала тилеп чыктым эле,-дейт.
Анда аксакал киши:
-Сен ханга бала тилеп чыга турган болсоң, мен бир сөз айтамын: Сенин ханың абдан ырайымсыз, элге каардуу, жетим-жесирге кайыр санабайт. Элдин муң-зарын түшүнбөйт. Ошондуктан перзент көргөн жок, силер чын ыкласыңар менен бала тилей турган болсоңор, дайындуу бир адам каттай турган тогуз жолдун тоомуна бир дүкөн, бир сарай, бир чайкана куруп, ошол жолдон өткөн-кеткендердин бардыгына, ач калган, кеч калгандарга оокатты, кийимди акысыз берип, адамдарды жети жылга чейин түнөтүп, өткөрүп турасыңар. Жети жыл өткөндөн кийин да жолугушарбыз, башка айтарым жок, -деп аксакал киши көздөн кайым болду.
Ушуну менен вазир жолго түшөт. Кайра дагы ошончолук жол жүрүп, жерине келет. Келгенде хан вазирди чакыртып:
-Кандай, айласын таптыңбы?-дегенде, вазир ошол сөздүн бардыгын ханга айтат. Хан макул болуп, тогуз жолдун тоомуна баягы аксакал кишинин айтканынын бардыгын куруп, иреттейт. Жети жыл бою жолоочулардын бардыгын багып, кийим, оокат менен камсыз кылат,
Жети жыл бүтүп, сеегиз жылга айланганда хан кургандарын көчүрүп, өзү алдында келе берет. Хан жалгыз келе жатса, жолдо бир аксакал киши жолугат. Ал ак сакал кишиге салам айтат. Ал алик алып туруп:
-Баякыларды аткардыңбы?-деп туюк гана сурайт. Хан ал сөзгө түшүнө коюп:
- Толук аткардым, таксыр,-дейт.
- Анда сен бул сөздү толук аткара турган болсоң, жакшы болуптур, алтымышка чыкканча перзент көргөн эмес элең. Сен мына бул алманы ал – деп, бир алма берет. – Бул алманы алып барып, кечке маал тышкы кабыгын аарчып кара бээге бер, алманы тең жарып, байбичең экөөн бөлүп же. Байбичеңдин боюна эгиз эркек бала бүтөт. Таптакыр туубаган кара бээң бооз болот. Ал эми эгиз эки бала төрөлгөндө бирөө сага, бирөө мага. Өзүндө калган баланын атын, Шааысмайыл коёсуң. Бээң тууганда кулундун атын Камыртай коёсуң,-дейт.
Ошону менен экөө ажырашып кете берет. Үйүнө келип, ордосунда иштерди жайлаштырып жүрүп, койнундагы алма эсинен чыгып калат. Чай ичкенде эсине келбейт. Чечинип жатар мезгилде койнуңдагы алма түшүп кеткенде гана эсине келет. Хан алманы аарчып, байбичеси экөө бөлүп жеп, ак сакалдын айтканын аткарат, ушундан баштап байбиченин да, бээсинин да боюна бүтөт. Тогуз ай, тогуз күн болгондо хандын байбичеси эгиз эркек бала төрөйт. Бээси да эгиз эркек кулун тууйт.
Эгиз эркек баланы эч кимге көрсөтпөй, бир кемпирге каратып, кара бээни жер үстүнө чыгарбастан, жер астына орун жасап, ошол жерге бактырат. Төрт күн болот дегенде, кечки тамакты ичип жаткан убакта эшиктен салам айтып, бир ак сакал киши кирет. Хан алик алып, төр жактан орун берет.
- Кандай, аялың төрөдүбү, бээң туудубу?-деп сөзгө келет. Анда хан.
- Аялым эгиз эркек, бээм эркек кулун тууду-дейт.
- Балдар кайда?-дейт ак сакал.
- Балдарды бир кемпирге бактырып жатам,-дейт хан. Ак сакал киши эки баланы алдырып келип, бир баланы ханга берип, бирөөнү өзү астына алып олтурат.
- Сенин алдында отурган баланын аты, Шааысмайыл, кулундун аты Камыртай болсун, кулун Шааысмайылдын келечекте мине турган аты – деп, бир баланы алып, көздөн кайым болот.
Ошондон баштап хан баланы бага баштайт. Молдого берип кат таанытат. Бала сегиз жашка чыгат. Ал дайым сууга барып, кайырмак салып жүрөт.
Ошол мезгилде суунун боюна бир боз үй пайда болот. Андан бир кыз дайыма суу алып кетет. Бала кызды көрүп, сүйүп калат. Бала бир күнү энесине:
- Мага аял алып бергиле,-дейт. Энеси ханга айтат. Хан:
- Шааысмайыл али жаш, аял алгыдай боло элек, кое турсун,-дейт.
Ага, Шааысмайыл болбойт. Хандын айласы кеткенде вазирлерин чакыртып, Шааысмайылга кыз тандатып жөнөтмөк болот. Муну Шааысмайыл угуп:
- Атам убаракерчилик тартып, башка жакка киши жөнөтпөсүн. Ушул жерде бир кыз бар, ошону алып берсин,-дейт.
- Мен өзүм хан болуп, эл бийлеп туруп, ушул кызды балама кантип алып беремин,-деп хан болбойт.
Мында бала сүйлөбөстөн, тамак ичпестен, эки күн жатып калат. Хандын айласы кетип, суунун боюндагы боз үйгө жуучу жиберет. Жуучу суунун жээгинен бул үйдү таппай кайта келет. Бала энесине:
- Камыртайды бир көрөйүн,-дейт. Энесинин болбогонуна койбостон, атты жетелеп чыгып, минип алып, ары-бери бастырып:
- Апа, атты менин атым дедиңер эле, “камдалган жоо-жарак, кийим-кечек бар дедиңер эле, мага көрсөтүңүзчү, кийип көрөйүн, жарашар бекен, жарашпас бекен?-дейт.
Энеси жоо-жарагын, кийим-кечесин, ээр токумун алып берет. Бала жарагын асынып, кийимин кийинип, атка минип ары-бери бастырып көрсө, ат жер баспайт, учкан сыяктуу болуп көрүнөт. Ары-бери бастырып келип, энесине:
-Мен кеттим, эне,-дейт.
Энеси чачын жулуп ыйлайт. Ага да болбойт. Анда энеси;
-Түгөнбөстүн күл азыгын көп кылып камдап берейин, анан кеткин,-дейт.
Бала ага да болбойт. Күн жүрүп, түн жүрүп, ай жүрүп, жыл жүрүп бир жерге барса, бир боз үйдүн орду турат. Бул журтта бир кеседей таш жатат. Ташты аңтара салса, таштын астында Гүлдүзардын жазган каты бар экен. Ал катта мындай деп жазылган: “Шааысмайыл, сен анык эр жүрөк, туруктуу жигит болсоң, мени издеп келерсиң. Биз Мисир шаарына көчүп кеттик. Жок, коркок жигит болсоң, ушул жерден кайра тартарсың” деп казылган.
Катты окуп, Шааысмайыл андан ары жолун уланта берет.
Дагы эки күн жүрүп, түн жүрүп, ай жүрүп, жыл жүрүп, бир жерге барса эки жагында жол жок бир капчыгайга туш келди. Ал капчыгайдын өндүрүндө жалан гана адамдын башынан бүткөн, эч бир жан өтө алгыс бир чоң дубал турат. Ары-бери бастырса, жол жок, айласы куруп турганда Камыртайга тил бүтүп сүйлөйт:
- Мен жүгүрүп бара жатып токтоймун, ошол учурда кылычың менен дубалды колуң жетсе жетпесе да шилтеп өт. Ошондо дубал урап түшөт. Андан ары дубалдын ичине киргенден кийинкисин өзүң билесиң,-дейт.
Ат айтканындай бир жерге келип токтойт. Шааысмайыл кылыч менен чаап өтсө, дубал кулайт. Бул дубал жалаң гана кишинин башынан курулуп, бир кишинин башынын гана орду калыптыр. Ал дубалдын ичине кирсе, бир чаар тулпар Камыртайды көргөндө кишенеп тизесине чейин, дагы арыраак бастыра түшсө, көзүнө чейин жерге батты. Далдаага Камыртайды байлап, арыраак барат.
Эч кандай адам жок. Бирок, коргондун ичинде абдан сонун кооз бак асман тирейт. Ал бактын ортосундагы көлдүн четинде бир терек бар. Аяк-быягына көз жүгүртсө, эч ким билинбегендиктен, Шааысмайыл теректин башына чыгып кетет да, уктап калат. Ошол мезгилде үч кыз келип, көлдөн суу алайын десе, сууда бир абдан сулуу жигиттин сүрөтү турат. Кыздар ал жигитти кармап алабыз деп, көпкө убара болушат. Чакаларына суу сузуп алышса, анда да жигиттин сүрөтү түшөт. Кармап алалы дешсе, колго илинбейт. Кыздардын айласы кетип чарчаганда кетип калышат.
Кыздардын падышасы:
-Эмне кечиктиңер! Силердин башыңарды аламын,-деп кысымга алат.
Кыздар көргөнүн айтып беришет. Аны уккан падыша кыз:
- Биздин коргонго кандай киши келди экен? Дубалга бир кишинин башы жетпей турат эле, жакшы болду,-деп падыша кыз кыздарды ээрчитип чыгат. Барса, кыздар айткандай сууда бир сүрөт турат. Ал дагы кармап алайын деп аракеттенсе, колго илинбейт. Аяк-быягын айланып караса, теректин үстүндө бир жигит уктап жатат.
- Муну өлтүрбөстөн тирүү кармап алсак, зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан жарадар кылып, сууга түшүрүп, башын алып, дубалды бүтүрөлү,-деп падыша кыз эки кызын жумшап, теректи аралата баштайт. Терек солкулдаган кезде, Шааысмайыл ойгонуп кетип, түшүп келет. Падыша кыз:
-Жигит, мага келдиңби?-дейт.
-Жолоочунун жолу ушундай экен,-деп бала жооп берет. Анда кыз:
-Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн,-деп дубалды көрсөтөт. Ал падыша кыздын аты Рабизаңга болот. Кыз:
-Менин шартым бар, күрөшөм, мен жыксам башыңды алам, сен жыксаң сага тиемин,-дейт. Атайын койгон калыстарын чакыртып, каратып коёт. Экөө күрөшүп, Шааысмайыл жыгып алат.
Падыша кыз кайрадан күрөшөт. Шааысмайыл дагы жыгат. Эки жолу жыкканда кыз таажысын тартып жиберет. Тартып жибергенде кыз экени көрүнө түшөт.
-Эркек башым менен кыз менен күрөшүп эмне пайда таптым-деп Шааысмайыл кыздын үстүнөн ооп түшөт.
Ооптүшкөндөн кийин кыз Шааысмайылдын үстүнө минип, канжарын алып, башын алмак болот. Бул учурда турган калыстар:
-Ээ, Рабизаңга, наамарттык кылбагын, бул жигит сени бир эмес, эки жолу жыкты. Жеңиш бул жигиттики,-дейт.
Ушул сөздү уккандан кийин, ордунан ыргып туруп, жигитке жүгүнүп:
-Жеңиш сиздики, мен да сиздики,-дейт. Шааысмайыл андан ары жолун улантмак болот. Рабизаңга уруксат бербейт.
Кеч курун бир күндүк той жасап, экөө бирге жатмак болот. Шааысмайыл кылычын экөөнүн ортосуна коюп коёт. Анда кыз:
-Шааысмайыл, сен эмне үчүн мындай ишти жасайсың, эмне үчүн унчукпайсың, же сага менин сулуулугум жакпайбы, же баатырлыгым жакпайбы? Менден көңүлүң калдыбы?-дейт.
Анда Шааысмайыл айтат:
-Мен үйдөн аттанып чыкканда бөлөк максат менен чыкканмын. Менин сүйгөн кызым бар болучу. Сиз меники, мен сеники болдум. Сизди мен аламын. Бирок экөөбүздүн ким-кимибиздин ниетибиз ишибиз кылычтын мизиндей курч болсун деген ой менен койдум. Мен азыр сапар кетип бара жатамын. Ошол сапарымды туура аткарыш үчүн мен түз жана туура жолдо болоюн. Кайра келе жатып, той жасап, анан сүйлөшөбүз,-дейт. Эртеси андан жөнөп кете берет.
Мында да ай жүрүп, күн жүрүп, түн жүрүп, жыл жүрүп, бир капчыгайга туш келет. Капчыгайда бир чоң таш жатат. Өтүп кетүүгө жол жок. Ары-бери бастырат. Ошол кезде Камыртайга тил бүтөт.
-Ээ, Шааысмайыл, камчы сап менен ташты көтөр. Ал таш ачылгандан кийин каалга, каалгада кулпу бар. Ал кулпунун ачкычы ошонун үстүндө турат. Ал эми ачып киргенди өзүң билесиң.
Аты айткан ишти жасаганда жол ачылат да, атын жетелеп кирип жатса, оң жактан дагы бир кичине каалганы көрөт. Ал каалганы ачып кирсе, караңгы үй, төрдө бир кыз чачын сылап отурат.
Анын сулуулугунан үй жарык көрүнөт. Баягы кызга сүйлөшүүдөн сүрдөп, кичинекей майда таштарды кызды көздөй ыргытат.
Анда ал кыз:
-Ой, сен кандай бей тартип жансың? Жырткыч карышкыр болсоң, мени жегин. Жок, сөз түшүнгөн адам баласы болсоң, жолуңа түшкүн,-дейт.
Анда Шааысмайыл:
-Мен жырткыч эмесмин, адам баласымын. Караңгы жердин астында жашаган өзүң кандай жансың?
-Эгерде сиз муну уккуңуз келсе, тарыхымды айтып берейин. Жети эркек бир туугандын ичинде бир жалгыз кыз элем. Атым Гүлпаары. Эң кенжеси болучумун. Биздин ханыбыз мени аламын деп агаларыма айттырат. Бирок, агаларым болбой коёт. Болбогондо хан уруш ачты, быйыл жети жыл толот. Ошондон бери эки акем өлүп бешөө калды. Мындан ары жүрүп олтурсаңыз, жолдо бир жагында көп киши, бир жагында беш киши эки тарап болуп согушуп жатканын көрөсүз. Ошол беш киши менин бир туугандарым. Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат,-дейт кыз.
Сөздүн маанисине түшүнгөндөн кийин Шааысмайыл жолуна түшүп кете берет. Жүрүп отуруп барса, жолдун бир тарабында көп киши, бир тарабында беш киши болуп согушуп жатат. Кетип бара жатып, Шааысмайыл жакын келгенде эки жактагыларды карабай туруп салам айтайын, кайсы жагы алик алса, ошол жагына кошулайын деген ойго келет. Ойлогондой салам берсе, беш киши алик алат, көп киши тарабы унчукпайт. Шааысмайыл бешөөнө кошулуп согушка кирет. Ошентип, падышанын аскерлерин кырат, жеңишке ээ болушат.
Бирок, беш бир тууган сүйлөшүп Шааысмайылды кетирбей, үйлөрүнө алып барышып, карындашын ага бермекчи болушат.
Ал кечеси той жасап, карындашын Шааысмайылга беришет. Бирок, түндөсү бирге жаткырганда Шааысмайыл ортосуна кылычын жылаңач коюп коёт. Анда кыз кылычтын ортого коюлушунун жайын сурайт.
Менин сулуулугум көңүлүңө толбодубу, же беш бир тууганымдын баатырлыгы жакпадыбы?-дейт.
Силер жөнүндө эч кандай нааразычылыгым жок. Мен үйдөн жөнөгөнүмдө бир максат менен чыккамын. Ошол максатым аткарылмайынча, менин сиз менен сүйлөшүүм туура келбейт. Бул кылычтын коюлушунун себеби – экөөбүздүн сүйлөшүүбүздүн маңызы, мына ушундай курч болсун. Заар менен сапарымдан калбай жөнөп кетейин. Мен сизден айныбайм,-дейт Шааысмайыл.
Ошону айтып кайта келишке убада кылып жөнөп кетет. Ошентип күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир шаардын четине жетип, бир жесир аялдын үйүнө түшөт. Ал аялдан:
- Элиңерде эмне кеп бар?-дейт.
- Бизде эч деле кеп жок, бир гана жаңылык, падышабыз Гүлдүзар деген кызды аламын деп, тою болуп жатат. Бүтүшүнө эки гана күн калды!
- Андай болсо жакшы. Сиз мына бул акчага базарга барып, жууркан-төшөк, жемиш алып келиңиз,-дейт.
Акчаны алып, аял базардан айткандардын баарын алып келет. Кеч киргенде аялга Шааысмайып айтат:
-Сиз ханга жакшылап оокат жасаңыз. Мына бул шакекти кошуп алып барасыз да, тасмалды хандын астына коесуз. Сиз өзүңүздү Гүлдүзардын эжесимин деп, ханга билдирбестен туруп шакекти Гүлдүзарга көрсөтөсүз. Анда Гүлдүзар сизге эмне десе, мага айтып келесиз.
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат. Анда Гүлдүзар:
- Сиздин үйүңүзгө ким келди?-деп сурайт.
- Менин үйүмө бир жигит келип, ушундай жасагын деди,-дейт аял.
Анда Гүлдүзар:
-Андай болсо мен ханга айтып тойду токтото турайын. Заар менен көчөгө бир киши чыгарбас үчүн буйрук бердирейин. Өзүм кырк кызды ээрчитип бакка барайын. Ошол жерден мени алып кетсин. Ушундай деп айтып барыңыз,-дейт кыз.
Аял бардыгын Шааысмайылга айтса:
-Жок, сиз кайра барыңыз да мындай деңиз: мейли тоюн токтото турсун, заар менен көчүрүп жөнөсүн. Мен хандан тартып алып кетем, кудурети болсо тартып калсын,-дейт.
Хан Гүлдүзарды алып келе жаткандыгын көрүп, Шааысмайыл алдынан тосуп чыгат да, Гүлдүзарды ала качат.
Хан кабарды катуу салып, артынан куугунтукташып, хандын тулпарлары да кууп жетпейт.
Шааысмайыл менен Гүлдүзар аттан түшүп эс алышат. Артынан хандын аскерлеринин келгендерин Шааысмайыл жеңе берет. Ошентип, төрт-беш күн ошол жерде согуш болот.
Алар жолдон Гүлпаарыга келет. Анда жети күн той жасап, сегизинчи күнү Гүлпаарыны алып жөнөйт. Гүлпаарыга агалары эки тулпар, үч куржун алтын, жана үчөөнө тиешелүү кийимдер, Гүлпаарынын бала кезинен бирге жүргөн күчүгүн кошо беришет. Күчүк бардык жаман, жакшылыкты алдын билет экен. Андан жүрүп отуруп, Рабизаңгага келишет.
Рабизаңга аябаган баатыр кыз болгон экен. Ал карамагындагы элди, шаарды бүт Шааысмайылга бүтүн өткөрүп берет. Ал жерден алынын келишинче алтын-күмүштөрдү, кымбат баалуу таштарды жүктөп алып жөнөйт.
Айылга жакын келгенде Гүлдүзар:
-Биз кайнатабыздыкына барбастан, ушул жерге жай салып туралы-дейт.
Шааысмайыл макул болуп, атасынын айлынан он беш, жыйырма алыстыкта үй салдырат. Анын жайлары кымбат баалуу таштар менен бүтөт.
Хан бир күнү саякатка чыгып, кеч калып келе жатса бир канча алыстыкта абдан жаркыраган кооз жай көрүнөт. Эртеси хан изилдетип жиберсе, уулу Шааысмайылдын жайы болот. Эртеси атасын үйүнө чакырат. Гүлдүзар:
-Кайнатабыз үйгө келсе, бизди көрсөтпө,-дейт.
Хан баласы менен кошо жөнөйт. Шааысмайыл атты жайлаганча хан үйүнө кирип барат да, тамак даярдап жаткан үч аялды көрүп калат. Хан:
-Мен жетимиш-сексен жыл хандык доорон сүрүп, ушул жашка келгиче мындай сулуу аялдарды көргөн эмес элем. Чыныгы аялдар ушулар турбайбы!-деп баласын өлтүрүп, келиндерин алмакчы болот.
Ошол жерден калп ооруп калат. Баласына:
- Мен ооруп калдым, күн сайын келип кабар алып тургун,-деп тамак ичпестен аттанып кетет. Кемпирине барып:
- Балабыз динден чыгыптыр, каапырды алыптыр. Жети ата-быздан бери тозокко түшө турган болдук. Уулду эптеп өлтүрөлү,-дейт.
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат. Баланы чакыртат. Бала жөнөөрдө Гүлдүзар күчүктү кошуп берип:
-Атаңкына барганда күчүктүн кылганын кыл, баскан изин бас,-дейт.
Бала барса, атасы кыңкыстап жаткан болот. Ошол мезгилде энеси бир пиялага бал алып келип, ханга сунат, экинчи пияладагы ууну баласына сунат. Хан балды ичип жиберет. Шааысмайыл ичейин десе күчүк колдон тырмалап ичирбей коёт. Анда атасы менен энеси:
-Эмне үчүн ичпейсиң?-деп сурайт. Мындай оокатты ичип көргөн эмесмин, мага жакпайт,-дейт Шааысмайыл.
Бул сапар өлүмдөн калып, үйүнө кайтат. Экинчи жолу дагы чакыртат. Энеси палоо басып, бир жагына май аралаш, бир жагына уу аралаш палоону экиге бөлүп алып келет. Хан жей баштайт. Күчүк Шааысмайылга жегизбей коёт. Шааысмайыл өлүмдөн экинчи жолу калып, үйүнө кайтат.
Үчүнчү күнү чал ордосунун эшигинен тартып, төрүнө чейиин килем менен төшөйт. Эшигинен төрүнө чейин терең чункур каздырат. Бул чуңкурдун ичине учун жогору каратып, эки шиш темир кактырат. Ал темир шиштердин учу ууланган болот. Ушинтип даярдатып коюп, баласын дагы чакыртат. Шааысмайыл күчүктү астына кое берет. Күчүк килемдин ортосун баспастан чети менен басат, күчүктүн изи менен Шааысмайыл да жүрүп отурат.
Барганда ууланган күрүч берет. Аны да жебей коёт. Ошентип, үйүнө дагы аман-эсен кайтат.
Төртүнчү жолу дагы баласын чакыртат. Хан:
- Балам, мен сени өлгөндө-талганда ак деп, так деп-көрдүм эле. Сен мага ишенбей, күчүктүн бир баласына ишенип калыпсын. Чын сырыңды айтчы, сенин күчүң эмнеде?-дейт.
- Менин эки колумду алтымыш кулач аркан менен артыма байласа, күчүм ошондо, ошону чече албаймын,-дейт бала.
Айткандай хан алтымыш кулач аркан менен Шааысмайылдын колун байлап:
-Башын алгыла!-деп кыйкырат.
Шааысмайыл күйшөнүп койсо, аркан бытырап, үзүлүп кетет. Хан:
- Ии, балам, мен сени катыксын деп жатам,-дейт. Хан экинчи жолу дагы сурайт.
- Алтымыш кулач чынжыр менен колумду аркага байласа, менин күчүм ошондо,-дейт бала.
Хан Шааысмайылды байлатып:
-Алгыла, жигиттер, башын!-деп кыйкырат. Ал күйшөнүп койсо, чынжырдын көзү сайын үзүлөт.
Үчүнчү жолу таарынычтуу, ырайымдуу сөздөр менен баласынан сурайт:
-Менин өлөрүм калып, өсөрүм калган жок, чын сырыңды айт, күчүң эмнеде?-дейт.
Бул сөзгө бала эрип кетип:
-Мен чын сырымды айтайын, Камыртайдын куйругунан биртал кылын алып, эки чыпалагымды бириктирип байласаңыз, менин күчүм ошондо,-дейт.
Аны менен байлатып, хан:
-Алгыла башын!-деп кыйкырганда, Шааысмайыл үзө албай калат.
Хан эки көзүн чукутуп, көзүн көлгө салдырат да, өзүн орго салдырат.
Хан үч келинине: “Шааысмайыл болсо ордо, мага тийсин”-деп кабар айттырат.
-Биз тирүүбүздө тийбейбиз, күчү жетсе, бизди өлтүрүп алсын,-деп келиндери жооп кайтарат.
Ошондо согуш башталат. Хандын аскерлери жеңиле берет. Алар согуша берсин, биз ордо жаткан Шааысмайылдан кабар алалы.
Бул ордо жаткан Шааысмайылга кайдан-жайдан тамак таап, күчүк алпарып таштай берет.
Күндөрдүн биринде бир чоң соодагер келип, ордонун туурасында бир-эки чакырым алыстыкта түнөп калышат. Ал соодагердин жанында дайыма күчүк болот дагы, күчүккө канчалык оокат берсе дагы аны жебестен, тиштеп алып кете берет.
Акырында соодагерлер:
-Бул кандай күчүк?-деп аңдып калышат. Күчүктүн артынан пайчы коёт. Пайчы күчүктүн артынан барса, тиштеп алган оокатты бир жерге алып барып эле таштап жиберет.
Артынан барып караса, бир чоң ордун ичинен бир кишинин добушу чыгат.
- Сен кандай жансың?-дейт.
- Мени ордон чыгарып койгула!-деп суранат.
Бул сөздү угуп, баягы кербен башы соодагерге айтат. Алар төрт качыр менен аркандарды алып, орго барышат. Арканды таштап, качыр менен сүйрөтүп чыгарат.
Ордон чыкканда Шааысмайылдын эки көзү көр, сакал муруту өскөн болот. Аны алып булакка келишет. Ал булактын суусу менен бети-колун, көзүн чайкап отура берет. Күчүк көлгө барып, Шааысмайылдын эки көзүн алып келип берет. Ошол кезде Шааысмайылга түбүндө отурган талдын башына эки көгүчкөн келип конот. Алар кишиче мындай деп сүйлөйт:
-Көздү жакшылап жууп туруп, өз көзүңө сал. Көзгө салгандан кийин экөөбүз куйругубуздан эки тал таштайбыз. Талды эки колуңа ал да, оң колуңдагың менен сол көзүндү, сол колундагы менен оң көзүңдү сыйпайсың. Анда көзүң кадимкидей таза болот.
Шааысмайыл көгүчкөндөр айтканын кылат. Күчүктү ээрчитип кете берет. Жүрүп отуруп эки өгүз менен кош айдап жаткан дыйканга жолугат.
Дыйкан:
- Падышабыз согушуп жатат. Алардын катары мага жакындап калды. Согушка барсам, келемби, келбеймби деп эгин айдап жатам. Сен кимсиң?-дейт.
- Мен баласызга бала болоюн, ботосузга бото болоюн деп жүргөн жанмын,-дейт. Аңгыча эки өгүзү чарчап калат. Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Анан дыйканга:
-Сиздин ордуңузга мен барамын, “менин балам бар, ошол барат” деп айта бергин,-дейт.
Дыйкан:
- Болуптур,-деп баланы үйүнө ээрчитип жөнөйт. Үйүнө келип, үйүндө болгон бар тамагын берип:
- Балам, сен эмне оокат жейсиң?-дейт.
-Мен кочкор, теке, бука, айгырдын этин жеймин. Дыйкан ал түнү бир кочкору бар экен, ошону союп берет. Аны бүт жеп жатат. Саар менен бир текенин этин жейт. Дыйкан кечте бир букасын союп берет. Бала аны эки күн жейт.
Ошол мезгилде хандан чакыруу кагаз келет да дыйкан Шааысмайылды жөнөтөт. Аялдары Шааысмайылдын келатканын, согушка кирерин билет. Баатыр аял Рабизаңгиге беркилер:
-Шааысмайыл келип азыр согушка кирет. Бирок, алдан-күчтөн тайыган немени этияттагын,-дейт.
Шааысмайыл барып:
-Биз бул хандын баатыр баласынын аты бар деп уктук эле.Ошону берсе, душманын сөзсүз жеңип берем,-деп ханга айттырат.
Атасы Шааысмайылды тааныбай калат. Анткени күчүк көзүн таап келгенде, көздөрүн алмашып салып койгон экен.
Хан бул Шааысмайылдын суроосун канааттандырып атын берди. Атты минип, согушка киргенде, аялы Рабизаңги дароо тааныйт да кача берет. Шааысмайыл Рабизаңгини эңип, хандын астына алып келет. Хан Рабизаңгини желдеттерге башын алганга буйрук кылат. Муну угуп турган Шааысмайыл.
-Ханды кармагыла!-деген буйрукту берет.
Ошентип нисапсыз хандын ниети өз башын жоготкон экен.


Кыргыз